Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Ысык-Көл фондунун каражаты кайда кетти?


Жети-Өгүздөгү нааразылык, 31-май, 2013.
Жети-Өгүздөгү нааразылык, 31-май, 2013.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы аймакты өнүктүрүү фондунун каражатын максатсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, (маек Токон Мамытов вице-премьерликке бекитилгенге чейин алынган - ред) облустук прокуратура кылмыш ишти мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар, фондго түшкөн каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу сыяктуу фактылар боюнча козгоп, айрым облустук деңгээлдеги кызматкерлердин жоопкерчилиги териштирилип жатат:

- Азыр ошол кылмыш иши териштирилип жатат жана тергөө иштери аяктаганга чейин бир нерсе айтууга эртелик кылууда.

Ошол эле мезгилде облустук прокуратурага шилтеме берип таратылган маалыматтарда курулуштарга жана ремонттоого үлөштүрүлгөн каражаттардын 101 миллион сому дайынсыз кеткендиги айтылууда.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетиөгүздүктөрдүн 27-майда көчөгө чыгышына дал ушул аймакты өнүктүрүү фондунун жарытылуу иштебегендиги себепкер болду деп билдирген. Жаңжал менен аяктаган ал акцияларда жергиликтүүлөр оорукана, балдар бакчасын куруу, жолдорду оңдоо сыяктуу талаптарды коюп чыгышкан.

Март айында таратылган маалыматка караганда, Кумтөр ишканасы бөлүнгөн каражат көбөйгөндүгүнө байланыштуу байкоочу кеңеш каражаттын 40 пайызын бюджет түзүүчү ишканаларга, 60 пайызын социалдык объектилерге бөлүү чечимин чыгарган.

Биринчи вице-премьер министр Жоомарт Оторбаевдин өткөн аптада журналисттерге айтканы боюнча, Кумтөр жылына фондго өз бюджетинин бир пайызын, башкача айтканда 10 миллион доллардан бөлүп турат. Маселен, быйылкы беш айда фондго 3 миллион 400 миң доллар которулган.

Эсеп палатасы миллиондогон сомдор жободо көрсөтүлгөндөй социалдык муктаждыктарга эмес, ар кыл иш-чараларды уюштурууга, сыйлык ыйгаруу, иш сапарлар, микрокредиттик агенттиктин кредиттик портфелдерин толтуруу, жергиликтүү гезиттердин карыздарын жабуу сыяктуу максаттарга чыгымдалган деп билдирүүдө.

Кумтөр берген каражат максатсыз пайдаланылып келаткандыгын эсеп палатасы өзүнүн 2007-2011-жылдардагы текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча тараткан маалыматында белгиледи. Бул жылдары фондго ишкана жалпысынан 962 миллион сомдон ашык каражат которуп, 2012-жылдын башында ал каражаттын 35 миллион сомдон ашыгыраагы гана калган.

Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева фонддун ишмердигин тигил же бул окуяларга байлабай, башынан аягына чейин ырааттуу текшерип чыгууну сунуштоодо. Депутаттын баамында, өкмөт да, байкоочу кеңеш да көзөмөлдөбөй, натыйжада каражат туш келди короп келатат:

- Жободо жазылып турат: байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзүшү керек. Үч депутат жобого өзгөртүү киргизип, өкмөткө сунуш кылганбыз. Майрамдарга, эстеликтерди курууга өнүгүү фондунан каражат бөлүүнү токтоткула, бардыгы социалдык объектилерге кетсин деп. Биздин өкмөттөн да кетип атпайбы, көзөмөлдөш керек эле да.

Кыргыз өкмөтү бекиткен жобого ылайык, фонддун каражатын байкоочу кеңеш бөлүштүрөт жана каражаттардын максаттуу пайдаланышына өкмөттүн облустагы өкүлү жооп берет. Бирок иш жүзүндө байкоочу кеңеш формалдуу иштеп, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү негизги кожоюндун милдетин аткарып келген.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн бири Сонун Телтаева тескерисинче, фонддун каражаттарынын максаттуу бөлүштүрүлүшүнө байкоочу кеңештин мүчөлөрү олуттуу салым кошуп келаткандыгын белгиледи.

Ал эми укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова фонд коррупциялашкан схема менен иштеп келатат деген ишенимде:

- Фонддун каражаты кайда кетип атат деген биздин сурообузга өкмөт толук кандуу жооп берген эмес. Фонддо түзүлгөн коррупциялык схема мурдагы жана бүгүнкү мамлекеттик кызматкерлердин капиталы болуп атат. Муну биз жоопкерчиликти алып туруп айтып атабыз.

Төлөйкан Исмаилова бул схеманы бузуп, келген каражатты социалдык муктаждыктарга буруу үчүн фонддун ишин бийликтен көз карандысыз кадыр-барктуу байкоочу кеңеш башкарышы керек деп эсептейт. Мындай пикирин буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Токон Мамытов да айткан. Бул тилек качан ишке ашаары азырынча белгисиз. Ал арада фонддун каражатын бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүү керек деген да демилгелер чыгууда.

Фонддун байкоочулар кеңешин учурда Кыргыз өкмөтүнүн облустагы өкүлүнүн орун басары болуп жаңы дайындалган Аскарбек Жаныбеков убактылуу башкарып жатат. Жети-Өгүз окуясынан кийин, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун айланасындагы акыркы жаңжалдарга байланыштуу өкмөттүн облустагы өкүлү Мирбек Асанакунов, анын орун басары, фонддун байкоочулар кеңешинин төрагасы Уланбек Маликов жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Айтбек Окенов кызматтарынан алынышкан. Кызматтан кеткен бул жетекчилер фонддун ишмердигине байланыштуу коюлуп жаткан дооматтарга өз пикирлерин билдирише элек.

Ысык-Көл аймагын өнүктүрүү фондун 1997-жылы Кыргыз өкмөтү өз токтому менен Жети-Өгүз районунун карамагындагы Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан канадалык компания менен макулдашууга ылайык түзгөн. Анын жобосун жана байкоочулар кеңешинин курамын өкмөт башчы бекитет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG