Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Бишкекте митингдерге чектөө киргизилди


Ак үйдүн алдына талаптарын айтып чыккандар. 2012-жыл.
Ак үйдүн алдына талаптарын айтып чыккандар. 2012-жыл.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңеш менен өкмөт үйүнүн жанында нааразылык акцияларды өткөрүүгө сот убактылуу тыюу салды.

Пикет-митингдерди чектөө тууралуу сотко шаардагы Биринчи май райондук акимчилиги кайрылган. Айрым укук коргоочулар жана жарандык активисттер мындай чектөө Баш мыйзамга каршы келерин негиз кылып сынга алууда.

Сот чечимине ылайык, 31-марттан 1-майга чейин Бишкектин борбордук аянтында, Жогорку Кеңеш менен Өкмөт үйүнүн алдында пикет, митингге чыкканга болбойт. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун билдиришинче, нааразылык акцияларды тыюунун эки себеби бар:

- Биринчиден, Бишкек шаарынын тургундарынан ондогон, жүздөгөн кайрылуулар болгон. Алар шаардагы ар кандай ушак-айыңдарга, коопсуздук маселелерине тынчсызданып, “качанга чейин митинг боло берет, биз оокатыбызды кылабызбы, тынч жашайбызбы, бала-бакырабыздын коопсуздугун ким карайт?” деп кайрылышкан. Экинчиден, апрель окуяларын да эскерүүгө аз калды. Ага карата ар кандай коомдук, саясий иш-чаралар өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу сот митингдерди өткөрүүнү чектөө тууралуу чечим кабыл алды. Эгерде, соттун чечимин аткарбай пикет-митингдерге чыга турган болсо, анда биз мыйзам чегинде чара көрөбүз.


Бишкекте өткөн нааразылык акциясы.
Бишкекте өткөн нааразылык акциясы.
​Бакыт Сеитов нааразылык акцияларды Максим Горький атындагы гүлбакта өткөрүүгө болорун кошумчалады. Анда да шаардык милицияга алдын ала билдирүү жиберилиши шарт. Сеитов митингдерди чектөө мөөнөтү узарышы ыктымалдыгын эскертти. Ошондой эле пикет-митингдерди өткөрүүгө жай караштырылып жатканын белгиледи:

- Мына жай келгенде эс ала турган кишилер көбөйөт, айыл-ападан атайын келишет, ошолордун баарына тоскоолдук болбошу үчүн, ар кандай нааразылык акциялар үчүн башка жай табууну карап жатабыз.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрага орун басары Абдыманап Кутушев нааразылык акцияларды убактылуу чектөө тууралуу сот чечимин колдоп жатат:

- Коомдо митингдерден, ар кандай каршылык акциялардан чарчаган маанай байкалат. “Болбогон эле нерсени көтөрүп чыгып жатат, жөн эле ишин кылбайбы, ар ким өз ишин кылса эле жакшы болот” деген түшүнүк кеңири таркаган. Ушул багыттан караганда чечим туура эле. Себеби соңку кездери митингдерде локалдык эле маселелер көтөрүлүп, кайсы бир саясий чоң жумушта иштегендердин жеке кызыкчылыгын көздөгөнү көрүнүп турат.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров Бишкекте маал-маалы менен ар кандай нааразылык акцияларды өткөрүп келет. Жарандык активист шаар бийлиги пикет-митингдерди өткөрүүнү чектөө менен мыйзамдарды бузганын айтууда:

- Бул курулай коркоктук. Коркконго кош көрүнөт болуп жатышат. Кантип эле Украинадагыдай кырдаал Кыргызстанда кайталанып калсын. Мыйзамды сыйлабайбыз, мыйзамды кеп кылабыз, ал тууралуу оозубузду көптүрүп көп сүйлөйбүз. Мыйзамдын алдындагы токтомдорду тоодой кылып айтабыз. Митингдерге убактылуу чектөө киргизген менен жарандардын тынч митингдерди өткөрүү боюнча мыйзамын каякка алып барабыз?


Ал арада Улуттук оппзициялык кыймыл Бишкекте тынч жыйындарды өткөрүүнүн чектелишин сындап, билдирүү таратты. Анда сот бул чечимди бийликтин кысымы менен кабыл алган жана Баш мыйзамга каршы келет айтылат.

Нааразылык акциялардын убактылуу тыйылышына байланыштуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюму да кайрылуу даярдады. Уюмдун төрайымы Азиза Абдирасулова соттун бул чечимине Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Башкы прокуратура жана Акыйкатчы институту укуктук баа берип, пикирин билдириши керек деп эсептейт:
- Мен митингдерди убактылуу токтото тууралуу сотко кайрылган Биринчи май райондук акимчиликтин жетекчилерине чалып, байланыша алган жокмун. Аталган райондун соттун чечими боюнча кайра даттануу үчүн, ошол чечимдин өзүн кайдан алышты билбей жатабыз. Райсот болсо бизди экинчи тарап катары карабай жатат. Сотко райондук администрация өзү жалгыз барып эле чечим чыгартып алыптыр. Ал жерге жарандар катышкан эмес.

Кыргызстанда буга чейин да нааразылык акцияларды өткөрүүнү чектөө аракети болгон. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда бул жаатта атайын мыйзам да кабыл алынган. Бул өз кезегинде коомдо чоң талкуу, нааразы пикирлерди жараткан эле.

XS
SM
MD
LG