Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Байкоочу кеңеш КТРКга Жумагуловду тандады


Султан Жумагулов.
Султан Жумагулов.

Бүгүн Султан Жумагулов Коомдук телерадио корпорациянын башкы директору болуп шайланды. ​​КТРКнын башкы директору кызматы үчүн сынакка 10 адам арыз берген.

Талапкерлерге добуш берүү эки айлампа менен өтүп, экинчи айлампада Жумагуловдун талапкерлигин Байкоочу кеңештин 14 мүчөсүнүн 12си колдоду.

Добуш берүүнүн экинчи айлампасына Коомдук телерадио корпорациянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Султан Жумагулов менен Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев чыкты. Ага чейин биринчи айлампада Жумагуловго 9, ал эми Султанбаевге 5 адам добуш берди. Мыйзамга ылайык, башкы директор болчу талапкер Байкоочу кеңештин ондон кем эмес мүчөсүнүн макулдугун алышы керек.

КТРКнын башкы директору кызматы үчүн сынакка жалпысынан 10 адам арыз берген.

Шайлоодон бир көрүнүш
Шайлоодон бир көрүнүш

​Талапкерлер өз программасы менен тааныштырып, суроо-жооп болгон бөлүгүндө эки адам өз талапкерлигин алып салды. Анын бири, КТРКнын кызматкери Космос Чыдынов өз чечимин улууларга жол бошотуп берүү ниети менен түшүндүрдү.

Ал эми аталган корпорациянын дагы бир кызматкери Болот Тиллебаев “кара пиардын” айынан ушундай кадамга барганын айтты:

- Мындан үч күн мурун мага карата, болгондо да мен иштеген КТРКнын Биринчи радиосу “кара пиар” жүргүздү. Алардын мен тууралуу такталбаган маалыматтарды бергени күтүүсүз болду. “Соодалашып” жатат деп жаманатты кылышты.

Сынакка катышкан 10 адамдын арасында талапкер Жээналы Камбаралиев да болду. Ал КТРКнын башкы директору болгусу келген себебин мындайча түшүндүрдү:

- Негизги ресурс журналисттердин деңгээлине жараша болот. Журналисттердин интеллектуалдык деңгээли жогору болуш керек. КТРде чаң-тополоң көп, көчөдөн келгенди деле кызматка ала берет. Бул салтка айланып калган. Тилибиз да таза болуш керек. Мен арданганым үчүн келдим. Менин жумушум бар, Жапонияда иштеп жатам. Кызмат үчүн келген жокмун, КТРди кызыктуу кылып, оңдоо үчүн келдим.

Жаңы жетекчинин стратегиясы

Талапкерлердин арасында төрт айдан бери КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарып келген Султан Жумагуловго суроолор көп берилди. Жумагулов беш кадамдан турган кыска мөөнөттөгү стратегиясы менен тааныштырды. Анда негизинен санариптик берүүгө өткөндөн кийинки иш-чаралар каралган. Ошондой эле структуралык жана мазмундук өзгөртүүлөр кирген:

- КТРКнын ичинде кайнаган турмуш, эбегейсиз зор энергия бар экен. Бирок ошонун бир топ бөлүгү кабинеттерге кирип алып ушак-айың, кимдин эмне кылып жатканын аңдымай сыяктуу нерселерге кетет экен. Ушул нерсе көзүмө дароо көрүндү. Себеби мен ББС, “Азаттыкта” иштегем, мындай нерсе жок, ар ким өз иши менен алек. Мен аларга ушул төрт айдын ичинде “балдар, мындай болбойт" деп, кулактарына куйганга аракет кылдым. Дагы бир жагдай: эл аралык медиа компанияларда универсализм деген күчтүү, бир канча ишти бир эле журналист жасай алат. Бул жакта болсо бир ишке үч-төртөө киришет экен. Анан штат сурап эле жүрө беришет экен. Бул эми эскиче нерсе. Мындан кетишибиз керек. КТРК өз-өзүнчө эле аралдарга бөлүнүп алыптыр. Бири менен биринин иши жок. "Ала-Тоосу" өзүнчө, радиосу өзүнчө, сайты өзүнчө. Бири-бирин жамандашат. Андай болбош керек. “Мен КТРКнын кызматкеримин” деген сезим келгенде, КТРКнын ичиндеги нерсе сыртка ташылбаганда, ар бир продукцияга баары күйгөн кезде оңолуу болот. Негизи мунун баарын жойсо болот.

Байкоочу кеңештин төрагасы Илим Карыпбеков сынактын айланасындагы окуяларды кадимки көрүнүш деп баалады. КТРКнын башкы директору ким болору эбак эле Ак үйдөн чечилген деген сөздөрдү жокко чыгарды:

- Башкы каналдын башкы директору дайындалып жатат. Сынак эч кандай сөз жок, тынч, түрдүү пикирлер айтылбастан өтүп кетсе, ошондо кызыктай болмок. Мына, өзүңөр көрдүңөр, баары эле ачык айтылып жатат. Өзүбүз да жашырган жокпуз, жыйында көп сөз болду. Кээ бирлер “бийликтен көрсөтүлгөн талапкер бар, ошол эле өтөт” деген сөз чыгарышты. "Добуштар сатылып алынды, добуш берүүдө бюллетендерге кандайдыр бир белгилер коюлат" деген да сөз чыкты. Мен мунун баарын такталбаган маалымат деп четке кагам.

КТРКнын мурдагы жетекчиси Кубат Оторбаев ушул жылы август айында өз эрки менен кызматтан кеткен. Анын ордуна ЭлТРдин ошол кездеги директору Султан Жумагулов милдетин аткаруучу болуп келген. Жумагулов ЭлТРге “Азаттыктан” барган.

XS
SM
MD
LG