Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:59

Саясат

Мадумаров: Бийлик менен кызматташпайбыз

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын, ошондуктан жаңы бийлик менен кызматташпасын тастыктады.

Текст көлөмү - +
"Азаттыкка" маегинде Мадумаров жаңы оппозициячыл күчтөр өз ара биригүү боюнча сүйлөшүп жатканын белгиледи. Адахан Мадумаров 30-октябрда өткөн президенттик жарышта экинчи келген эле.

- Шайлоодон соң кызматташуу тууралуу ар кандай сунуштар түшүп жатканы айтылууда. Сизге кызматташуу тууралуу сунуш түштүбү?
 
- Бир катар гезиттер "Адахан Мадумаров губернаторлукту сураптыр, мэрликти сураптыр" деп жазып жатышпайбы. Айланайындар, ошол кызматтар өздөрүнө буйрусун.

Биринчиден, шайлоо бүткөн соң телефон аркылуу эч ким менен сүйлөшө элекмин. Экинчиден, мен соодагер эмесмин. Үчүнчүдөн, кыргыз тарыхында өтө бурмалоо менен өткөн ыплас шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деп жарыялаганбыз. Азыр деле ошондой позициядабыз.
Кыргызда шейит деп, өтүп кеткен кишини айтышат. Бирок "шейиттер" деп өтүп кеткен кишилердин чапанын жамынып алып, бул жакта саясат жасап жүргөн тирүү кишилер шейит эмес. 

Мен кызматтын кулу эмесмин. Ал эми соодалашкандар болсо барып жатышат, сүйлөшүп жатышат. Алар да мени өздөрүндөй көрүп жатышса керек.
 
- Буга чейин Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун губернаторлук кызматын сунуш кылганын, бирок сиз андан баш тартканыңызды айткан эле. Демек жаңы бийлик менен кызматташуу оюңузда жок экен да?
 
- Андай ой таптакыр жок. Себеби таза бийликте иштегим келет. Мына Бакиевдин мезгилинде иштей коюп, азыр "бул Бакиевге иштеди" деп кыйкырышып, бакырышып жүрүшпөйбү. Эртең булардын да күнү ошондой болот.

Эгер таза шайлоо өтсө, таза күрөш болсо, жеңген кишини куттуктайм деп айткам. Бирок бүгүн таза шайлоо болгонун ким айта алат? Кимдин кайсы жерде канча добуш алгандыгын протоколдорун оригиналдары биздин колубузда турат. "Ушунун баарын көрүп туруп куттуктап койсоң, анда деле кызмат керек экен, бул болуп көрбөгөндөй арам жол менен келген кишилерди куттуктады" деп кыйкырып чыгышат.
 
- Президенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирип жатасыз. Сиздин пикирде, шайлоодо ыза болгон калктын бөлүгүнүн нааразычылыгы кандайдыр бир жол менен чыгып кетпейби?
 
Мен кызматтын кулу эмесмин. Ал эми соодалашкандар болсо барып жатышат, сүйлөшүп жатышат. 

- Утулсаңар сотко кайрылгыла деп жатышат. Соттун жүзү кандай экенин көрүп жатабыз. Бүгүн Кыргызстанда сот жок десек болот. Экинчиден, ыза болгон эл бүгүн чыгабы же эртеңби, үч айдан кийин же беш айдан кийин чыгабы, аны эч ким айта албайт. Бирок ачык айтып коюшум керек, элдин кыжырдануусу чегинен чыгып турган учур.

Күн сайын КТРК же башка каналдар аркылуу Роза Отунбаеванын бактылуу экенин, шайлоонун таза өткөнүн, элдин колдоп жатканын баягы Акаевди, Бакиевди мактап жүргөндөрдүн оозу менен мактатып, сайрап жатышат. Булар өткөндөн сабак албай жатышат.
 
- Кыргызстандын жана эл аралык коомчулук Роза Отунбаеванын президенттикти тынч жол мене тапшырышын Кыргызстанда жаңы саясий маданияттын башталышы катары карашууда. Сиз буга кошуласызбы?
 
- Бул жаңы саясий маданият эмес, жаңы саясий көрүнүш калыптанып жатат. Ал - сатып алуу, көз боёмочулук, бурмалоо менен бийликти тартып алуу. Мунун өтө жаман жагы бар. Эл азыр баарын байкап Кыргызстанга шайлоонун кереги жок экен деген жыйынтыкка келип жатышат. Бул жаман көрүнүш. Бирок ушуга түртүп, ушуга мажбурлап жаткан бүгүнкү азаматтар аман болушсун.

Дагы бир жолу айткым келет, 2005-жылы мартта, 2010-жылы апрелде элдин нааразычылыгы бүгүнкүдөй болгон эмес. Бүгүн унчукпай бизде баары тынч, баары жакшы, бийлик тынч жол менен өтүп жатат дегендер өтө терең жаңылышат. Элдин нааразычылыгы көлмөдө толуп жаткан суу сыяктуу, бир күн болбосо бир күн бир жеринен жырып, апаат болуп кетиши мүмкүн. Мен анын колдоочусу эмесмин. Бирок ошол мезгилде эч ким токтото албай калышы мүмкүн. Дагы бир ирээт эскертким келет, баары жакшы, бийликти тынч өткөрүп берди дегендер жаңылышат. Бийликти өткөрүп бергендей Отунбаева бийликте отурган эмес.
 
- Азыр парламентте коалиция түзүү боюнча абдан чоң талкуулар болууда. Айрымдар көпчүлүк саясий күчтөр катышуусу менен кеңири коалиция түзүү ыктымалдуулугу бар экенин айтып жатышат. Сиздердин партияга коалицияга кошулуу боюнча сунуш түшсө, аны кабыл аласыздарбы?
 
Таза бийликте иштегим келет. Мына Бакиевдин мезгилинде иштей коюп, азыр "бул Бакиевге иштеди" деп кыйкырышып, бакырышып жүрүшпөйбү. 

- Биринчиден, алардын сунуш кылууга эрки жетпейт. Бул бийлик башынан эле апрель, май, июнь окуяларынын күнөөлүүлөрүн жоопкерчиликтен куткарып калуунун жан далбастаган аракетинде болду. Эгерде эл ишенимине ээ болгон өкмөт куралса, ошого барыш керек, бирок ага көзүм жетпейт. Башка жол жок. Кыргызстанды бириктирүү саясатын жүргүзүү керек.

Октябрда болуп өткөн шайлоо аймакка бөлүү, улутка бөлүү, урууга бөлүү деген ооруларды түп-тамырына чейин жеткирип койду. Бийликтеги азаматтардын башынан бери алдына койгон максаттары ушул. Булар башка бир кеңешчилердин айткан кеңештерин толугу менен аткарып жатышат.
 
- Демек сиз 7-апрелде болгон ыңкылаптын жеңишин тааныбайсызбы?
 
- Анын жеңиши деп берип жаткан сурооңуздун төркүнүн түшүнүп жатам. 7-апрелде каза болгондор каза болуп кетишти. Алар аянтка кандайдыр бир үмүт менен, ишеним менен барышса керек, бирок алардын үмүтү акталган жок. Аркы дүйнөгө кеткендер жөн жерден коштошуп кете беришти да, үзүрүн басып алган баскынчылар көрүшүүдө.

Мен Москвада жүрсөм, бир топ адамдар уюшуп, "Мекен шейиттери" уюму "Мадумаров шейиттерди жамандады" деп маалымат жыйынын өткөрө коюшуптур. Эми алар аман болушсун. Кыргызда шейит деп, өтүп кеткен кишини айтышат. Бирок "шейиттер" деп өтүп кеткен кишилердин чапанын жамынып алып, бул жакта саясат жасап жүргөн тирүү кишилер шейит эмес. Булар саясий барымтанын кулу болуп калышты. Керектүү учур болгондо "«Мекен шейиттери» кайдасыңар, ушул сөздү айтып кыйкыргыла, силерге жардам беребиз" дегенге көнгөн саясий куралга айланган уюм болду деп коркуп жатам. Өтүп кеткен кишилерге болсо сый менен мамиле жасайм.
 
- Азыркы оппозициянын катарындагылардан сиз менен максаты бир, бириге турган күчтөрдү көрүп жатасызбы?
 
- Көрүү менен чектелбестен, биз алар менен күн сайын жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Азыр аракеттерибиз күч. Алардын катарында саясий партиялар, саясий ишмерлер, коомдук уюмдар кырдаалдын оңолбошуна көздөрү жетип, "билегибиз, тилегибиз бир болсун" деген азаматтар аябай эле көп. Жакында чоң жыйын болот,  ошондо кимдер экенин билесиздер.
 
 - Маегиңизге рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: сая
18.12.2011 12:05
Адаханчик аябай сулуу красавчик. Кетиги жакта бир катын жазыптыр аялдарынын бироосу болсон керек деп бироого.Эмне болуптур жургон аялы болсо мен деле журмокмун мени караса. Сен озун деле журсон керек чондорду андып. Колхоз куйондон жиркенип айла жок жашап.Ичин куйсо туз жала.

кимден: Токтогул каяктан: Талас
12.12.2011 09:54
Ушу адахамды коргондо куйка курушат!! коздон далда эле болчу ай!!! 86 баланын арбактары кутуп жатат сени жырткыч деген эмне экенин косоткону!! Так что жди адахам!!!

кимден: Максат каяктан: Нарын
12.12.2011 09:52
РАХАТ!!!!! Туптуура жазасын!!! БЕШ!!! Ушу сасык саясатынын бети табактай!!! Уят сыйыт дегенди билбейт!! Элге эмне кызмат кылды эле!!!! Козу жаман ушунун!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.12.2011 09:50
Мадумардын акчасына жазгандар силер кудайды карагыла эээ тажаттынар ушу кер оозду мактай берип !! Баары бир бул политический ТРУП!!!!!!!!

кимден: Жанат каяктан: Бишкек
12.12.2011 09:48
Мадумаров деген кер ооздун жактоочулары аканарга уйуно барып кошоматынарды коштоп айткылач ээ? Аны мактагандан эмне пайда кимдин ким экенин т.е анын анык бакийлердин куйругу кошоматчы эки жуздуу элди сыйлабаган неме экени тоооочно!!!!!! Карабалтага барып (шайлоонун алдында)эмне деп дооругонун уксанар кускун келет !!! саясаттын балакетин алсын и уйундо эле чай ичип отура берсин!!!

кимден: Балбан каяктан: Азия
08.12.2011 07:07
Кандай болсо да Мадумаров чыныгы кыргыздын популярдуу адамы экен.Баатырды эми тааный баштадык окшойт. Себеби баатырга таазим кылган да коп болот , коро албастык да ошончо болот.8-бет бутуп баратат. Кыргыз эли кеч да болсо онугуп кетерине ишенсек болот. Адахам!- эч качан ушака ишенгендерге капа болбо. Алар да кыргыздар.Тушунуп кетишет.Эрктуу, кучтуу, кайраттуу бол.Сенин эмгегин жерде калбайт.Кыргызга кыйын болуп турат.Эл учун жер учун сен токтобой иштешин керек.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.12.2011 23:41
Кайсы жагынан популярдуу?

кимден: Болот каяктан: Бишкек
07.12.2011 19:27
Ай бу Мадумаровдо уят дегендин олчому канчалык, же озу куласа эле элдин бардыгын жексур кыла береби?.антпей эле братандар берген акчага отчет бере албай баш катыбатат туугандар, калла иштебей калды уже,Исхак Раззаковунар,Абсамат Масалиевинер, Жусуп Абдрахмановунар болбой эле Курманбек Бакиевинер болгону калдым окшойт деп ачык айтпайбы. Тили тибирткедей иштеп дегеле кыйын,анан жон тура албай балекеттин башын эле кылтыйтып турат.Же эркектей болуп алаканды бекем кысып туруп давай эркекче деп айтпайт.Калын элдин ортосуна туруп алып эле тамада боло бербей же бир маселе чечкенге жарасачы.Ээ кокуйгун бу Жогорку Кенеште спикер болгондо эмне талкан чайнап буто албай жаттынбы же лам деп ооз ачканга жарай албадынбы деп сураган киши жок.Анан суроо берсе эле кызылдай чычалап, чонтогунон капчыгын алып бараткан кишини кармап алгансып догуруна эле берет да эй.Же калппы журналисттер айткылачы, Итиркейди гана келтирет да.

кимден: мээрим каяктан: Ош
06.12.2011 17:11
Мадумаров ар убак чындык учун куйгон адам, Кыргызстанды бутунго айландырган адам. Атамбаев жаман эмес бирок Мадумаровтун дээнгелине жетпейт аны айтпасам деле эл билет. Мына жерде бир акылы арык суусунан да томон Бакиевчилер деп: Ташиевди, Келдибековту жана Мадумаровту атаптыр. Мен Ош коогаланды оз козум менен коруп, олукту аттап, олум менен омур аарсында турганыбызда Ташиев элди сактап калган. Канан ошондогу жеп-соргуч бийлигин жардамга келгени? Силер Оштогу коогаланды корбодунор ошон учун Ташиев менен Мадумаровту ким экенин билбейсинер, а биз ок аралап журсок ал Ташиев да ок аралап журду омурун тобокелге салып. Ошондуктан кыргызга айтаарым азыркы бийлик жарытпайт ото эле козум 200% жетет. Себеби азык-тулук кымбаттап артык кылабыз деп тыртык кылышты. Мен каршымын, мага окшогон толтура. Мадумаров айткандай бугун бийлик тынч отту деп айткандары менен эртен эл агылып кетсе анда ото кыйын болот. Ошондуктан азыртан бийликке кыргыздын чыныгы эр азаматтары келиш керек.
Пикирге жооп

кимден: Чынчыл
06.12.2011 23:57
Мадумаров аканды мактаганын жарашпай калган, кичине чындыка окшогон нерсени жазсан боло,кудай жалгагыр. Ош коогаланында адахан кантип жардам берди, сен козун менен кордунбу? Адахандын ал жакта озу тургай колокосу да болгон эмес.
Жазсан чындыкты жаз! Адахан тууганыбы,куда соогунбу жээ дагы.....?
Ал сенин проблеман.Факт в том ,что он хамелеон.
Жазат десе мактайт десе келжиреп апыртып жазганды токтотолу.Кимдин ким экенин кыргыз эли билет, сокур жээ дулой эмес. Апрел окуясынын курмандарына кошок айтылып,апалар ыйлап жатса бул кара санатай адам ысык чай ичалбай калдым деген. Эми ошол курман болгон балдардын аркасы менен келген бийлике, даяр ашка келгиси бар. 100го жакын курман болгон жарандарыбызга куран окуду бекен акан??
Дагы айтам, жазсан чындыкты жаз! Акандай апырткандарга эл тойгон!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.12.2011 23:18
4yn4yldyn pikirin koldoim, en tuura.
Cen joop jazgan adam i4in kuigon cozdu jazypsyn.
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз үчүн каяктан: Бишкек
07.12.2011 13:37
Атайын Мадумаровду жамандаш үчүн отурган адам окшойсун...? Сага канча "айлык" берет ушул "жумушун" үчүн. Кудай деген бар...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.12.2011 16:08
чындыгында Кыргызстанга шайлоонун кереги жок ар ким озун озу шайлап алып мазза кылып жамбаштап жатышат Ал эми мен Адахан ды сыйлайм

кимден: Улан каяктан: Бишкек
06.12.2011 16:02
З беттеги пикирлерди окуп мындай ой келди. Менимче кеп Мадумаров, Атамбаев же башкада эмес. Кептин бардигы кыргыздырдын трайбалистик коз карашында, болунуусундо болуп жатат. Ичтериндеги бугун Мадумаров аркылуу чыгарып жатышат. Атамбаев Бакиев менен иштебеди беле, иштеген. Мадумаровдун Бакиев менен иштеген мезгилинде канчалык катачылыгы болсо, Атамбаевдин андан ашык да эмес, кем да эмес так ошончолук катачылыгы болгон. Шеринеге терилерине батпай, ызырынып, ооздорунан кобук чачыратып жазган шеринечилер эмне жазып жатканынарды ойлонгула. Силер Кыргызстандын келечегине балта чаап, крыгыз элине душмандык кылып жатасынар. Трайбализмдин туу чокусу болсонор дагы мээнерди иштеткиле, Кыргызстандын тамырына уу чачып жатасынар. Кыргызстандын туштук жана тундук болуп эки канаты бар,
кудай сактасын эгер бироосу куурап калса бироосу калбайт, жалпы Крыгызстан куурайт. Кыргыздар ушундай болунуп турса, сырттан душмандын деле кереги жок, озубуздун трайбалисттик коз карашыбыз бизге сонун душман болуп берет.
Пикирге жооп

кимден: Айдана каяктан: Токтогул
06.12.2011 21:08
Кыргызстанда мышык ыйлай турган заман болуп жатат. Элди эмес, озун ойлогон чокчолой баатырлардын бийлик башында турушу болуп калды.
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине