Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Темиралиев: Мигрант менен ишкерге көпүрөбүз


"Кенч казына" акционердик коомунун жетекчиси Умбриэль Темиралиев Стамбулдагы кыргыз ишкерлери менен жолукту.
"Кенч казына" акционердик коомунун жетекчиси Умбриэль Темиралиев Стамбулдагы кыргыз ишкерлери менен жолукту.

Расмий маалыматтарга таянсак, эмгек мигранттары Кыргызстанга жылына 2-3 млрд. доллардан көп акча салышат. Ал каражатты туура пайдаланып, ишкерликке жумшоого жардам берчү "Кенч казына" акционердик коому түзүлдү.

Инвестициялык капиталды максаттуу пайдалануу үчүн мигранттардын “Кенч казына” акционердик коому түзүлүп, алгачкы акциялары сатыла баштады.

Коомдун жетекчиси Умбриэль Темиралиев өткөн ишембиде “Кыргызстан достук жана маданият уюмунун” чакыруусу менен Стамбулдагы кыргыз ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

"Азаттык" : Умбриэль мырза, долбоор кандайча пайда болду. Дегеле, силер түзгөн акционердик коомдун максаты эмне?

Темиралиев: Кыргызстанга ушу күндө мигранттар 3 жарым миллиардга жакын доллар которот. Бирок анын 80-90% күнүмдүк жашоого короп кетет. Болгону 10-15% гана инвестициялык капиталды түзөт. Тилекке каршы, ал дагы туура эмес колдонулат. Биринчиден, той-ашка жумшайбыз. Экинчиден, Жапониядан же Америкадан болобу, эски машине алган адатыбыз бар. Эң туура колдондук дегенде турак-жай же мал сатып алабыз. Мындан тышкары башка инвестициялык кыймыл-аракеттер жасалбайт. Андай план болгон күндө да, инвестициялык инструменттер жок.

Бизде чакан жана орто бизнес менен алектенген ишкерлер бар. Ишкерлик көп каражатты талап кылат. Бирок аны табуу оңой эмес. Банктан кыска мөөнөткө гана акча алууга болот, бирок анын үстөгү өтө жогору. 2-3 жылга насыя алган ишкер анчейин көтөрүлө албайт. Андай бизнесмендер үчүн чет өлкөлөрдө ар кандай фонддор бар. Тилекке каршы, Кыргызстанда бир да мындай фонд жок.

Ошентип, бир тарапта каражатка муктаж ишкерлер, экинчи тарапта инвестициялык капиталды туура эмес колдонгон эмгек мигранттары турат. Биз алардын ортосуна көпүрө болууну максат кылдык.

"Азаттык": Азыр бул иш кайсы этапка келип калды?

Темиралиев: Мындай иш Кыргызстан эгемендик алган 20 жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу жасалып жатат. Андыктан бизге Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматтын суроолору көп болду. 4-5 айга жакын текшеришти. Документтердин бардыгы такталгандан кийин инвестицияны экинчи каттоодон өткөрдүк. Азыр миң акцияны сатууга уруксат алдык. Бир акциянын баасы - 50 миң сом. Аларды жарым жыл ичинде сатуу планыбыз бар. Эгер 6 ай ичинде бул акцияларды сатып бүтүрсөк, 50 миллион сом топтосок, ошол каражатты ийгиликтүү ишкерлерге инвестиция кыла баштайбыз.

"Азаттык":
Акцияларга кызыккандар көппү?

Темиралиев: Ооба, кызыккандар көп. Бул идея жаңыдан айтыла баштаганда эле, Түркиядагы бизнесмендерден, жеке адамдардан 200-250 миң долларга талап келди. Бишкектен 100 миң долларга талап түштү. Оштон 50 акция алам дегендер бар. Мисалы, Чикагодогу жердештерибиз менен сүйлөшкөндө 15тен 200 акцияга чейин алам дегендер болду. Азыр сатыкка коюлуп жаткан миң акцияга 500дөй кардар даяр.
Стамбулда Кыргыз консулдугунун жаңы кеңсеси ачылды.

XS
SM
MD
LG