Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:00

Эркиндик / Сөз эркиндиги

КТРКдагы нааразылык: кимисиники туура?

Коомдук телерадиокомпаниянын бир катар кызматкерлери пикетке чыгып, баш директордун радио боюнча мурдагы орунбасары Кадыр Кошалиевди кызматына кайра коюуну талап кылышты.

Коомдук телеканалдын имараты.
Текст көлөмү - +
Анын алдында Коомдук каналдын байкоочу кенеши башкы директордун жаңы орунбасарларын дайындоосуна уруксат берген эле. Коомдук каналдын башкы жетекчисинин мурдагы орунбасары Кадыр Кошалиев "Азаттыкка" өз жактоочуларынын нааразылыгынын жөн жайы жана коюп жаткан талаптары тууралуу айтып берди.



"
Азаттык": Сиз КТРКнын байкоочулар кеңешинин ишмердүүлүгүнө эмне себептен канааттанбай жатасыз?

Кадыр Кошалиев: Биринчиден, байкоочулар кеңеши революциядан кийин, стабилдүү эмес мезгилде өтө шашылыш түзүл калган. Байкоочулар кеңеши жөнүндө жобо да алешем. Мисалы башкы деректирди шайлоодо жөнөкөй көпчүлүк добуш менен бекитилет дейт дагы анан алардын орун басарын бекитүүдө үчтөн эки добуш менен деп жүрөт. Кыскасы жобо дагы алешем. Андан сырткары ошол байкоочулар кеңешине талапкерлерди тандоо дагы өтө шашылыш жүргүзүлгөн, көбүнчө ушул медиа рынокто иштеген корпоративтик кызыкчылыктары бир адамдар келип калшыты. Анын үстүнө адискөй эмес, телерадио тармагын билбеген адамдар келип калышты. Мына бүгүн коомдук телеканалга айландык дешет дагы эртеден бери ошол коомдук биринчи каналдын алдында пикет болду. Чыгып "Ала-Тоо" программасынан тартып, эфирге беришкен жок. Анан каяктагы коомдук, каяктагы оперативдүүлүк, каякты чындык, адилеттүүлүктү айтабыз дейт, мен түшүнбөйм.

"Азаттык": КТРКда иштеген кызматкерлер жана өздөрүн коомдук демилгечилер атаган адамдар сизди кызматта калтырууну талап кылып пикет өткөрүшүптүр. Ал адамдарга сиздин кандай тиешеңиз бар, анан ошол пикеттин өтүшүнө сиздин салымыңыз канча болду?

Кадыр Кошалиев: Биринчиден, ошол жамааттын реакциясы, экинчиден ошол пикетке чыккан адамдар негизинен мекенчил, улутчул адамдар. Биз жакында Ош шаарында элдик курултайды өткөрүү боюнча элдик жыйын өткөрүп келдик. Ошол жерде мекенчил багыттагы биздин замандаштар айтты: "Бул сенин жеке маселең эмес, андыктан сен өз позицияңда бекем тур, биз бул боюнча өзүбүздүн пикирибизди билдиребиз. Ал жерде сен жалпы элдик, улуттук маселелерди көтөрүп аткансың, кесибиң тажрыйбаң боюнча туура келесиң, демек сен иштөөгө милдеттүүсүң, ошондуктан биз бул маселени көтөрөбүз", дегенде мен алар менен макул болгонум чын.

"Азаттык": Сиз ошол радио жаатындагы орун басарлык кызматка татыктуумун деп эсептейсизби?

Кадыр Кошалиев: Мисалы акыркы жылдарда кээси Ош базарда картошканы сатып алгандай кызматты сатып алган адамдар, анан кызматты саткан адамдар бар экени жашыруун деле болбой калган. А бул кызмат, бул иш - менин кесибим. Беш жыл теориясы, он беш жыл практикасында келатам. Демек мен өз ордумда отурам деп эсептейм. Ошондуктан ал жердеги беш ай иштебегениме карабастан көпчүлүк менин кесиптештеримдин колдоп чыкканынын өзү эле менин өз ордумда экенимди билгизип турат.

Бул окуя боюнча өз ой-пикирин Коомдук телерадиокомпаниянын жетекчиси Кубат Оторбаев да “Азаттыкка” билдирди:

Кубат Оторбаев: Кадыр Кошалиев мырза өзү байкоочу кеңешти таратсак деген пикирин мурда эле айтып жүргөн. Ал башкы деректирликке өзүн сунуш кылганда дагы, андан мурда, андан кийин дагы, менимче ошонусун мындан ары да күчөтүп улантам деп атат. Бул байкоочу кеңеш убактылуу өкмөттүн декрети менен кабыл алынган жобонун негизинде убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан кырктан ашык элүүгө жакын кишинин ичинен тандалып алынган болчу. Эми мындан аркы тараш-тарабашын биз чече албайбыз. Муну айта турган атайын органдар бар. Президент бар, Жогорку Кеңеш бар жана коомчулук бар.

"Азаттык": Кадыр Кошалиевди кызматтан алуу чечимин эмненин негизинде кабыл алгансыз?

Кубат Оторбаев: Радио өзү өнүгүүнүн жолунда кетип бара жатат. Кадыр Кошалиев мырза мурдагы орун басар Султан Каназаровду президент Роза Отунбаева маалымат катчы кылып алып кеткенден кийин ошол тараптан сунушталып келген. Биз алты айдай иштештик окшойт. Жаман иштешкен жокпуз, ынтымактуу иштештик. Бирок радио эми башка багытка өнүгүп өсүш керек, ушундан улам жамааттын өзүндө ар кандай пикирлер болуп келгендиктен биз Кадыр Кошалиевди бул орунга ылайык көргөн жокпуз.

"Азаттык": КТРКнын алдында Кадыр Кошалиевди колдогон пикет өткөн экен. Кадыр Кошалиевдин айтымында бул иш-чараны сиздердин корпорациянын кабарчылары тасмага түшүрүп алышыптыр, бирок эфирге кирбептир. Анан мунун эмнеси коомдук телеканал деп Кадыр мырза суроо салып атат?

Кубат Оторбаев: Биринчиден, Кадыр Кошалиев боюнча пикирди сурап бизде иштебеген он бештен ашык киши келишиптир. Мен алардын тогузун кабыл алып сүйлөштүм. Бирок биз тартып алган эмес экенбиз, тартып алса башка компаниялардын тартып алса керек. Биз аларга репортажга сүйлөп берүүнү кийин сурандык. Бирок алар андан баш тартышты. Ошондуктан биз эч кандай маалымат бербей турууну туура таптык. Бирок башка жактарга интервьюларды берип эле атам. Анан экинчиден, мындай да сөз болуп жатпайбы жамаат колдоп жатыптыр деп. Ал жерде колдогон канча адам бар экендиги да белгисиз. Жанагы жаңы дайындалган орун басар Руслан Асанбек уулу биз менен иштебесин деген кайрылууга кырктай адам кол коюп берген, бирок анын бардыгы эле Кадыр Кошалиевдин калышын каалашпайт. Арасында бир-эки киши болушу мүмкүн, бирок Кадыр Кошалиевди баары колдоп атыптыр деген жаңылыштык болуп калат. Ошону да эске алсак.

Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Канат
13.01.2011 12:52
Андай болсо эмне үчүн Асель Мамбетова "Кабарлар" радиосунун жетекчиси деп кеткенден кийин интервью берип жүрөт. Радиого алып келип 6 ай иштебей КТРдин отличниги деген наам алып бергендери, аялын жетекчи күйөөсүн кол алдында режиссер кылып айлык гонарар бергендери эми чындап ачыкка чыкканы калды. Кудай жалгап алар эч жакка кете элек болчу азыркы жетекчилер билбейт эле. Себеби аларга билдирбеш үчүн бардык аракет көрүлгөн.
Пикирге жооп

кимден: rryt каяктан: ijk
14.01.2011 11:47
Bilishimche radiodogular 1-2 jyl murun jakshy ailyk alchu. Kairat Imanaliev, Mirlan Samyikojo,Taalakul Chabdarovalar 25- 30 min somgo chein. Alarga kalys berilchy- ishine jarasha. Anysynyn emnesi jaman- manday teri menen ishtegenin alyshsa? Anan ichi tardyktyn kere jokko, kyrgyzdar.
Пикирге жооп

кимден: ewew каяктан: wewe
14.01.2011 11:40
Kep Aidaralievder jonundo bolso, alar KTRda 6 ai emes andan kop jyl ishtesken. Joldoshu TV da ozu radiodo. Anday mykty rejisser ayim 100 jylda bir tuulat. Kyrgyzdar kachan koldo bar altyndy baalagandy uironosunor?

кимден: rrr каяктан: rrrr
12.01.2011 21:09
Билишимче Аселдин кеткенен бери, дагы 2 жетекчи алмашты, ал эми анын командасындагы балдар- кыздар ошол эле учурда 7 -нен эле кийин кетишкен. Алар мыкты балдар - кыздар болчу. 1 эмес 4-5 тил билген, АКШда, Кытайда билим алышкан мыкты дасыккан профессионалдар, кыргыздын патриоттору богон жаштарды чогулткан. Алардын баары Асел менен эле чогуу кетишкен. Ал эми Руслан деген жигитти Оторбаев озу сунуштап жатпайбы. Баардыгын эле отконго шылтабай озулорун деле карашпайбы, канча адмады андан бери алмаштырганга жетишишти? экоо тил табышпай калса эле мурдагы жетекчи куноолубу?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.01.2011 19:02
Кубат Оторбаев мырзаны биз акыркы жылдарда эле теледен коруп калдык, ал эми Кадырбек Кошалиевди биз бала чагыбыздан билебиз. Мунун айтканымдым себеби кимдин ким экендигин мезгил озу электен откоруп ириктерин гана озундо калтырып, жараксыз майдаларын суруп салат. Кадырбек Кошалиевди мен электе калган ирилердин катарына кошом элем, анткени ал ушул убака чейин иштеп эле келе жатат (бул менин жеке ойум). ал эми Кубат мырза болсо "Жаны шыпыргы жаныча шыпырат"- деген макалдын эле тируу мисалы деп санайм

кимден: Айка
11.01.2011 17:45
Ушу адамдардын догурунуп, ар кимге акча берип митинг-пикеттерди уюштуруп, татыктуу эмес болсо да эптеп эле кресломду ээлеп калайын дегендер тажатты чыны. КТРКдагы уч радионун жуздой кызмакеринин канча проценти Кошалиевдин калуусун каалайт деген анкетирование жургузсо, анын жыйынтыгы Кошалиевдин пайдасына чечилбеси анык. Орусча айтканда "красиво" кеткенди дагы билиш керек го акыры. Анан дагы, улуттук деген статусту КТРКга беруу керек деген талап-канал мурдагыйдай бийликтин камчысын чабуусу керек деген эмеспи...Соз жок айтор.

кимден: Апа каяктан: Ала-Тоо
11.01.2011 13:49
Ким келип иштесе да угуучулар учун,коруучулор учун жогорку денгээлдеги профессионалдын иштегени жакшы. Бир суйломду оз созу менен суйлой албай турса кагазды карап,анда кызыктын баары тарайт.Ал берууну коргун да ,уккун да келбейт.

кимден: Канатбек
11.01.2011 09:30
Кептин баары Руслан Асанбек уулу деген белгисиз жигиттин орун басар болушунан чыкпадыбы. болбосо Кошалиевден башка татыктуу адам болгондо бул чыр чыкмак эмес.К.Кошалиев дагы минтпейт болчу. Оторбаевдин башын айлантып радио тынч,радио сонун дей беришип эми Оторбаевди кайра "крайний" кылып жатышат. Аселдин балдары.аман эле болушсун!!!

кимден: KG.MAJIT каяктан: NEW YORK
11.01.2011 01:59
КОШАЛИЕВ ДЕП КОЙГУЛАЧЫ УВАЖАЕМЫЕ КАМИСИИ
Пикирге жооп

кимден: kg.surgut
20.01.2011 12:53
kg.majit toluk ele kgca ele jazsan bolmok,uyat kylbay!

кимден: KG.MaJiT каяктан: NEW YORK
11.01.2011 01:56
К.КАЙНАЗАРОВ.ага шылтоо болсо еле митинге чыгуу емес да.Акыркы убактарда кыргыз елим митингди салтка айлантчу болду. ех кыргызыыымм.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)