Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

КТРК орус телеканалына олчойгон акча төлөйт


Орусиянын Биринчи каналы.
Орусиянын Биринчи каналы.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети орусиялык биринчи каналдын сигналдарын Кыргызстанга таратуунун чыгымдарын казынадан каржылоону токтотууну өкмөткө сунуштады.

Кыргызстандын коомдук биринчи каналынын байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү да чет элдик телеканалдын көрсөтүүлөрүн таратууга каражат бөлүү улуттук таламга каршы келет деп сындап чыгышты. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги ал эки тараптуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлгөнүн белгилеп, аны аталган телеканалды көрүүгө кызыкдар республиканын калкынын кызыкчылыгы менен байланыштырган билдирүү таратты.

Артыкчылыктын артында эмне бар?

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрага орун басары Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстандын Коомдук биринчи каналынын бюджетинен Орусиянын Биринчи каналын көрсөтүүлөрүн таратууга жылына элүү миллион сом бөлүүгө каршы.

Депутат Абдрахманов Кыргызстанда берүүлөрүн тараткан чет элдик телеканалдар үчүн бирдей шарт болушу керек экенин белгиледи:

- Бюджеттик комитеттен ага каражат бөлүнбөсүн деген чечим кабыл алдык. Аны өкмөт эске алабы же жокпу белгисиз. Ошон үчүн биз аны токтотушубуз керек. Ал башка орусиялык телеканаладар сыяктуу эле трансляция үчүн өзү төлөшү керек. Мына азыр НТС, “Бешинчи канал” сыяктуу телеканалдардын бардыгы өздөрү төлөшөт. А эмне үчүн Орусиянын Биринчи каналы үчүн биздин казынадан каражат жумшалыш керек. Бул жерде эмнеге мынчалык үстөмдүк кылышат.

Орусиянын Биринчи каналынын 51 пайызына федералдык өкмөт ээлик кылат. Анын калган 49 пайыз үлүшү орус олигархтары Роман Абрамович менен Юрий Ковальчука таандык. Телеканалдын бюджети бир миллиард долларга барабар болуп, жылдык таза кирешеси жүз миллион доллардан ашуун.

Кендирди кескен келишим

Орусиянын элчилиги телеканалдын берүүлөрүн таратууну Кыргызстандын калкынын кызыкчылыгы менен байланыштырган билдирүү таратты. Ошондой эле элчилик бул боюнча 1996-жылы бекитилген келишимдин шарттарын эске салган. Кыргызстанда анын берүүлөрүн таратуу Коомдук биринчи каналга (КТРК) милдеттендирилген. Орусия Биринчи каналынын берүүлөрүн таратууга кеткен чыгымдын өлчөмү башында он миллион сомду түзгөн.

Коомдук Биринчи каналдын башкы директору Кубат Оторбаев азыр мына ошол келишимдин шарттары аткарылып жатканын билдирди:

- Ошол келишимдин негизинде биздин Коомдук биринчи канал Орусиянын Биринчи каналынын программаларын таратуу милдетин алган. Мына ошол келишимдин шарттары боюнча Кыргызстан жылына он миллион сом төлөп келген болсо, таратуу акысы жогорулагандан улам азыр анын өлчөмү элүү миллион сомго жетти.

Кыргызстандан айырмаланып, Өзбекстан менен Тажикстанда Орусиянын Биринчи каналынын берүүлөрү кабелдик телеканал аркылуу гана көрсөтүлөт. Казакстанда аталган телеканалдын жаңылыктар блогу кыскартылып, калган берүүлөрү алдын-ала жазылып алынып таратылат.

Мааниси калбаган маалымат коопсуздугу

Кыргызстанда буга окшогон маалымат коопсуздугун бекемдөөчү чараларды көрүүгө мамлекет жетекчилигинин саясий эрки жете элек.

Коомдук Биринчи каналдын байкоочу кеңешинин мүчөсү Илим Карыпбеков бул тууралуу мындай дейт:

- Эки тараптуу келишимде биз таратууга акча төлөйбүз. А Орусиянын Биринчи каналы Кыргызстанга сапаттуу телеберүүлөрдү чагылдырат деп айтылган. Бирок ушул кезге чейин аталган канал тарабынан ар-тараптуу жана калыс маалыматтар берилип жатат деп айта албайм. Бизде өткөн ынкылаптар учурунда жана өткөн коогалаң окуяларда аталган канал Кыргызстан тууралуу кандай мазмундагы маалыматтарды бергенин билебиз. Ал маалыматтардын таасири кандай болгонуна бардыгыбыз күбө болдук. Биз мында маалымат коопсуздугунан да уттуруп койдук. Ал аз келгенсип мына ошого окшогон маалыматтарды таратуу акысын дагы өз чөнтөгүбүздөн төлөп келеатабыз.

2010-жылдан баштап Орусиянын Биринчи каналынан жарнамалар кетпейт. Ага чейин телеканал “Айрек” жана “Лента” деген агенттиктерге жергиликтүү жарнамаларды кабыл алуу укугун берип келген. Илим Карыпбеков орусиялык Биринчи канал өзүнүн талабын таңуулаганын айтып, ага каршы турууда рекламалык рынокту коргоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады:

- Алар өзүнүн каналына жарнама жайгаштырбаганы үчүн Кыргызстан тарап аны таратуу акысын өз мойнуна алышы керек, болбосо ал укуктуу башка компанияга беребиз деп коркутуп-үркүткөн талап койгон. Анткени биздин мыйзамдар боюнча ага чектөө киргизе албайт экенбиз. Ошондуктан биз Кыргызстандын рекламалык рыногун коргоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, алар койуп жаткан талаптарды четке кагышыбыз керек.

Орусиялык Биринчи каналдан айырмаланып, Жалпы орусиялык мамлекеттик телерадио бирлиги (РТР-планета, РТР-культура, “24”) өзүнүн Кыргызстандын аймагына тараткан берүүлөрү үчүн жылына 96 миллион сом төлөп турат.

XS
SM
MD
LG