Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:01

Эл үнү / Коом

Медицина акысыз дегенге ким ишенет?

Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүү акысыз дегенге ишенесизби? Сиз ноокастап калганда бекер дарылаган күн болду беле? Саламаттыкты сактоо тармагын акылуу кылып, бирок сапатын талап кылуу керек деген көз карашка кандай карайсыз?

Текст көлөмү - +
“Арай көз чарай” талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова, КАМЭК менчик клиникасынын ээси, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун байкоочу кеңешинин жетекчи орун басары Эркин Маматов жана аталган фонддун башкы адиси Бакыт Шамырканова.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстанда медициналык кызмат акысыз деп айтса болобу?

Надира Нарматова: Бул бүгүн эле келип чыккан суроо эмес. Бул эгемендүүлүк алган 20 жылдан бери элдин жүрөгүн өйүткөн маселе.

Медицинада элди тейлөө, камсыздоо багытындагы иш күндөн-күнгө өрчүп отуруп, ушул деңгээлге жеттик. Мунун бардыгы биздин акыркы мезгилдеги мамлекеттик башкаруудагы бир багыттагы системалуу башкаруунун жоктугунан башаламандык болуп атат.

​​“Азаттык”: Конституциянын 47-беренесинде, акысыз медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдик шарттарындагы медициналык тейлөө мыйзамда каралган, "мамлекеттик кепилдиктердин чегинде жүзөгө ашырылат" деп жазылып турат. Бул кайсы бир чекке чейин мамлекет төлөйт дегенди түшүндүрөбү? Деги эле мамлекеттик кепилдик деген эмне?

Бакыт Шамырканова: Мамлекеттин мыйзамынын, өкмөттүн токтомунун негизинде саламаттык сактоо системасында мамлекеттик кепилдик программасы ишке ашырылып келатат. Ал программанын алкагында медициналык тейлөөнүн кээ бир түрлөрү, көлөмү, шарттары аныкталган. Ошонун негизинде жарандардын көпчүлүк учурда өзүнүн укугун билбегендиктен өз көңүлүнөн берген каражаттар болуп келет.
Себеби калп айтканды токтотуш керек, баары бир төлөп аткандан кийин мыйзам түрүндө төлөнө турган кылыш керек.

Ал программанын алкагында кээ бир медициналык тейлөөлөр 52 категория жарандарыбызга бардык деңгээлде акысыз деп көрсөтүлүп кеткен. Биздин үй-бүлөлүк дарыгерлердин жолдомосу болгон учурда медициналык тейлөө акысыз көрсөтүлөт, кээ бир төлөмдү төлөп көрсөтө турган шарттар да анын ичинде камтылган.

“Азаттык”: Эркин мырза, коомчулукта саламаттыкты сактоо тармагын бекер эмес, акы төлөгөндөй кылыш керек, ошондо бул тармактагы кызмат көрсөтүү сапаты жогорулайт деген пикирлер да жок эмес. Сиз ушуга макулсузбу?

Эркин Маматов: Мен ушул тармакта иштегендиктен ички дүйнөмдө тынчсыздануу, нааразылык пайда болот. Бул совет доорунан бери келатат, совет доорунда медицина бекер болгон эмес. Өкмөт алмашып атат, алар деле калп айтып жүрүп өтүп кетишти. Эми деле ошол сөз кайталанып атат. Бул өйдө жакка тиешелүү болуш керек. Себеби калп айтканды токтотуш керек, баары бир төлөп аткандан кийин мыйзам түрүндө төлөнө турган кылыш керек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Aiym каяктан: Italya
22.01.2012 02:41
Bizde Kyrgyzstanda olgon adamga spravka alyw y4yn ak4a beriw kerek. Bolnisalarda soz jok. Ak4an jok bolso olyp kalasyn. Ki4inekei baldar 5ka 4ejin beker dep koiuwat,anyn baary jon ele soz. Men balam menen jatkanda ak4a suudai ketii. jada kalsa fiz.rastvor jok bolnisada. Al emi italiyada baardyk adamdarga mamile birdei.Daaryny birin satyp alsan birin beker beret. Biz ka4an jetebiz uwundai jawoogo?

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
17.01.2012 18:55
Эжем сокур ичеги болуп больницага жатып калды барсак, эле 2 больницада приемныйда врачтар очередь менен келген кишилерди карап анан операция жасашат экен, больницага акча толосон деле врач мага операция кылганым учун 5000 сом бересин деп эле ачык эле айтты эч нерседен коркпой, ошондон кийин ойлоп калдым Кыргызстанда оорубаш керек орусан акчан жок болсо сени эч ким карабайт.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.01.2012 16:58
Бекер мед.жардам бар дегенге азыр апенди да ишенбейт. Акчан бар болсо эптеп септеп сакайып кетишин мумкун,акчан жок болсо акырет коздоп кете бересин пешенеге жазган ушул экен деп.Андыктан колдон келсе оорубастын аракетин кор

кимден: Ramis каяктан: Munich
17.01.2012 03:08
Urmattuu Kanymgul Elkeeva, siz elder telefon chalganda, alardyn sozun kert bolup, suroosun toluk bergege mumkunchuluk berbeisiz dep oiloim. Antkeni men sizdin beruulordu kop ele ugam, birok sizdin alyp barganynyzga toluk kanaattanbaim da. Elderge bir az sylygyraak mamile jasasanyz jakshy bolmok. Rahmat

кимден: Meerim каяктан: Evropa
17.01.2012 02:47
En sonyn syrooo kozgoldyy.Ech jerde beker ookat jok,, Evropadagidai den-soolyk straxovkasin yushtyrysh kerek.Mindai bolgondo elder vrachka emes,srahovka kompaniasina toloit.Ech kandai budjed jok bolso,bizdi kim beker daarilait?Ooryna jarasha srahovaia kompania bolnisaga akcha bolyp beret,,Mina yshyl den soolyk strahovaia kompaniasi bizde jok,,bolgon kyny da al akchalar chontoko ketet,,,Korypsia problemasinan biz kytylbai kaldik go.

кимден: Бурулай каяктан: ош
16.01.2012 09:26
Ооруп доктурга барсаң киргениңден баштап акча бересин.Бербесең сени эч ким карабайт.Эң взятканы көп алгандарга врачтар кирет.Ден соолугуң үчүн бересиң да аябай.Ошон үчүн врачтар корпой туруп эле мынча алып келесин дешет.Булардын дээрлик бардыгы бай турушат,себеби взятканы аябай алышат.

кимден: Дария каяктан: KG
15.01.2012 22:41
Биз быйыл иш боюнча Кызыл-Кыяга кочуп келгенбиз. Врачка барып,учетко турсам, мага список жазып берди: 2 даана жаза турган кагаз(писчая бумага),10даана А4 барагы, рулон салфетка,2 даана клей алып кел деп(!) оозумду ачып эле калдым. Силерге булар берилиш керек да десем, врач Бишкектен келе жатып,Баткенге булар жетпей калат дейт. Тобооо! Кандай кунго туш болгонбуз!?

кимден: Maia
14.01.2012 21:04
Кыргызда "Закон буйдалаган төө" деген кеп бар. Мыйзам жүзүндө баары жакшы, практикада теңирден тескери. Мыйзамда жазылган "беш жашка чейинки балдар акысыз тейленет" деген. Ал эми медпунктка барсаң, бардыгына акча төлөш керек, жадегенде шприц, спирт жана ийне салгандыгы үчүн. Жеке бейтапкана болсо мейли дейсиң, ал эми бул иштер мамлекеттин карамагында турган, мамлекеттен айлык алган бейтапканаларда болуп жатпайбы? Министр башкы дарыгерден, ал карамагындагы бөлүм башчылардан, алар бейтапканадагы медкызматкерлерден катуу талап кылып, мыйзамды бузгандардын бир-экөөнү иштен кетирсе эле, мен ойлойм, калгандары закондун чегинде иштөөгө аракет кылат деп.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу