Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Милиция жарандарга кол салды


Ботаникалык бактагы жазуулардан.
Ботаникалык бактагы жазуулардан.

Бишкектеги ботаникалык бакта милициянын зомбулугу күч алганын жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга жазып жатышат.

“Абайлагыла, милиция кызматкерлери тонойт!”, “Милициянын зомбулугунан сак болгула!” - мындай жазууларды 6-кичирайондогу ботаникалык сейил бактын ичиндеги жолдун туш келди жеринен көрүүгө болот.

Ботаникалык бактагы жазуулардан.
Ботаникалык бактагы жазуулардан.


Кирилл Феоктистов аттуу Фейсбук колдонуучу бул сейил бакта жазылган жогорудагы жазууларды окуп баратып эле милициянын зордук-зомбулугуна кабылганын өздүк баракчасына жазып чыкты. Кирилл менен байланышып, окуянын чоо-жайын сурадык.

- Ботаникалык бакта досторубуз менен сейилдеп жүргөнүбүздө милиция кызматкерлери суроо-сопкуту жок эле бизди текшерүүгө ала баштады. Биз аларга тинтүү милиция участогунда гана күбөлөрдүн көзүнчө, протокол түзүү менен болорун айтсак, кулак салышпады. Кайра ар-намысыбызга шек келтирип, басынтып, "өлтүрөм" деп коркутушту. Досумдун 20 сомун тартып алышты. Биз окуяны телефонго тартып жатканбыз. Аны тартып алып, видеолорду өчүрүп салышты. Бирок кээ бир видеолорду кайра калыбына келтирип алдык. Интернетке ошол сүрөттү койгонбуз.

Кирилл мындан тышкары милиция кызматкерлери аларды зордуктаганга аракет кылганын жашырган жок. Ал милиция кызматкерлеринин сексуалдык ориентациясынан шеги бар экенин кошумчалады.

Интернеттеги маалыматтардын чын-бышыгын билүү үчүн ботаникалык сейил бакка бара калып, жогорудагыдай жазууларга өз көзүбүз менен күбө болдук. Бакчанын ичинде жолду ката “Милиция кызматкерлери тонойт, абайлагыла” деген сыяктуу бир нече жазууларды көрүүгө болот. Жазуулардын бардыгы алыстан көрүнгүдөй чоң тамгалар менен жазылган экен.

Ботаникалык бакта болгон окуя боюнча түшүндүрмө алуу үчүн шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматкери Карима Аманкулова менен байланыштык:

- Азыркыга чейин Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө милициянын зордук-зомбулугу боюнча эч кандай арыз түшө элек. Интернетте биздин кызматкерлердин сүрөттөрү коюлуптур. Азыр ошол боюнча өздүк коопсуздук бөлүмү кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Ушу тапта ал кызматкерлердин ким экендиги териштирилип жатат.

Ботаникалык бактагы жазуулардан.
Ботаникалык бактагы жазуулардан.

Коомдун коопсуздугун камсыз кылуучу милициянын аракетине серепчи Урмат Казакбаев мындай баасын берди:

- Эми мындай жат көрүнүштөр биринчи жолу болуп жаткан жок да. Эң башкысы милициянын айлыгын көбөйтүш керек. Эгер алар мыйзам буза турган болсо жазасын 2-3 эсе көп бериш керек. Анткени аларга тапанча, атайын ыйгарым укук берилип жатпайбы.

Макала даярдалып калганда Кирилл Феоктистов биз менен байланышып, аларга зомбулук көрсөткөн 5 милиция кызматкери кармалганын кабарлады:

- Азыр бизге зомбулук көрсөткөн 5 милиция кызматкери кармалды. Биздин маңдайыбызда, шаардык ички иштер башкармалыгында отурушат. Биз аларды тааныдык. Алар командири баш болуп, бизден расмий түрдө кечирим сурашты. Биз аларды кечирдик. Эми эч жакка деле арыз жазып кайрылбайбыз. Милиция кызматкерлери командири баш болуп, тиешелүү жазасын алат деп ишенебиз.

Коом ичинде милиция кызматкерлерине доомат толтура. Алар карапайым адамдарга кол көтөрөт, тонойт деп айтылат жана айрым кыйноо фактылары боюнча азыр сот иштери да жүрүп жатат. Ал эми милиция жетекчилиги арасында ушундай кара өзгөй кесиптештери бар экенин моюнуна алып, бирок айлыгынын аздыгына карабай тартип сакчылары күнү-түнү коопсуздукту камсыз кылып жатканын жүйөө кармап келишет.

XS
SM
MD
LG