Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Аким шайлоо Таласта да нааразылык жаратты


Талас райондук кеңешинин депутаттары аким шайлоодо, 6-февраль, 2012.
Талас райондук кеңешинин депутаттары аким шайлоодо, 6-февраль, 2012.

6-февралда Талас облустук акимчилигинин алдына райондордогу аким шайлоого нааразы болгон 70тей адам нааразылык акциясына чыкты.

Алар эски бийликтин учурунда иштеген адамдар акимдикке шайланганын айтып, нааразы болуп жатышты. Алардын бири Анарбек Рыскулбеков буларга токтолду:

- Кара-Бууранын акимин акча менен шайлашты, Манас, Бакай-Ата, Талас районунун акимдери “Республика” партиясынын өкүлдөрүнөн шайланды. Бабанов менен коррупцияны жойбой эле күчөтүп жатат.

Кара-Буура райондук кеңешинин айрым депутаттары да шайлоонун жүрүшүнө нааразы. Аталган райондук кеңештин депутаты Сатканкул Бапышевдин айтымында, алардын районго шайланган акими туура эмес тандалган.

- Бир нерсеге капамын. Анарбек Осмоналиевди биз жакшы билебиз да. Ал мурда Кара-Буура, Манас райондорунда аким болуп иштеп, өзүнүн ким экенин көрсөткөн. Эми “Республика” партиясына кирип алып, “кой терисин жамынып” жакшы иштейм дегенине мен 100% ишенбейм.

Нааразы болгон адамдары облус губернатору Койсун Курманалиева кабыл алып, бардык чечимдер учурдагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүп жатканын айтуу менен чогулгандарды сабырдуулукка үндөдү..

- Акимдер шайланып калды. Бардык жерде мен катыштым. Бирок “Республика” партиясынан шайланып калды, мурунку “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү дей берсек анда элди экиге бөлүп салабыз. Анда кандай болот?

Ошентип нааразычылык акциясынын катышуучулары Кара-Буура ,Бакай-Ата районундорунун мурунку акимдери кайра кызматка коюлсун, Манас, Талас райондоруна татыктуу акимдер шайлансын деген талап коюлган кайрылуу кат менен президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө өкүлдөрүн жөнөтүшөөрүн айтып, тарап кетишти.

Талас облусунда 3-февралда Манас, Кара-Буура, 4-февралда Бакай-Ата жана 6-февралда Талас райондорунун акимдери райондук кеңештер тарабынан шайланды.

XS
SM
MD
LG