Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Кумтөрдүн жумушчусу кар көчкү алдында калды


Кумтөр кени, 2013-жыл.
Кумтөр кени, 2013-жыл.

Ысык-Көлдө Жети-Өгүз районундагы Сары-Мойнок ашуусу тарапта кар көчкү жүрүп, Кумтөр ишканасында келишимдик негизде иштеген эки жумушчуну басып калды.

Жумушчунун бирөө табыла элек, ал эми экинчиси куткарылды, бирок абалы оор. Алар кырсыкка тоонун башындагы "Кумтөр" ишканасынын ретрансляторун оңдоп, кайтып келатканда кабылган.

Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар көчкү 29-сентябрда кечки саат бештер чамасында түшкөн. “Кумтөр” ишканасынын маалымат кызматынын өкүлү Мирлан Кимсановдун “Азаттыкка” билдиришинче, алты адамдан турган топ “Сары-Мойнок” ашуусу тарапка ишканага таандык ретрансляторду оңдоо үчүн барган:

- Сары-Мойноктун кайсы жеринен көчкү түшкөнүн айта албайм. Сары-Мойнок Кумтөргө карабайт. Ал уюлдук компания жана башка ишканалардын антеннасы турган жер болчу. Ал жакта негизи көчкү жүрүп турат. Бул эми кырсык. Эч ким күткөн эмес.

Сары-Мойнок ашуусунун бийиктиги 3126 метрди түзөт. Ашуу Кумтөрдөн 30, ал эми Караколдон 140 чакырым ары жайгашкан. Жети-Өгүз районунун акими Калыс Жудеев аталган ашууда көчкү түшкүдөй кар болбогонун айтууда:

- Сары-Мойнок ашуусу тынч, көчкү түшө тургандай деле жер жок. Тоо башындагы кардын баары эриген. Көчкү жүргүдөй деле калың кар жок.

Табигый кырсык болгон аймакка Коргоо министрлигине таандык тик учак барды. Учурда кар көчкүнүн алдында калган Майрамбек Абдылдаевди издөө уланууда. Ал эми анын куткарылган шериги Михаил Кузьминдин абалы оор экени айтылууда.

"Өмүр дарагы" адамды өнүктүрүү борборунун башчысы, эколог Калия Молдогазиеванын пикиринде, мындай шартта коопсуздук чараларына жакшы көңүл бурулушу керек эле:

- Биринчиден, коопсуздук техникасы сакталышы керек болчу. Экинчиден, көчкү түшөбү же жокпу дегендей аба ырайы тууралуу маалымат эске алынышы керек эле. Чукул кырдаалдар министрлиги мындай маалыматты алдын ала таратат эмеспи. Ушундай эскертүү болгонбу, же жокпу, мунун баарын тактоо керек. Эгер мындай эскертүү болсо, андай оңдоо иштерин жасабашы керек.

Алгач табигый кырсык Сары-Мойнок ашуусунда эмес, Сары-Төр аймагында болду деген маалымат тараган. "Кумтөр" ишканасы Сары-Төрдөгү кенди казуу ниетин билдирген. Бирок айрым экологдор бул мөңгүлөрдүн эришине алып келерин айтып, каршы чыгышкан болчу.

Былтыр Кумтөрдө кенди иштетүүдөн кийинки металл аралашпаган борпоң тек жылып, ишканага таандык жабдууларды, имараттарды басып калуу коркунучу жаралган. Аталган компания кен калдыктарын Сары-Төр аймагына жылдыруу жагын караштырып жаткан.

XS
SM
MD
LG