Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Митингчилер Ак үйдүн короосуна кирип барды (видео, фото)


Митингчилер Ак үйдүн короосуна кирип барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:32 0:00

Митингчилер Ак үйдүн короосуна кирип барды

Кумтөрдү улутташтыруу талабы менен башталган митинг тоз-тополоң менен аяктады.

3-октябрда чак түштө Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы коюлган митинг башталган.

Анда сүйлөгөндөр Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгарып, кенди иштетүүнү толугу бойдон мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу талаптары айтып жатышты.

Маселен Садыр Жапаров өз сөзүндө Канадалык компания менен Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимдер Кыргызстан үчүн эч пайда алып келбегенин, мындан бир катар бийлик төбөлдөрү олжого маарып келгенин билдирди. Жапаров Аскар Акаев, Турсунбек Чынгышев, Эсенгул Өмүралиев, Дастан Сарыгулов баштаган коррупциялык схеманы азыркы бийлик да улантып жатканын кошумчалады:
.
- Азыркы учурда президент баш болуп премьер-министр ажыдаарга айланышты. Атамбаев өзү Ак үйгө киргендер ажыдаар болот дечү эле азыр өзүнүн куйругу 5 метрге узарды. Азыр айтып жатышат силер “алтын минген кедейсиңер” деп, мындай жол менен кете берсек уу калдыктарын минген кедейге айланабыз. Ошого жол бербешибиз керек.


Митинг аяктап калганда сүйлөгөн "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев чогулгандарды бийликти алууга чакырып, жоопкерчилик өзүндө болоорун айткан соң митингчилер Ак үйдү көздөй жөнөдү. Митингге жалпысынан 1500-2000дей киши чогулганы кабарланган. Ак үйдүн короосуна депутат Камчыбек Ташиев баштаган митингчилердин 50 чактысы темир тосмодон ашып түшкөнгө үлгүрдү.

Окуя болгон жерден кабарчыбыз Ак үйдүн (Жогорку Кеңештин имараты) алдына барган топту коопсуздук кызматы кайра сүрүп чыгарганын, аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонулганын кабарлады.

Митингчилерди милиция сүрүп чыкты.
Митингчилерди милиция сүрүп чыкты.

Парламенттин короосунан сүрүп чыгарылгандан кийин митингчилер ар тарапты көздөй качкан. Көздөн жаш агызуучу газ чачылып, 30дай атчан милиционер, 100дөн ашуун жөө милиция жана атайын үйрөтүлгөн иттери бар коопсуздук кызматтары ошентип 50дөй адамдын Жогорку Кеңеш имаратына кирүүсүнө жол берген жок.


Атчан милициялар
Атчан милициялар


Күч колдонуу митингчилер тарабынан таш ыргытылганда башталганы айтылууда.

Азыр Жогорку Кеңештин сыртындагы абал толугу бойдон милициянын көзөмөлүндө экенин "Азаттыкка" ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, парламенттин ичине кирүүгө аракет жасаган айрым тартип бузуучулар кармалды, кармоолор дагы эле уланып жатат. Ал эми элди бийликти басып алууга үндөгөн депутат Камчыбек Ташиевди жоопкерчиликке тартуу маселесин Баш прокуратура чечет, - деп айтты министр.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кечинде бул күнкү тополоңдон кийин жалпысынан 12 адам жабыркаганын, алардын 9у милиция кызматкерлери экенин кабарлады.

Ушул эле күнү кечинде митингдин уюштуруучулары делген Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду УКМК суракка алып кеткени белгилүү болду. Кийинчерээк адвокат Икрамидин Айткулов бул эки депутат 48 саатка камалганын билдирди.
Ак үй алдындагы тополоңдон сүрөт баян

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG