Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

“Альфа Телеком”: жаңы ысымдар аталды


"Мегаком" компаниясы бир топ убакыттан бери жаңжал чордонунда
"Мегаком" компаниясы бир топ убакыттан бери жаңжал чордонунда

Жогорку Кеңештин 7-июндагы сессиясында “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев экс-президент Роза Отунбаеванын уулунун “Альфа Телекомдогу” коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп билдирди.

Депутаттын айтымында, анын колуна “Альфа Телекомдогу” кыңыр иштерге экс-президенттин уулу Атай Садыбакасовдун катышын тастыктаган маалыматтар түшкөн:

- “Мегакомдон” чыгарылып кеткен 6 миллион доллардын 2 миллион доллары Азамат Мурзалиев менен экс-президент Роза Отунбаеванын балдары түзгөн Германиядагы ишканага түшкөн. Бул боюнча бизде маалыматтар бар. Эгерде булар чын болсо, биз коомчулукту ушул маалымат менен камсыз кылышыбыз керек. Себеби “Мегакомдогу” коррупциялык схемага мурда мамлекет башында турган адамдын уулу аралашып жатат.

Оппозициячыл саясатчы өлкөнүн Башкы прокуратурасы менен УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызматы бул маалыматты тезинен текшерип, чара көрүүгө чакырды. Бул органдар болсо саясатчынын маалыматы тергөө жүрүшүндө сөзсүз эске алынарын белгилешүүдө. Бул тууралуу Коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Доомат четке кагылды

Ошол эле мезгилде депутаттын айткандарын Роза Отунбаеванын улуу Атай Садыбакасов жана Азамат Мурзалиевдин адвокаттары төгүндөп жатышат. Садыбакасов “Азаттыкка” буларды белгиледи:

- Биринчиден, мен Азамат Мурзалиевдин баласын тааныбайм. Экинчиден, Ташиев мырза кайсы акча жөнүндө айтып жатканын түшүнө албай турам. Үчүнчүдөн, депутаттар, айрыкча фракция лидерлери кайсы бир маалыматты айтканда имиш сөздөргө эмес, далилдүү факттарга таянса дейм. Меним оюмча, мындай ушак таратуу ага деле эч кандай кадыр-барк алып келбесе керек. Эгер чынында эле мыйзамсыз акча чыгарып кетүүгө байланышым тууралуу далилдери болсо, тартип коргоо органдарына кайрылсын, ушул органдар мунун чын-төгүнүн териштириши керек.

Ушул жылдын январь айынан бери мамлекетке ири зыян келтирген деген айып менен УКМКнын тергөө абагында кармалып турган “Альфа Телекомдун” мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиевдин адвокаты Виктория Каргабаева Ташиевдин дооматын "күлкү келтирерлик" деп сыпаттады:

- Бул болбогон кеп да. Мурзалиевдин балдары эрезеге жете элек болсо, анан кантип өз ишканасы болсун? Менин билишимче, балдардын эң улуусу 12 же 13 жашта. Ошондуктан бул такыр эле акылга сыйбаган нерсе.

Ал ортодо Камчыбек Ташиевдин дооматына өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да өз жообуна кайтарууга жетишти. Бабановдун айтымында, “Альфа Телеком” боюнча соттун чечими чыга электе айрым саясатчылар ар кимге ой келди айыптарды тагып, саясий оюнга айландырышты:

- Бул ишке ким аралашкан, кимдин катышы бар экенин соттун чечиминен соң гана дайын болот. Ал эми имиштерге гана негизделген ар кандай абсурддук билдирүүлөр менен божомолдор бизде илдетке айланып калды. Меним оюмча биздин эл өзү жыйынтык чыгарат жана депутаттардын кимиси базардагы аялдарга айланып бара жатканын түшүнүшөт.
Депутаттар, айрыкча фракция лидерлери кайсы бир маалыматты айтканда имиш сөздөргө эмес, далилдүү факттарга таянса...

Камчыбек Ташиев айтып чыккан “Альфа Телекомдон” чыгарылган 6 миллион доллардын дайын-дареги өткөн айда белгилүү болгон эле. Анда бул ишти тергеп жаткан УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызмат 2011-жылы аталган компания Кытайдан жабдык сатып келүү шылтоосу менен 31 миллион доллар чыгарып, анын 6 миллионун компания башындагылар өөнөп калганын жарыя кылган.

Андан аз өтпөй Камчыбек Ташиев ири өлчөмдөгү каражатты чыгарып кетүүдө “Альфа Телекомдун” жетекчилигин калкалаган бийликтеги адамдар турат деп мурдагы президент Роза Отунбаева менен өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун ысымдарын атаган.

Чырдан арылбаган “Альфа Телеком”

Кыргызстандагы эң ири уюлдук оператор “Мегакомго“ ээлик кылган “Альфа Телеком” айланасындагы чыр эки жылдан бери токтобой келет. Алгач 2010-жылдагы апрел ыңкылабынан соң бул компаниянын акциялары үчүн орусиялык Penwell Business Limited компаниясы менен Борбордук Америкадагы оффшордук аймакта катталган Serpeus жана Southfield компаниялары күрөшкөн эле. Натыйжада америкалык компанияларга 51 пайызы калып, 49 пайызы улутташтырылып, мамлекетке өткөн.

Мындан соң компанияга тышкы башкаруучу катары Азамат Мурзалиев баштаган менеджерлер тобу келген эле. Бирок алар жыл айланбай "кирешелүү ишкананын каражатын өз пайдасына жумшаган" деген айып менен камакка алынды. Ал ортодо бул ишканага байланыштуу бир нече кылмыш иши ачылып, бир нече комиссия иликтеп чыкты.

Буга карабастан чырга жакын компанияны саясатташтырууну токтотуу үчүн парламенттеги айрым депутаттар дагы бир комиссия түзүүнү сунуштап жатышат. Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков мурдагы комиссиялар өз ишин чала аткарганы үчүн азыркыдай кырдаал түзүлгөнүн белгилейт:

- Депутаттардын комиссиясы деле, андан кийинки УКМК изилдеп чыккан кемчиликтер көп болгон үчүн мына ушундай түшүнүксүз кырдаал түзүлдү. Мындан улам ар кайсы тармакта кесипкөй адистерден турган комиссия түзүп, мунун чын-бышыгына жетпесек, мындай кырдаал улана берчүдөй.

Ал ортодо “Альфа Телекомдогу” коррупциялык иштерди тергеп жаткан УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы иштин аягына чыгып калганын, жакынкы күндөр Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берерин жарыя кылды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG