Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Айгүл Рыскулова мэрдин милдетин аткарат


Айгүл Рыскулова
Айгүл Рыскулова

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүү арызына өкмөт башчы кол койду. Премьер-министрдин буйругуна ылайык жаңы шаар башчысы шайлангыча башкалаа башчысынын милдетин аткаруу Айгүл Рыскуловага жүктөлдү. "Азаттык" Рыскулованын басып өткөн эмгек жолун окурмандарга сунуштайт.

Ата-жөнү: Айгүл Рыскулова Маратбековна.

Туулган жери: Бишкек шаарында 1964-жылы 23-ноябрда туулган.

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси

Билген тилдери: Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.

Билими: 1989-жыл – Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультети;

1995-жыл – Москвадагы Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын бүтүрүүчүсү.

Эмгек жолун 1982-жылы Аламүдүн райондук элдик сотунда курьерликтен баштаган.

1996-1997-жылдары Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин чогултма-экономикалык башкармалыгынын жетекчиси;

1997-2003-жж. – Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин калктын камсыздоо департаментинин жетекчиси;

2003-2005-жж. – Социалдык фонддун аппаратынын жетекчиси.

2006-жыл – Миграция жана жумуш менен камсыздоо мамлекеттик комитетинин төрайымы.

2009-жылы – Эмгек, жумуш менен камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалган.

2010-жылы 7-апрелде отставкага кеткен.

2010-жылы 24-июнда – Убактылуу өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облусундагы кандуу окуя учурунда жабыр тарткандарга жана качкындарга жардам көрсөтүү өкүлчүлүгүнүн өкүлү болуп дайындалган.

2010-жылы, 14-июлда - Эмгек, жумуш менен камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалган;

2010-жылы 31-декабрь – Президенттин кеңешчиси;

2011-жылы 7-февралдан - 23 декабрга чейин Социалдык коргоо министри;

2012-жылы август айында – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жетекчисинин орун басары;

2012–жылы - Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы;

Учурда Бишкек мэриясында социалдык өнүгүү, үй-бүлө жана балдарды коргоо жаатына көз салган вице-мэр.

XS
SM
MD
LG