Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Куршабдагы окуя иликтенип бүтө элек


Куршабдагы кытайлык жумушчулар, Өзгөн району, Ош облусу, 9-январь, 2013.
Куршабдагы кытайлык жумушчулар, Өзгөн району, Ош облусу, 9-январь, 2013.

8-январда Куршабда Кытай жарандары менен жергиликтүүлөрдүн ортосундагы чатак боюнча тергөө иштери аягына чыга элек.

Мындан 15 күндөй мурдараак болгон окуянын чыгуу себеби тууралуу милиция азырга чейин толук маалымат тарката элек. Ошентсе да чатак “кытайлык жарандар уюлдук телефонун уурдатып жибергенден кийин чыккан” деген сөздөр көп айтылды.

Бирок окуянын баш каарманы Мураталы Сасыков бул кептерди толугу менен четке кагууда. Анын ырасташынча, 8-январда көчөдөн өтүп бара жаткан жерден эле аны мас кытай жарандары өздөрү жашаган жерге алып кирип кетип, себепсиз сабап салышкан:

- Уюлдук телефонго эч кандай тиешем жок. Ал болбогон сөз. Аны каяктан чыгарышканын билбейм. Көчөдөн жөн эле өтүп кетип атсам, себепсиз эле кармап, кафеге тартып кирип кетишкен. Эмне себеп экенин такыр түшүнгөн жокмун. Азырга чейин түшүнө албайм. Бизди алып киришкенден кийин кыйла эле келтек жедик. Темирлер, арматуралар менен башка-көзгө каалашынча койгулашты. Башка, колго, бутка урушту. Эсибиз ооп калып, эл чогулуп келип, бизди барып барымтадан чыгаргандан кийин ооруканага келдик. Алар дээрлик баары мас абалында эле.

Мураталыга болушканы келген анын атасы, апасы жана 3-4 милиция да кытай жарандарынын ур-тепкисинде калган. Алар барымтадан чыга албай калганда жергиликтүүлөрдөн 100гө чукул жаштар чогулуп, кытай-кыргыз болуп кагылыша кеткен. Натыйжада эки тарап тең жабыркап, кытай жарандары жашаган “Астан-Ата” кафеси талкаланган.

Мушташтан жабыркап, ооруканага жаткырылган 20дай адамдын алтоо азырга чейин дарыланууда. Алардын баары Кытайдын жарандары. Жан Чан Гу аттуу 39 жаштагы кытайлык окуя болгон күндөн бери эсине келе албай жатат. Башынан жабыркаган атуулга, дарыгерлердин атайын операциясы да жардамын берген жок.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарылоо иштер боюнча директордун орун басары Темиркан Жарматова:

- Куршабдагы окуядан кийин бизге алгач 2 оорулуу түштү. Кийинчирээк дагы төртөө Өзгөн райондук ооруканасынан биздин ооруканага которулду. Ошентип азыр бизде жалпы 6 оорулуу дарыланып жатат. Алардын абалы салыштырмалуу жакшы. Болгону бирөөсүнүн гана абалы оор. Ал башынан, мээсинен катуу жаракат алгандыктан комада жатат. Келгенден бери ошол абалда. Ал эми калган бешөө абалдары оңолуп, жакын арада чыкканы жатышат.

Ооруканадан чыккан кыргыз жарандары деле оңуп кеткен жок. Уулун куткарганы келип, ур-тепки жеп, колун сындырып алган Камал Сасыков дарыланууга азырынча түзүгүрөөк жардам боло электигин айтты. Ошого карабай ал кытай жарандарын кечирип, милицияга тосмо арыз берген экен:

- Кытай тараптан келип, “бул дарыланууңа, бул үкөлүңө” деп акча берип, же башкача жардам кылган болгон жок. Атайын келип жабыр тарткандардан кечирим деле сураган жок. Анан биздин чоңдор, айыл округ жетекчилери, электр ишканасынын жетекчилери келип, “арызыңды кайтарып ал, бул жумушчулардын иштеп турушу Кыргызстан үчүн эле керек” дешкендеринен аларды мен кечирдим. Өзү да мамлекет аралык мамилени жакшы түшүнгөндүктөн ушундай кадамга бардым.

Кытай мигранттары менен жергиликтүүлөрдүн алакасын чыңдоо үчүн Куршаб айылында эки тараптын өкүлдөрү катышкан атайын элдешүү иш-чарасы да уюштурулду. Куршаб айыл округ жетекчисинин орун басары Салибай Муратбаев Датка-Кемин электр линиясын тартып жаткан кытайлык ТВЕА компаниясынын жумушчулары кадимкидей иштей берээрин тастыктады:

- ТВЕА деп аталып жаткан компания бул жеке фирмалар менен гана келишим түзүп иштеп келаткан экен. Ушунун айынан соңку окуя болуп кетти. Эми кантсе да электр чубалгысы Кыргызстан үчүн керек. Ошон үчүн Кытай ишкерлери, жумушчулары кооптонбой эле иштерин уланта беришсе болот. Биз алардын иштешине шарт түзүп беребиз, баарын көзөмөлгө алабыз.

Кытайдын Оштогу консулу Ли Баоцзюн да “Азаттыкка” курган маегинде окуя атайын уюштурулбаганын айткан эле:

- Куршабда орун алган окуя күтүүсүз чыкты. Анын артында кандайдыр бир карамүртөздүк жок. Биз ал жерде иштеп жаткан жарандарыбыз менен сүйлөшүп, Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого милдеттендиребиз. Алар эки мамлекеттин ынтымагын чыңдоого салым кошуш керек.

Консул Датка-Кемин долбооруна Кытайдын түрмөлөрүндө оор кылмыш менен камалган кишилер келген деген маалыматты төгүндөп, баары мыйзамдуу түрдө келген жөнөкөй жарандар экенин айтты.

Ички иштер маалымдагандай, Куршабдагы окуя боюнча 6 кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Ош шаарында жана Ош облусунда 1000ге чукул кытай жараны бар экендигин расмийлер кабарлоодо. Бирок адистер алардын саны мындан 10 эсе көптүгүн болжошууда. Чек арадан ар кандай жол менен мыйзамсыз өтүп келген кытай атуулдары бул жерде кайсы бир чиновниктин коргоосунун алдында ээн-эркин жүрөт дешет серепчилер.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG