Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Максим Бакиев атасын атканбы?


Германияга дарыланууга кеткен Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтып келди. Бишкек, 2008-жылдын 28-марты.
Германияга дарыланууга кеткен Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтып келди. Бишкек, 2008-жылдын 28-марты.

Wikileaks сайты Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди кичүү уулу Максим Бакиев санга атканын жазып чыкты.


Мындай маалыматты аталган сайт АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин дипломатиялык кат алышуусунан таап чыккан.


Шамал болбосо...
Максим бул жоругун токтотпосо, мунун жыйынтыгы атасы үчүн жаман болуп калышы мүмкүн дегем. Себеби, мындай жол менен бардык таасирдүү тармактар Максимдин колуна өтмөк. Максим болсо жосунсуз жоруктарга жакын жигит болчу.Александр Воинов

«Викиликс» жазып чыккан маалыматта АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментине Курманбек Бакиевди кичүү уулу Максим санга атканы тууралуу имиштер тастыкталганын билдирген. Мындай маалыматты элчиликтин кызматкерлерине Максим Бакиевдин жакын санаалашы, ошол кездеги жаштар саясаты жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Александр Воинов айтып берген. Катта жазылганга караганда, Максим Бакиев президент атасына өтө орой мамиле кылаарын, мамлекетти башкарууга түздөн-түз кийлигишип, бир катар ишкерлерге басым жасап жатканын Воинов элчиликтин кызматкерлерине билдирген.

Максим Бакиев
Максим Бакиев
Бирок Александр Воинов “Викиликсте” жарыяланган маалыматты азыр төгүнгө чыгарууда. Ал Максим Бакиевдин досу болбогонун жана Курманбек Бакиевди кантип атканын көрбөгөнүн бүгүн "Азаттыкка" айтты. Канткен менен Воинов ата-бала Бакиевдердин мамилеси тууралуу АКШ элчилигинин кызматкерлери менен сүйлөшкөнүн четке какпайт:

- Курманбек Бакиев Германияга барып, дарыланып келген соң мени АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлеринин бири "Максим Бакиев кандай жигит, ал атасын атышы мүмкүнбү, мындай нерсеге анын колу барабы?" - деп сурады. Себеби Максим Бакиев студент кезинде менин клубума келип машыкчу. Мен Максим баарына барышы мүмкүн деген жоопту гана айттым. Мындан башка эч нерсе деле айткан эмесмин. Мен көрүп-билбеген нерсе тууралуу кантип айта алам?

Ошол эле кезде Александр Воинов «Викиликсте» жарыяланган Максим Бакиевдин бир катар ишкерлерге басымы тууралуу маалыматты элчиликтин кызматкерлерине айтканын ырастайт:

Германиядан дарыланып келген Бакиевди чиновниктердин жоон тобу тосуп алды. Бишкек, 28-март, 2008.
Германиядан дарыланып келген Бакиевди чиновниктердин жоон тобу тосуп алды. Бишкек, 28-март, 2008.
- Мен Максимдин бизнес чөйрөсүнө кийлигишип, ишкерлерге басым кылып жатканы тууралуу айткан болчумун. Мен элчиликтин кызматкерине Максим бул жоругун токтотпосо, мунун жыйынтыгы атасы үчүн жаман болуп калышы мүмкүн дегем. Себеби мындай жол менен бардык таасирдүү тармактар Максимдин колуна өтмөк. Максим болсо жосунсуз жоруктарга жакын жигит болчу.

​2008-жылдын жазында президент Курманбек Бакиев узак убакытка Германияга дарыланууга кетип, эл арасында Бакиевдин үй-бүлөсүндө атышуу болуп, андан президент катуу жабыркаганы тууралуу сөздөр айтылып кеткен. А түгүл Германияда дарыланып жаткан кезде "Курманбек Бакиев каза болуптур" деген да имиштер тараган. Бирок мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кечигүү менен болсо да андай маалыматтарды төгүнгө чыгарган.


Аңыз кептин аныгы чыгабы?


Германияга дарыланууга кеткенге чейин эле ал киши ооруп жатам деп жүргөн. Өкмөттөгү жыйындарда отуруп-турганда кыйналып, бир жак капталы ооруп жатканын биз деле байкаганбыз.
Токон Мамытов
Ата-бала Бакиевдердин ортосундагы келишпестикти «Кандуу жол» аттуу китебинде сүрөттөп берген ошол кездеги оппозициялык кыймылдын активдүү мүчөсү Эмилбек Каптагаев Максим Бакиевдин атасын санга атканы эл арасында мурдатан эле белгилүү болчу дейт:

- Мындай маалымат саясий чөйрөдө эле эмес, эл арасында деле уу-дуу жаратып, "Бакиевдердин үй-бүлөсүндө атышыптыр, Бакиевге ок тийиптир, ал өлгөнү атыптыр", деген маалыматтар айтылып, элдин баары эле чурулдап жаткан...

2008-жылы Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматын аркалап турган Токон Мамытов ошол учурда Курманбек Бакиев чындыгында эле сылтып басып, буту ооруп жүргөнүн көргөнүн айтат:

- Германияга дарыланууга кеткенге чейин эле ал киши ооруп жатам деп жүргөн. Өкмөттөгү жыйындарда отуруп турганда кыйналып, бир жак капталы ооруп жатканын биз деле байкаганбыз. Анан Германияга кеткен соң эле "аны баласы атыптыр, тууганы атыптыр, атышуунун ортосунда калып, ок жептир", - деген сөздөр болгон.

Ошол учурда президенттин маалымат катчысы болуп турган Нурлан Шакиев Бакиевдин өз уулунан ок жегени тууралуу маалыматты эл арасындагы көп ушактын бири катары сыпаттайт:

- Менде мындай маалымат болгон эмес, уккан да эмесмин. Бирок эл арасында ушактар жүргөнүн билем. Менин оюмча, мындай окуя болбосо керек эле. Саясий чөйрөдө бул тууралуу маалымат айтылганын билбейм. Бул тууралуу көчө ушактарын гана кулагым чалып калган эле.

“Викиликстеги” маалыматтарды орусчага которуп тараткан "КирТаг" маалымат агенттигинин директору Катя Урумканова бул сөздөрдүн чындыгына кепилдик бере албай турганын билдирди. Анын айтымында, "КирТаг" агенттиги “Викиликс” сайты менен атайын келишим түзүп, сайттын карамагындагы 3500дөн ашуун дипломатиялык билдирүүлөрдү жарыялоо уруксатын алган. Ага ылайык, жума сайын бирден маалымат жарыялап турат:

- Өткөн жылы биз “Викиликс” сайтынын бул жакка келген өкүлдөрү менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөнбүз. Анын алкагында бизге 3500 бетке жакын дипломатиялык билдирүүлөр түшкөн. Биз бул маалыматтарды которуп, “Викиликске” шилтеме берип жарыялап турабыз. Сөз болуп жактан маалымат да алардын бири болчу.

2010-жылдан бери “Викиликс” сайты АКШнын бүт дүйнө боюнча дипломатиялык жашыруун кат-кабарларын жарыялап келет. Алардын арасында Кыргызстан менен АКШ мамилеси, “Манас” аба майданындагы жүк ташуу борбору жана саясатка байланыштуу бир катар маалыматтар ачыкка чыкты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG