Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

“Кумтөр” ара жолдо калды


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Ишин жыйынтыктаган Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттарынын негизги кемчилиги катары “Кумтөр” маселесинин чечилбей калганы айтылууда.

Өлкө парламенти беш жыл бою кыргыз экономикасынын уңгусу болгон ишканасынын үлүшүн мамлекет пайдасына чече албаганынын негизги себептери эмне болду, мурдагы келишимдердин сабатсыз, мыйзамсыз түзүлгөнүбү же инвестор тарабынан өкмөттү, депутаттарды сатып алуу болгонбу деги Кыргызстан “Кумтөрдүн” көпчүлүк үлүшүнө ээ боло алабы? Ушул жана башка маселелер “Арай көз чарай” берүүбүздө кеп болду.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева жана “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов катышты.

Токон Мамытов: “Кумтөрдү” өкмөт өзү чечиши керек болчу, бирде парламентке, бирде кайсы бир агенттикке, башка жолу “Кыргызалтынга” түртө салып келди. Мен иштеп тургандагы өкмөт ушундай иштеди, жоопкерчилик алгандан коркту. Тиешелүү мыйзамдарды даярдап, ошол эле улутташтыруу боюнча ж.б. маселелерди карап парламентке сунуштаса, депутаттар колдомок, баары коркушту.

Эркинбек Алымбеков: Дүйнөлүк тажрыйбаны алсак, эл аралык трансулуттук компаниялар көз карандылыгын жаңыдан алган мамлекеттердин жетекчилерин сатып алып, каалагандай калчаган учурлар азыркыга чейин уланып келет. Бийликтин туруктуулугу, жоопкерчилиги жок болгондуктан тышкы күчтөр таасир көрсөтүп жатышат. Кыргызстандын эгемендүүлүк мыйзамдарына таяп чечип койгонго өкмөткө ким жолтоо болду?

please wait

No media source currently available

0:00 0:23:12 0:00
Түз линк

Эркингүл Иманкожоева: Ар бир келген өкмөт жооп бербегендиги үчүн ушундай болду. Парламент тиешелүү мыйзамдарды чыгарып жатты, мисалы мен “Мөңгү” мыйзамын даярдадым, бул мыйзам түздөн түз “Кумтөргө” тиешелүү болчу, мен бул жөнүндө катуу позицияны карманып келдим...

Эркинбек Алымбеков: Биздин өкмөт “Кумтөргө” адвокат болуп алганын убагында айтып жүрдүм. Эгер биздин өкмөттүн “Кумтөргө” сатылганын далилдейбиз десеңер “Центерра” түзүлгөндө ким канча акция алганын ачтыралы деп келдим, ошондо көп адам жоопкерчиликке тартылмак, ага өкмөттүн эрки жеткен жок.

...“Кумтөр” маселеси келерки парламентте да чечилбейт. Анткени шайлоого катышкан 14 партиянын бири да “Кумтөр” маселесин кантип чечебиз деген программасын айткан жок.

Эркингүл Иманкожоева: Мен 10 жылдан бери ушул маселе боюнча мониторинг жүргүзүп келатам. “Кумтөргө” байланышкан маселелерди депутаттар аягына чейин түшүнгөн жок, таанышып чыкпай эле сырттан эле мамиле кылып келишти, алар документтерин чоң-чоң кылып атайын том-том кылып жазып коюшат экен...

XS
SM
MD
LG