Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Журналист тууралуу тасма чыры


Адилет Айтикеев
Адилет Айтикеев

Интернетте оппозициячыл журналист Адилет Айтикеевге байланыштуу чуулгандуу тасма тарады.

Кыргызстанда буга чейин да белгилүү саясатчылар, көрүнүктүү адамдардын жеке жашоосунун купуялуугуна шек келтирген тасмалар жарыяланып кеткен эле.

“Искра” гезитинин баш редактору Адилет Айтикеев жеке жашоосуна байланыштуу чуулгандуу тасманын жарыяланышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Анын пикирлеши, “Прогресс” коомдук фондунун башчысы Адил Турдукулов муну бийликтин атайын уюштурулган чагым деп эсептейт:

- Атайын кызматтар колдонгон аппарат менен тартып алганы мыйзамсыз. Биз муну бийликтен көрөбүз. Алар өздөрүнүн саясий оппоненттерине, саясатчыларга ыплас ыкма колдонгону бийликтин алсыздыгын көрсөтөт. Мен ал окуянын кандай болгонун жакшы билем, атайын чагым кылып, ошондой жайга атайын алып барышкан. Албетте, бул бизге, бийликке сын айткандарга карата да кандайдыр бир белги болду. “Силердин артыңардан карап турабыз, байкап-аңдып турабыз” деген эскертүү болду окшойт.

Ал эми талдоочу Турат Акимов тасманы жарыялоо Айтикеевдин журналисттик жана саясий ишмердигине байланыштуу деген ойдо:

- Чындыгында ким болбосун бирөөнүн жеке турмушу бирөөгө кызык эмес. Ошондой тасмаларды атайын тартып, жарыялап жиберсе, анда анын артында сөзсүз бир максат турат. Адилет Айтикеев өзү саясат жакта көп жүрүп калат. Муну атайын бирөөлөр көзөмөлдөп, атайын ушунун баарын уюштуруп, тигил тасмадагы кызды деле жалдашы мүмкүн. Андай тасманын жарыяланып кеткен эң башкы себеби эле анын саясий чөйрөдө жүргөнү болушу мүмкүн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет интернеттеги соңку чуулгандуу тасма тууралуу, чекисттердин дарегине айтылган доомат боюнча азырынча үн ката элек.

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ринат Самудинов журналисттин жеке жашоосуна байланыштуу айрым жагдайлардын тымызын жаздырылып, жарыяланышын жактырбайт.

- Мындай ыкманы бийликтин ичиндеги кайсы бир күчтөр колдонушу мүмкүн. Бирок далилденбегенден кийин айтуу кыйын болуп жатат. Эгер чындап эле бийлик ушундай ыкма колдонсо анда бул туура эмес. Адамдын жеке жашоосуна кирбей, идеялардын, программалардын кагылышы болсо туура болмок. Бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар биздин саясий маданиятыбыздын деңгээлин көрсөтүп жатат. Бул, албетте, өкүндүрөт. Ар бир адамдын жеке жашоосу бар, ага кирише берүү туура эмес.

Кыргызстанда жеке жашоонун купуялуугуна шек келтирген чуулгандуу тасмалар буга чейин да чыккан. 2013-жылдын этегинде ошол кездеги муфтий Рахматула ажы Эгембердиевдин да интимдик байланышы тартылган видео чыгып, Эгембердиев ал никелешкен жубайы экенин айтып, түшүндүрмө берген.

Журналист Айтикеев мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда жаш оппозиционер катары таанылган эле. 2007-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына отуруп чыккан. Ал ошол кезде “Канжар” жаштар уюмунун лидерлеринин бири болгон жана ага оппозициянын нааразылык акциясында баш аламандык уюштурган деген айып тагылган.

Адилет Айтикеев азыр “Искра” гезитинин баш редактору жана оппозициячыл журналист катары белгилүү. ​

XS
SM
MD
LG