Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Митингге чакырган сырдуу смстер


Кумтөр алтын кенин иштетүүгө каршы Барскоон айылындагы акциядан, 31-май, 2012.
Кумтөр алтын кенин иштетүүгө каршы Барскоон айылындагы акциядан, 31-май, 2012.

Бишкектин көчөлөрүндө Кумтөр боюнча митингге чакырган баракчалар таратылып, шаардыктарга белгисиз номерлерден смс билдирүүлөр келүүдө.

Сөз болуп жаткан смс билдирүүлөр дүйшөмбүдөн тарта Бишкектин тургундарынын чөнтөк телефондоруна жөнөтүлө баштады. Билдирүүлөрдө “Кумтөр кыргызга иштеш керек. Урпактардан бирдик аябай, муну дагы 7 кишиге жөнөт” деген сөздөр жазылып, жарандарды 3-октябрдагы митингге катышууга чакырык ташталат.

Пикет-митингдер көп өткөн Кыргызстанда буга чейин мындай ыкма менен митингге чакыруу колдонула элек болчу. Бирок аталган митингди уюштуруп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров “Азаттыкка” мындай чакырыктарга эч тиешеси жок экенин айтты:

- Мен эч кандай смс билдирүүлөр боюнча билбейт экенмин. Мен митингге Кумтөр маселесин карайбыз, башка “сасык саясатты” аралаштырбайбыз деп телекөрсөтүү аркылуу, радиолор аркылуу эле чакырып келгем. Ал эми смс жөнөткөндөр балким биздин тилектештерибиз болушу мүмкүн. Кыргызстанда бизден башка деле патриоттор көп да.

Смс билдирүүлөр кадимки эле номерлерден жөнөтүлгөн. Булагын билүү үчүн “Азаттыктын” кабарчылары кайрадан чалган учурда ал номерлер иштебей турганы белгилүү болду. Күч органдарынан болсо анонимдүү номерден кимдер чакырык таштаганы аныкталып жатканын маалымдашты.

Билдирүүлөрдүн мыйзамдуулугу тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Нүргүл Нусупова буларга токтолду:

- Смс билдирүүлөр боюнча укук коргоо органдары текшерип жатат. Митинг аяктаганга чейин бул маалыматтар такталат. Ал эми смс билдирүүлөрдүн мазмунунда коопсуздукка коркунуч келтирген чакырыктар деле жок. Бул жөн гана уруксат алынган митингге чакыруу, кабарлама катары эле таратылган билдирүүлөр экен.

Садыр Жапаров бул митингде канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бардык келишимдерди жокко чыгарууну жана пайдасыз түзүлгөн келишимдин эсебинен олжого туйтунган бийлик өкүлдөрүнүн тизмеси жарыяларын убада кылууда.

Бирок Садыр Жапаровдун үстүнөн кылмыш иш козголгон учурда митингдин уюштурулушу коомчулукта бир катар күдүк ойлорду жаратты. Буга чейин башкы прокуратура Жапаровго апрель окуяларынан соң Бакиевге тиешелүү имараттардын бирин “атамекенчи” депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековдон алдамчылык менен өткөрүп алган деп кылмыш ишин козгогон.

Кумтөрдү улутташтыруу демилгесин колдоп жүргөн “Эркин Эл” жаштар кыймылынын төрагасы Мавлян Аскарбеков уюштурулуп жаткан митингдин түпкү максаты башка деп эсептейт:

- Биз Кумтөрдү улутташтыруу демилгесин колдойбуз. Бирок эртеңки митингге катышпайлы деп чечтик. Бул митингдин максаты башкада. Садыр Жапаров элди чогултуп, өзүн коргоп, анан упай топтош үчүн саясий максатта уюштуруп жатат.

Буга кошумча болуп Кумтөрдү жамынып оппозициядагы “Ата-Журт” партиясы бийлик менен соодалашып, өзүнө упай топтоого аракет кылат деген божомолдор да айтылып жатат. Учурда Башкы прокуратура Жапаров эле эмес, “Ата Журт” фракциянын мүчөлөрү Нариман Түлеев, Нурлан Сулаймановго дагы кылмыш иш козгоп, бул иштерди иликтенип жаткан чуулгандуу кылмыштардын катарына кошту.

“Кыргызстанды сактоо” кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаев мындан улам митинг шылтоосу менен саясий оюндар болушу мүмкүн деп боолголойт:

- Негизинен Кумтөр маселеси көтөрүлгөнү туура эле. Бирок Жапаров уюштурган митингдин артында башка саясий күчтөр турушат. Муну эртең көрөсүңөр. Биз ошондуктан катышпайлы деп чечтик.

Анткен менен парламенттик оппозициядагы “Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев партиянын бул митингди уюштурууга катышы жоктугун, бирок партия мүчөлөрү акцияга катышаарын билдирди:

- Бул акцияны уюштурууга “Ата-Журттун” эч тиешеси жок. Бирок Кумтөр жалпы Кыргызстанга тиешелүү маселе болгондуктан, биз барып өз ойлорубузду айтабыз. Экинчиден, бул оппозициянын гана ою эмес. Ал эми мында саясий максат бар дегендер жаңылышат.

Азыркы тапта Кумтөр боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, кендеги абалды иликтеп жатат.

Комиссия төрагасы Темир Сариевдин сөзүнө караганда, Кумтөрдү экономикалык, укуктук багыттар боюнча текшерүү бүтүп калды. Ал эми экологиялык анализ дагы бир канча убакытка созулат. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо өткөн аптадагы кеңейтилген жыйында Кумтөр мамлекеттин карамагына алынбай турганын билдирген.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG