Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

"Кыргыз Туусунун" редактору алмашты


Буга чейин аны жетектеп келген Бакыт Орунбековдун ордуна Жедигер Саалаев дайындалды.

Бул басылма өкмөттүк эки гезиттин бири. Бирок медиа-эксперттер атаандаштык күчөгөн шартта өкмөттүк гезиттердин болушу зарылбы деген суроо коюп келишет.

29-августта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору жана башкы редактору Бакыт Орунбеков кызматынан бошотулду. Анын ордуна журналист, акын Жедигер Саалаев дайындалды. Саалаев буга чейин президенттик аппаратта иштеп келаткан.

Бакыт Орунбеков өзүнүн кызматтан алынган себеби түшүндүрүлбөгөнүн, өкмөт башчынын буйругун жамаатка маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев келип тааныштырып кеткенин айтты.

- Кызматтан алынышымдын себеби, жүйөсү жана башка жагдайлары түшүндүрүлгөн жок. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев келип, өкмөт башчынын кызматтан бошотулсун деген гана буйругу менен тааныштырып кетти. Мен ага макул болуп, кабыл алдым.

Бакыт Орунбеков “Кыргыз Туусу” өкмөттүк гезит экенине карабай, сөз эркиндигинин негиздерин жетекчиликке алып, коомдогу бардык тараптарга орун берип келгенине токтолду.

- Менин айрым аракеттерим азыркы өкмөткө жакпай калган учурлар болгон. Мисалы, бул маселе эмне үчүн гезиттин башкы планында эмес деген сөздөр айтылган. Бирок мен аларга журналистикада эң негизги нерсе, жаңылык экенин, окуя жана маалымат биринчи орунда болушу керектигин айткан болчумун. Мен журналистиканын негизги стандарттары менен иштедим. Позиция менен да, оппозиция менен да байланышым болду. Алардын пикирин да жарыяладым. Коомдо эмне маселе, же көйгөй болуп жатса, ошонун баарын чагылдырдым. Мисалы, “Кыргыз Туусу” гезитинде ошол эле азыркы өкмөткө оппозиция болуп келаткан адамдардын пикирлери да жарыяланды. Садыр Жапаровдун Атамбаевге жолдогон ачык катын да жарыяладым.

Бакыт Орунбеков “Кыргыз Туусуна” 2010-жылы апрель революциясынан кийин дайындалган. Бирок ал ушул эле гезитке 2005-жылдагы март окуясынан кийин да башкы редактор болуп, бир жылдан кийин саясий негизде кызматтан алынган. Ал жолу да анын ордуна Жедигер Саалаев дайындалган экен.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Бакыт Орунбековду кызматтан алууда саясий же жеке башка максаттар болбогонун, бул катардагы кадр алмаштыруу экенин билдирди.

- Бул жерде кандайдыр бир саясат, көмүскө жасалган аракеттер деле жок. Бакыт Орунбеков гезитти төрт жылдай жакшы эле башкарып келди. Жедигер Саалаев да тажрыйбалуу журналист, илимдин кандидаты. Ал да өзүнүн билимин, мүмкүнчүлүгүн арнап, гезитти жакшы бир баскычка көтөрөт деген үмүттөбүз.

“Кыргыз Туусу” 1924-жылдан бери чыгып келаткан Кыргызстандын туңгуч гезити. Бирок медиа-эксперттер өнүккөн демократиялуу коомдо, айрыкча маалымат алуу мүмкүнчүлүгү кеңейген бүгүнкү заманда өкмөттүк же мамлекеттик гезиттердин болушу зарыл эмес дешет.

Коомдук каналдын байкоочулар кеңешинин мүчөсү, медиа-эксперт Илим Карыпбековдун пикиринде, өкмөттүк гезиттерге ким гана келбесин, системалуу өзгөрүү болбосо, натыйжасы көрүнбөйт.

- Элдин маалымат алуу булактары азыр абдан көп болуп кетти. Эл ошонун арасынан сапаттуу жана акыйкат маалыматты өзү тандап алып калды. Бул маалымат булактарынын ичине өкмөттүк гезиттер кирбейт жана алар атаандаш да боло албайт. Тилекке каршы, дотацияда болуп, салык төлөөчүлөрдүн акчаларын жеп келатат. Бирөө келип, бирөө кетип жатканы-бул жөн эле бирөөнүн көңүлүн алып, экинчисине рахмат айтып кетирмей.

“Кыргыз Туусунан” башка өкмөттүк “Эркин Тоо” гезити да бар. Бул экөө тең негизинен мамлекет эсебинен каржыланат.
XS
SM
MD
LG