Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Бакиевдердин уурдалган буюмдары табылды


Талоончулукту тергеп жаткан тергөө тобунун мүчөлөрү журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 24-июнь, 2013.
Талоончулукту тергеп жаткан тергөө тобунун мүчөлөрү журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 24-июнь, 2013.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча тергөө тобу Бакиевдерге тишелүү уурдалган буюмдарды тапканын жарыялады.

Бирок буюмдар кимден чыкканы азырынча купуя калтырылууда.

Жаныш Бакиевдин "кызмат бөлүштүргөн" дептери

Апрель окуяларындагы талоончулукту тергеп жаткан тергөө тобунун жетекчиси Асылбек Чекиров мурдагы президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу Искендер Бакиевдин кеңсесинен уурдалган буюмдарды журналисттерге көрсөттү:

- Ал Бишкектин Москва көчөсүндөгү 56-үйдө жайгашкан кеңсе болчу. Жаныш Бакиевдин уулу ал жерде компания түзүп иштеп келген. 2010-жылдын апрелинде ири суммадагы талап-тоноочулукка кабылган. Анын арасында бир сейфти жаңы конуштардын бирине алып барып кесишкенде ичинен папке чыккан. Анын ичинен мынабу 9 күндөлүк дептер, Курманбек Бакиевдин атасына тиешелүү документтер жана башка иш кагаздары чыккан.

Жаныш Бакиев ал дептерлерине ошол учурдагы кызмат бөлүштүрүү, Бишкекте жана шаар тегерегинде жер тилкесин сатуу боюнча маалыматтарды, кезинде дуу жараткан үлкөн тоюнан түшкөн кошумчаларды жазган экен. Андан сырткары өтө кымбат эмес сүрөттөр, кумара да табылып отурат.

Апрель окуясындгы талоончулукка айыпталып жүргөн “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөнов мыйзамсыз курал алып жүргөнү үчүн аз күн мурда, 18-июнда Таш-Көмүрдө кармалды. Ошол курал да аталган кеңседеги мамлекеттик кайтаруу кызматынын кызматкерлеринен тартылып алынганын тергөө тобунун башчысынын орун басары Памир Асанов билдирди.

- Муса Төлөгөновдун машинасында Түркияда чыгарылган винчестер болгон. Анын кундагы менен стволу кесилген, номери кырып өчүрүлгөн. Кармалган адам өзү куралды Абдула Юсуповдон апрель окуялары учурунда алганын айтты. Бул нерсе тастыкталды, айыпталып жаткан Юсупов аны таанып, мойнуна алды.

Тергөө кызыкчылыгынан улам тергөө тобу Бакиевдердин буюм-тайымдары кимден чыкканын айткан жок.

Төлөгөнов: "Ата Мекенди" каралоо

Талоончулукка катышы бар деп айыпталып келген депутат Райкан Төлөгөнов инилерининин үйүндө тинтүү болгонун укканын, өзүнүкүнө же баласыныкына эч ким келбегенин билдирди. Эл өкүлү тергөөнү болсо мурдагыдай эле жалган жалаа деп эсептеп, күнөөсү далилденсе түрмөгө отурууга даяр экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Ал буюмдардын табылганын билбейт экенмин, иш менен да тааныш эмесмин. Тергөө териштирип бүтсө, эмне кимге таандык экени, кимден табылганы белгилүү болот, сотко өтсө анан билинет. Азырынча айта албайм. Бирок мен бул иштин депутат Турат Мадылбеков менен башка лидерлерибизди айыптап, “Ата Мекенди” жок жерден каралоо экенине терең ишенем.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары мародерчулук иши аларга каршы саясый оюн экенин мурдатан бери эле билдирип келатышат. Өткөн жылдын сентябрында “атамекенчи” депутат Турат Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков “Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүүгө катыштыгы бар” деген шек менен кармалган. Райкан Төлөгөновдун уулу болсо Бишкектеги тергөө абагына алып келинди.

Камактагы Абдулла Юсупов былтыр “атамекенчилердин” талоончулукка тиешеси бар экенин айтып чыккандан кийин башкы прокуратура 4 берененин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал беш ай тергелгенден кийин токтоп калган. Быйыл май айында Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев 10 доомат менен президентке кайрылгандан кийин 21-майда иш кайрадан жанданды.

Азыр Бишкек шаардык милициясынын, Жаза аткаруу кызматынын, Ички иштер министрлигинын жана коопсуздук комитетинин кызматкерлеринен турган тергөө тобу ишти иликтеп жатат. Анын мөөнөтү 21-июлда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG