Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:55

Саясат

Карыпбеков: Тилди мажбурлап үйрөтүүдөн майнап чыкпайт

Эксперт Илим Карыпбеков Жогорку Кеңеште кыргыз тилине байланыштуу чыккан маселелер боюнча маек курду.

Текст көлөмү - +
"Азаттык": Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламентте жалаң кыргызча сүйлөш керек деп, буга байланыштуу талаштар чыгууда. Мунун арты эмнеге алып келиши мүмкүн жана ал талап канчалык мыйзамдуу? 

Илим Карыпбеков: Бул маселенин эки тарабы бар. Биринчи кезекте,  депутаттар алган жанагындай багытты бир аз радикалдуу деп эсептейм. Себеби тилди кыйноо, мажбурлоо жолу менен үйрөтүү, даңазалоо, баалуулугун көтөрүү мүмкүн эмес.

Бирок ошол эле учурда бул биздин кыргыз аткаминерлер жөнүндө айтылып жатат да. Бул жерде депутаттарды да бир чети түшүнсө болот. Кыргызча сүйлөөнүн үлгүсүн биздин аттуу-баштуулардан көрсөк болот. Ошондуктан эгерде министрлер, же дагы башка чиновниктер кыргыз улутунда болсо аны мажбурлоо жолу менен эмес, кандайдыр бир моралдык-этикалык жактан бир аз уяткарып “өзүңүз кыргыз болуп, кыргызча билбейт экенсиз”, десе болот. Болбосо аны мажбурлап “жок, сиз сүйлөшүңүз керек, болбосо кетишиңиз керек”, - дегендин кесепети абдан оор болот.

​​Өзүңүз билесиз, бизде "улутчулдук, кыргыз тилин мажбурлоо, башка улуттарга көзү түз эмес" деген сөздөр көп жазылып жүрбөйбү. Ошондой учурда биздеги башка улуттагы адамдар Кыргызстандан чыгып кетип жатат. Ошолордун арасында да кайсы бир бөлүгү ичинде уйгу-туйгу болуп, “кетсемби, же кетпесемби” деп аткандарга парламенттегидей көрүнүш “мына, буларда парламенттин деңгээлинде расмий тил Баш мыйзамда бекитилгенине карабастан мажбурлап, кыйнап жатат” деп, аларга акыркы түрткү болуп кетиши мүмкүн.

Мындай көрүнүштөр көп адамдын кетишине түрткү болуп, ошол эле учурда "кыргыздар улутчул, ушундай жол менен гана иш-аракеттерге барат" деген ой пайда болуп, бул өзүнүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Парламент азыр өтө эле ачык иштеп жатпайбы. Ал жерде өзүңүздөр көрүп жатасыздар, элдин башы, журттун башы дегендер чогулат. Алар тескерисинче маданияттын, деңгээлинин бийиктигин, акыл-сезиминин бийиктигин көрсөтүшү керек.

“Азаттык”: Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн, коргоп-колдоонун башка кандай жолдорун тапса болот?

​​Илим Карыпбеков: Бул комплекстүү, өтө чоң иш-чаралар болушу керек. Бир эле нерсе менен чечип коюш деген нерсе туура эмес. Эгер бала бакчаны деле алсак, адегенде ага шарт түзүү керек. Шарт түзүүдө эң биринчи кезекте китептерди, окуу жана үйрөнүү методикаларын көп чыгарышыбыз керек.

Бизде азыр мектепте, бала бакчада кыргызча китептер дээрлик жок. Ушул жактан башташыбыз керек. Мамлекеттик деңгээлде кыргыз улутундагы адамдар үйдө балдары менен кыргызча сүйлөөрүн даңазалашыбыз керек.

Совет доорунан бери орусча сүйлөп калган адамдарга тил үйрөтүү методикасы такыр башка. Мисалы, мен кыргызча сүйлөп, кыргыз мектепте окусам да, азыр сиз менен сүйлөшүп жатып, орусча сөз кошпогонго зор аракет кылып жатам.

Орусча сүйлөгөн аймакта жүрүп, күнүгө орус тилди колдонуп калгандан кийин таптакыр кыргызча сүйлөп, бир да орусча сөз кошпоо өтө эле кыйын.
Мамлекеттик деңгээлде кыргыз улутундагы адамдар үйдө балдары менен кыргызча сүйлөөрүн даңазалашыбыз керек.

Азыр өзүңүз билесиз, электрондук багытта көп адамдар аралашып иштеп жүрөт. Интернетке күнүгө киребиз, маалымат алабыз. Бири-бирибиз менен кат алмашабыз. Ошонун баары орус тилинде жүрүп атат.

Тил комиссиясы көп сөздөрдү кыргызчага которуп жиберген. Бирок ошол эле учурда ал кыргызча сөздөр түшүнүксүз. Түшүндүрмөсүн сураганда да биз аны кайсы жерден алабыз, сөздүк жок. Ошол эле сөздөрдү орусча түшүндүрмөсүн интернетке кирип таба коюш бир заматта, ал эми кыргызчаны такыр таппайсың. Андай сөздөрдүн чечмелөөсүн билиш үчүн тил комиссиясынын телефонун билип, ал жерден да тиешелүү адисти таап, анан сураш керек болот. Бул тоскоолдуктарды жаратат. Андан көрө мен орусча сөздөрдү колдонуп кеткеним оң деп орусча колдонуп кетебиз.

Ошондуктан тилди жайылтуунун ыкмалары өтө чоң. Бирок сөзсүз түрдө радикалдуу, мажбурлоо жолу менен эмес, тескерисинче билим берүү, маданияттык-этикалык деңгээлди көтөрүү жолу менен болуш керек.

“Азаттык”: Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ДАН каяктан: Бишкек
17.01.2012 13:57
Кыргыз тилин башка улуттарга мажбурлоо жолу менен үйрөтүү керек. Себеби мамлекеттик тилди кабыл алгандан бери өз каалоолору менен үйрөнсүн деп мүмкүнчүлүк бердик. Бирок алар түшүнбөстөн сөздүк жок, кыргыз тили жарды деген шылтоолор менен тилибизди келекелеп келишет. Мажбурлоо десе эле башка улуттарды баса калып тилди үйрөн деп таңуулоо эмес. Батыштыктарга окшоп маданий жолу менен. Мисалы бизге келген батыштын фирмалары, фонддору кызматка алганда ошолордун тилин билүүсүн талап кылат. Аларда иштейм дегендер дооматын артпастан тилдерин үйрөнүп жатышат. Биз дагы мамлекеттик иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүу керек. Мамлекеттик кызматта иштеген адамдар мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Ошондо алар үйрөнүү үчүн сөздүктөрдү ала баштайт. Сөздүктөргө суроо талап көп болсо, көп түрдүү сөздүктөр сунушталат, сапаты жакшырат. Бул базар экономикасынын мыйзамы. Ата-энелер балдарынын келечегин ойлоп бала бакчадан баштап мамлекеттик тилде тарбиялоого, үйрөтүүгө, окутууга аракет кылышат. Бала бакчаларды ачып тарбиялашыбыз керек деген Карыпбековго окшогондорду угуп отурсак, бала бакчалар ачылбайт, кыргыз тили өнүкпөйт. Себеби муктаждык жок. Ошондуктан кыргыз тилине чекит коёбуз десек, саясий эрк менен чечкиндүү кадамга барыш керек.

кимден: Уларбек каяктан: Бишкек
15.01.2012 17:44
Ушул жигиттен башка адам жок бекен маселени тушунгон? Эч кандай жооп жок. Жон эле ля ля ля

кимден: Khyrghyz каяктан: KYTAI
14.01.2012 23:19
"Kaldaighandyn Baary Ele Kanat Emes,
Kabylandyn Baary Ele Manas Emes.
Kalkyn Tan`ghan, Kalkynyn Tilin Chan`ghan--
Khan Bolsoda Khyrghyzdyn Balasy Emes!!!...."

---- Shailoobek Duishekeiv

Men Azattykty Ataktuu Akyn Shailoobek Duishekeivdy Dep Ele Kundo Ugham,Bizde Shailoobek Duishekeivdin Erlary Kengiri Taralghan.....Menimche Bolso, "Khyrghyzmyn Deising Magha,Kyishaktap Biylep Turup,Khyrghyzmyn Deising Magha,Tamekingdin Tutunun Uilop Turup...." Suilogon ,Ozdu Ulaghagha Tartyp ,Ozgogo Jaramattanghan Myndai Kulchuluktu Khyrghyz Ely Emy Tosushu Kerek, Emy El Bolup Tuptolbosong,Tilingdi Emy Syilabasang Anan Kachan?!....

кимден: Кубанычбек. каяктан: ноокат
14.01.2012 21:17
Кыргыздай тилин кор кылган улут болбосо керек.Эмне деп айтышты да билбейсин., башка улут өкүлдөрү,урматтуу Илим мырза! сиз жана сизге окшогон эшек минерлер кыргыз тилин үйрөн дегенден кыргызстандан чыгып бараткан жок. Мындай сөздү айтып жаткан бардык депутаты болобу,илимдуусу болобу,башкасы болсун силердин акылы тайкы экенинерди корсөтуп турат.Канча жуз миңдеген нукура кыргыз уул-кыздары (эң эле эмгекке жарактуу)кыргызстанды таштап ,орус,казак, жараны болуп чыгып кетишти го,эмнеге? Жумуштун жогунан,экономикалык өнүгүүнүн жоктугунан. Кайсыл улут өкүлдөрү чыгып кетет.деп коркуп жатасынар өзү,айткылачы.Министрин,да,депутатын.да,президентин да баш болуп коркосунар ,кокуй кыргызстанды таштап,чыгып кетишет -деп.Ким экен ошолор.Эгерде ошол эшек минерлер 20 жыл ичинде кыргызстанымды кичине бир ойлошуп,көп эмес кичине эле жашоосун оңдошуп койгондо(өздөрун эмес), ааламдын алты бурчунан кыргызстанга көчүшүп келмек,.кыргыз тилин эмес,"манас " эпосун жатка бил десенер да макул болуп.Ээ силерге окшогон илим менен билимдүүлөрдү..

кимден: Кыргыз каяктан: Уйдон
14.01.2012 12:55
Илимге окшогондон эмне интерфю аласыңар? Баягы эле стандартный жооп кайтарыптыр, бир жаңы идея жок! Мындай жоопту любой адам жооп берет! Кыргыз тили үчүн башкалар кетип атат деп жомок айтып олтурат.Анда менсе эмнеге Прибалтикада тил билбеседа эч жака кетпей орустар олтурат, керек болсо орустарды кубалап акупантар деп СССР убагындагы прописканы жокко чыгарсада орустар өлсөеда кетпейбиз деп тырышып кетпей атат?! Бул тил маселеси эмес ! Бул эканомикалык социалдуу жашо маселеси жакшы болбогондуктан ушунда болуп атат! Кыргыз тили жалгыз мамлекетик тил болуш керек! Токтотуш керек башка тилиндерди аралаштырганды, мындай жагдайда ким күнөлү? Алибете бийлик! Канкретно ким? Президентен баштап бардык министирлер жана Парламенте бардык депутатар күнөлү! Кыргыз эли бул даңгир баштарга айлык болгон бардык акысын төлөп атат.Булар Кыргыз тилине кылган иши жок аргайсы дежур сөздөрдү былжырап койуп эч теме жасабай ичип жеп кана олтурат.Эгерде колуңардан эчтеме келбесе башкалар Кыргыз тишине кыйналып атса анда келгиле кыргыздын баардыгы башка тилде сүйлөлү? Биз кыргызбыз биз көнгөнбүз бизге биздин бийлигибиз жакшылык кылбайт. Көрүнгөнү келип башкаларды когоп, бизге кокотуп мокотуп кетип калышат!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.01.2012 11:10
Айта бериптир, Озбекстанда орустар озбекче суйлоп калышкан. Тажиктер да ушул саясатты колдоп атышат. Тажик тилин билбегендер мам кызматка бара албайт ал эмес ЖОЖго да кире алышпайт. Казактар орус аттуунун оозун жаап, казакстандагы орустарды чунчутуп салышкан. Грузиндер болсо катуу делген Андроповдун тушунда борбордук аянттарды митингге чыгышып, орус тилин кабыл албай коюшкан. кыргыз аткаминерлери тележылдыз болгондон башка иш кылбай ыкшоо бойдон. анча-мынча ОЭУдун оозун басып, саясый эркти корсотуш керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.01.2012 22:16
Урматтуу Илим мырза!!! Мидин Алыбаевдин жазганы бар эле:
Башын башпы кумганбы
Башымдан кудай урганбы
Мынтип журсон бир жылда
Курутасын жумгалды
Таз башына жазам деп
Таза колум булгады....
Кыргызтанда башка улуттар эле эмес канчалаган кыргыздар сыртта жашап журушот жумуш жоктугунан... же коздон же кулактан же акылдан кудай урганбы чындап эле... Кыргызстанда качан гана мамлекеттик тил болуп бир гана кыргыз тил каганда гана биринчиден Кыргызстандын экономикасы жогорулайт анткени: Иш кагаздары бутундой кыргыз тилде иш алып бара баштаганда айыл жергесиндегилер ойгонуп агропромышленность которулуп, экономикада онугуп осуу болот... экинчиден улут арасыда чыр-чатак азаят анткени: орус тили расмий тил болгондо башка улуттар орустар бизге караганда аз да орус тили расмий тил биз журобуз деп алар да атандашып ошонун кесепетин тартып атабыз... учунчудон Кыргызстанда бир гана кыргыз тили калса кыргыздар оздорунун жоопкерчилигин сезип башка улуттарга оз уй-булосудой мамиле кыла баштамак жана жогору карай умтулуу сезими ойгонмок ...
Пикирге жооп

кимден: Манас Саматов каяктан: Бишкек
16.01.2012 13:07
...Акаев жеке өзүнүн утурумдук кызыкчылыктарын көздөп жүрүп отуруп, шайлоолордо добуш алыш учун, империялык кожоюндарына кошомат иретинде орус тилине расмий макам берилишин жеке жарлыгы менен жарыялап туруп, “чөнтөк” парламенттен өткөрүп “мыйзамдаштырып”, жасалма референдум аркылуу Конституцияга кошуп, кыргыз элине таңуулап качып кетти. Кылымдардан бери кыргыз болуп келген элге “кыргызстандык” – деп тилге жат, дилге жат ат коюп, элдин башын айландырып жүрүп, бүтүндөй элдин кыялына бүлүк салып, саясий талааны миналаштырып кетти...
Кийинки амалкөй, эрксиз жетекчилер да бүгүнкү күнгө чейин саясий талааны тазалоого батына албай келе жатышат. Ошондуктан элдин маанайы сус, чийки май жегендей сезимде жашап келет. Себептерин жүрөгү менен сезет, бирок көптөн бери кырдаалга так аныктама таппай чындык издеп келе жатат.
Чындык башка - орус тилинин расмий макамга ээ болушу баштан эле мыйзамсыз.
Мен кыргызмын. Мен үчүн, жалпы кыргыздар үчүн кыргызстандык деген сөз жүрөктөн түнөк таппаган жат түшүнүк. Кыргызды жөн эле кыргыз деп айтыштын ордуна кыргызстандык деп бурмалап саясаттырыштын кереги жок – мындай жасакерчилик кыргыздын мүнөзүнө, кыргыз тилинин эч кайсы эрежелерине төп келбейт.
Качанга чейин жасакерленип, өзүбүздөн өзүбүз коркуп жашайбыз мекендештер?
Айрым эки жүздүү окумуштуулар, тилчилер, журналисттер, хамелеон юристтер, саясатчылар жана башка “билермандар”, чылкый чындыкты качанга чейин элден жашырып барасыңар? Качан элдин эсебинен тапкан наныңарды актап жегенге үйрөнөсүңөр?

кимден: Асан каяктан: Бишкек
13.01.2012 20:36
Кыргыздар, башка улуттун өкүлдөрүн кыргызча үйрөнгүлө деп эмне убара болсуңар. Андан көрө өзүбүз орусча үйрөнбөй эле англис тилин үйрөнөлү. Четке чыксаңар орус тилинин кереги жок.Россиянын интелигенциясы баары англисче билишет. Турция,Кытай,Индия, Америка, Великобритания, Канада ж.б. өлкөлөргө барсанар кыйналбайсынар
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
16.01.2012 13:05
Азамат. Мына ушундай кишилерден интервью алыш керек Азаттыктын азаматттары.

кимден: фархат каяктан: жумгал
13.01.2012 14:45
урматту Илим мырза сиз айтып жатасыз башка улуттагылар кочуп кетип жатат деп. Аларды кочушу тил маселеси эмес жашоо шарт маселеси. Мен толук турдоо колдойм Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили гана расмий тил болуш керек. Ажобуз баш болуп калгандары тош болуп кыргыз тилинде гана суйлошу керек. Бул зарыл нерсе
Пикирге жооп

кимден: ош каяктан: Акпари
14.01.2012 15:19
мен Фархадка кошулам, себеби элде макал бар эмеспи" ЭНЕ-ТИЛИН "билбеген элин сүйүп жарытпайт.Латвияда Эки миллиолнго жетпеген калк өз тилинде сүйлөшөт.Өнүгүп эле жатпайбы. Калган тилди кимге керек болсо үйрөнөт деп ойлойм.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине