Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Кара куурай казынаны толтурабы?


Кыргызстанда маңзат өстүрүү жана сатууга тыюу салынган.
Кыргызстанда маңзат өстүрүү жана сатууга тыюу салынган.

Белгилүү нарколог - дарыгер Жеңишбек Назаралиев кара куурайды мыйзамдаштырып, ачык колдонуу демилгесин көтөрдү. Жергиликтүү эксперттер бул демилгени ишке ашырчу убакыт келе элек деп жатышат.

Кара куурай деген ат менен таанылган марихуана Кыргызстанда маңзаттардын курамына кирет жана аны багып өстүрүүгө, товар катары жүгүртүүгө тыюу салынат.

Нарколог-дарыгер Жеңишбек Назаралиев «Азатыкка» Кыргызстандын ичинде кара куурайды өстүрүп, сатууну ачыкка чыгаруу сунушун айтты. Ал эле эмес бул жараян мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алынып, пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусун мисал келтирди. Профессор Назаралиев "эгер жараян туура жүрсө анда кара куурай өндүрүүчүлөр да, сатуучулар кардарлары менен кошо алаканда көрүнүп турмак" деген пикирде.

Ошол эле учурда өкмөткө караштуу Баӊгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат кара куурайга уруксат берүүгө карманча каршы. Аталган кызматтын расмий сайтында мекеменин жетекчиси Алымбай Султанов колдон келсе, жеңилби же оорбу бардык маңзаттарына байланышкан кылмыш иштери үчүн жазаны оорлотуу керектигин маалым кылган.

Жеңишбек Назаралиев
Жеңишбек Назаралиев
Бирок ошол тескөө органдары тартип коргоочулар менен биригип маңзат айландырууну көмүскөдө жүргүзүп жатат деген пикирин коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева ортого салды:

- Тыюу салуу - бул коррупцияны ойготот. Азыр милиция кызматкерлеринин баары кимдер маңзат сатарын жакшы билет. Жада калса аларды коргошот. Баары көмүскөдө. “Кара полковниктер” дегендер бар. Алар да кара куурай бизнесин калкалайт. Бир кезде аракка тыюу салынганда, аракечтик күчөгөн. Азыр болсо кайра арак ичкендер азайып, ичкендер таза алкогол каалап калды.

Кара куурай көмүскө бизнесинин пайдасын күч органдары да көрүп жатканына серепчи Мирсулжан Намазалиев да кошулат. Ал кара куурай бизнесин ачыкка чыгаруу менен мамлекет киреше да табышы мүмкүн экенин билдирди:

- Чындап эле азыр бул сектор мафиянын, криминалдык топтордун кол алдында деп ойлойм. Аларды байытчу булак болуп келет. Ошол эле учурда мамлекет зыян тартууда. Тескерисинче, алар менен каршы күрөшкөн милицияга, көзөмөл орган кызматкерлерине көп акча сарпталат. Изилдөөлөрдү карап көрсөк, эгер АКШ марихуананы легалдаштыра турган болсо бир эле салыктан 9 миллиард доллар киреше түшөт экен деп эсептешкен.

Ооган талаасындагы кара куурай, 2012-жыл
Ооган талаасындагы кара куурай, 2012-жыл
Бирок Кыргызстандын шартында марихуананын сатылышынан түшкөн пайда анчейин жогору болбойт дегендер да бар. Баӊгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын коомдук байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары Санжар Бекенов:

- Легалдаштыруу бир нече убакытты талап кылат. Анын ичинде түшүндүрүү иштери эле канча ресурсту талап кылат. Экинчиден, бизде кара куурай көп жерде өсөт да. Ошон үчүн бул бизнестен деле мамлекет баар таппайт,-деп билдирди.

“Кара куурайды мыйзамдаштыруудан чочулоонун кажети жок. Кыргызстандын тарыхында дыйкандардын кара куурай эмес апийим айдаган учуру да болгон”,- деди коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева. Ал адам ден соолугуна кара куурайдан алда канча зыяндуу химиялык терапияларга мамлекет уруксат берип койгонун айтты:

- Мамлекет бул нерсе менен идеология аркылуу күрөшүүсү зарыл. Мисалы, совет мезгилинде мен билгенден Таласта кара куурайды эгип эле жатышкан. Эч ким баңги болуп деле кетпеди. Бирок ошол кезде жийиркенүү маданияты күчтүү болгон. Азыр мамлекет учурда метадон сыяктуу ден соолукка зыян дарыларга уруксат берип койгон. Азыр биздеги толгон-токой дары-дармектер марихунадан алда канча зыяндуу.

АКШнын Колорадо штатында марихуананы ачык сатууга мыйзам уруксат берет. 2014-жыл
АКШнын Колорадо штатында марихуананы ачык сатууга мыйзам уруксат берет. 2014-жыл
“Кара куурайды мыйзамдаштыруу демилгеси учурга туура келбейт. Бүгүнкү Кыргызстан тарыхка да кайрыла албайт. Ошол эле учурда Батышты да туурай албайт”, - дейт маңзат боюнча эксперт Александр Зеличенко:

- Анда келгиле, героинди да легалдаштыралы. Мамлекет героин сатсын. Анда баарын мыйзамдаштыралы. Мурдагыдай көлдүктөрдү кара куурай айдаталы. Эгер колдон келсе анда ошол мезгилге кайра баралы. Бирок түшүнүүбүз керек, азыр таптакыр башка мезгил.Терезенин сыртында 21-кылым. Ааламдаштыруу. Качандыр бир мезгилде, бир нече ондогон жылдан соң буга да убакыт келээр. Бирок бүгүн эмес.

Кара куурайды мыйзамдаштырып, ачык колдонуу демилгесин көтөргөн профессор Жеңишбек Назаралиев дүйнөгө белгилүү нарколог-дарыгер, бир нече эл аралык наркоманияга багытталган уюмдардын мүчөсү. 2009-жылы Кыргызстандын президенттигине талапкер болгон. Ал уюштурган “Акыл баңгизаттан сырт” дүйнөлүк лигасына Далай Лама XIV, Арнольд Шварценеггер, Кофи Аннан, Диего Марадонна , Шахзада Карим Ага-хан IV жана башка атактуулар мүчө болушкан.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG