Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

"Макмалдын" сол чөнтөккө солонгон алтыны


Кыргыз алтыны
Кыргыз алтыны

“Кыргызалтындын” алдыңкы ишканасы “Макмалалтын” комбинаты токтоп турат. Ишканада түзүлгөн кризистик кырдаалдын себептеринин бири катары "Макмалалтын" комбинатында алтындын уурдалышы жана коррупция аталууда. УКМК комбинаттагы алтын уурдоо фактысын ачып чыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын иликтөөсүнүн натыйжасында “Макмалалтын” комбинатында бир килограммдан ашык алтын уурдалганы аныкталды. УКМК кылмыш ишин козгоп, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн 2 млн. 491 миң сом деп 6-октябрда жарыялады.

Бирок "Макмал" комбинатында алтын уурдоо алда канча кеңири жолго коюлганын жарандык активисттер жана комбинаттын жумушчулары кыйладан бери билдирип келатышат.

“Эр айдоочу” өкмөттүк эмес уюмунун лидери, “Макмал алтындагы” абалды иликтеген Качкын Булатов комбинатта ай сайын 15 килограммга чейин алтын уурдалып келет дейт:

- Бул жерде бир килограмм эмес, ай сайын 15-16 килограммдан уурдалып жүргөн. “Кыргызалтын” “Макмалалтындын” айынан чыгымга учурап атат. Өткөн жылдын быйылкы жылдын октябрь айына карай 150 млн. сом таза чыгымга учурады. Азыркы кезде комбинат токтоп турат. Руда кирсе эле уурдап атышат. Эми уурдап байыгандарын далилдеш оңой. Тогуз-Торого барса кезметчилердин башчыларынын үйлөрү, Бишкекте 15-16 квартиралары бар. Кафе, ресторандары бар.

Качкын Булатов уурулукка жетекчилик да аралашкандыктан аны токтотуу мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

“Макмалалтындын” жумушчулары жетекчилик менен жолугушууда комбинатта уурулук күч алып жатканын билдиришкен:

- Ай сайын 14 килограммдан жетпейт эмне деген нерсе? Бул жакта бир тонна тоо тегинде мынча алтыны бар деп комбинатка кетип атат. 40 килограмм деп кетип атат. 10-15 килограмм жөн эле уурдалат.

Макмал
Макмал

“Макмалалтындын” жумушчусу Дүйшөнбек Жусупалиев алтыны бар тоо тектерин кенчилер берип жатышканын, бирок алтын комбинатта жоголуп жатканын айтты:

- Берилген тапшырманы аткарып, алтыны бар тоо тегин биз ашыгы менен жөнөтөбүз. Ал жакта да тийиштүү лабораториясы бар. Өздөрүнүн технологдору бар. Бирок алтын чыгарылган кезде металлдын салмагы менен биз эсептеген тоо тегиндеги алтындын салмагы туура келбейт. Бул ушул кезге чейинки көйгөй. Жаңы технологиялар коюлган. Бирок ортодо чыккан айырма жоголбой койду. Ал эмне себептен чыгып жатканы белгисиз. Аны эч ким чече албай койду.

“Кыргызалтындын” жана “Макмалалтындын” мурунку жетекчилиги да, азыркы жетекчилиги да уурулук болуп жатканын четке какпайт, бирок анын масштабы анчалык чоң деп эсептебейт.

“Кыргызалтындын” мурунку башчысы Токон Мамытов:

- Уурулук бар. Бирок ошонун көлөмү аныкталбайт. Айрым талдоолор боюнча 1 килограмм, башкасы боюнча 2-3 килограмм уурдалып атат деп чыккан. Ай сайын 12 килограмм уурдалып атат деген сөздөр болуп аткан.

Токон Мамытов мына ушундай сөздөргө байланыштуу 2014-жылдын соңунда, ал "Кыргызалтынды" жетектеп турган мезгилде УКМК жана Ички иштер министрлигинин катышуусу менен иликтөө башталганын, ошол иликтөөнүн натыйжасында “Макмалалтында” 1 килограмм алтын уурдалганы аныкталганын маалымдады.

“Кыргызалтындын” маалыматы боюнча, “Макмалалтында” 1200 киши иштейт. Бирок азыркы кезде комбинат токтоп турат. Комбинат келечекте иштеп кетиши үчүн Кылдоо кенин иштетүү зарыл. Бирок ага тийиштүү каражат жетишпейт. Инвестор табуу маселеси да оңунан чыкпай келатканын Токон Мамытов белгиледи.

"Макмал" алтын комбинатында абал оор (09.07.2015)
Макмалдын абалы чатак
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG