Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Кумтөр: опузалап акча сурады делгендерге иш козголду


Жети-Өгүздөгү митинг, 31-май, 2013
Жети-Өгүздөгү митинг, 31-май, 2013

Жети-Өгүздө митингдин себепкерлери болуп жаткан Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курманов аттуу жарандарга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Кумтөрдүн” жетекчилигинен опузалап акча талап кылган деген айып менен кылмыш иш козгоду.

Экөө тең май айында Жети-Өгүздөгү Кумтөр боюнча нааразылык акцияларды уюштургандардын катарында жүргөн. Жунушбаев жана Курманов “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылып жатканы жөнүндө жашыруун тартылган тасма жарыяланды. Канадалык компания болсо бул кылмыш ишти иликтөөдө чекисттер менен кызматташып жатканын расмий билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев 28-августта “Азаттыктагы” маегинде Жети-Өгүз окуясын уюштургандар сот жообуна тартыларын, мындан ары жол тосуу өңдүү акцияларга жол берилбесин эскерткен эле.

“Кумтөр оперейтинг” компаниясынын туруктуу өнүгүү боюнча директору Дуглас Гриер акча талап кылып жатканы тууралуу атайын кызматка арыз жазган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Тилек Чокморов арыздын негизинде иш козголгонун, бирок кылмышка шектүүлөргө кандайдыр бир чара көрүлө электигин билдирди:

- Ыкчам тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, анын натыйжасында Курманов жана Жунушбаев аттуу Кыргызстандын жарандары “Центерра” ишканасынан 3 миллион АКШ долларын талап кылган фактылар аныкталды. Аталган жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин “опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда Курманов жана Жунушбаевге карата кандайдыр бир чара көрүлө элек. Тиешелүү иштер жүрүп жатат.

"Акча доолаган эмеспиз"

Чуулгандуу видеону ошол кылмыш иш козголгон күнү, 28-августта Коомдук телерадио корпорациясы жарыялады. Жашыруун камера менен 31-июлда кечки саат 9-10дор аралыгында тартылганы көрсөтүлгөн тасмада төрт адам отурат. Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевден сырткары “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын коопсуздук кызматынын өкүлү Турумбек Дүйшөналиев менен туруктуу өнүгүү боюнча деректири Дуглас Гриер бар экени белгиленет. Байкагандарга Дүйшөналиев аттуу адам тараптарга ортомчу болуп жаткандай. Ал эми Курманов менен Жунушбаев деп көрсөтүлгөн жарандар сураган акча берилбесе тополоң болоорун эскертүүдө.

Барскоон, 31-май
Барскоон, 31-май
Опузалап акча сурады делгендердин бири Бактияр Курманов буга чейин эки жолу соттолгону тууралуу маалымат айтылууда. Ал эми Эрмек Жунушбаев Саруу айылдык кеңештин депутаты. Курманов "Азаттыкка" жолугушуу болгонун тастыктап, бирок анда акча доолашпаганын айтууда:

- 3 миллион доллар тууралуу сөз да болгон эмес. Районго, облуска бөлүнүп аткан 20 миллион доллар тууралуу болгон. Ошол акчадан бизге сунуш кылышкан. Биз ошол жерден эле баш тартканбыз. Бул убакка чейин бизге канчалаган сумма акча сунуштап келген. Биз Кумтөр чечилиши керек деп баарынан тең баш тартканбыз. Өкмөт ушул маселени чече албай калып, ушундай жүрүштөрдү жасап жатат деп ойлоп жатабыз.

Ошондой эле чуулгандуу тасмада мурунку депутаттар: Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев тууралуу да сөз болгон. Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын мурунку депутаты Садыр Жапаров буга тиешеси жоктугун билдирди:

- Ал балдар канадалыктарды коркутуу үчүн биздин атыбызды колдонушса керек. Болбосо ал балдар менен биздин эч кандай байланышыбыз, тиешебиз да жок. Сүйлөшкөн да эмеспиз. Аны бардык жагынан текшерип көрсөңүздөр болот.

Мыйзамсыздыкка жол берилбейт

Бул окуя боюнча “Кумтөр оперейтинг” компаниясы атайын билдирүү таратты. Анда кылмыш ишти иликтөөгө атайын кызмат менен кызматташып жатканы айтылат. Компания ар кандай талаптар аткарылбаса, жол тосулат өңдүү коркутууларга карабастан конструктивдүү сүйлөшүүлөрдөн, социалдык долбоорлордон баш тартпасын белгилеп, көлдүктөрдү мыйзамсыз иш-чараларды колдобоого чакырган.

Антсе да атайын кызмат соттун чечими менен жашыруун тарткан бул чуулгандуу тасма боюнча чекисттердин өздөрүндө да суроо жаралууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин мурунку орун басары Марат Иманкулов акча алып жатканда колго түшүрүп калуу мүмкүнчүлүгү колдонулган эмес деп билдирди. Мындан улам сотто далилдөө кыйын болуп калышы ыктымал:

- Ошондой опузалап акча талап кылуу болсо, акча берип жатканда карматат. Бул классикалык ыкма. Болбосо эртең соттон өтпөй, далилдеп бере албай калышы мүмкүн. Мен ушул системада иштеп жүргөм. Акчасын берчүбүз, протоколдоштуруп, күбөлөрдүн негизинде акча берип атканынын баарын жаздырып алчубуз. Эгер чындап эле опузалап акча сураса, эмнеге үстүнөн кармап алышпаганын мен түшүнбөй жатам.

Президент Алмазбек Атамбаев 28-августта “Азаттыктагы” маегинде Жети-Өгүз окуяларын уюштургандар соттолорун, жол тосуу өңдүү акцияларга жол берилбесин эскерткен:

- Жети-Өгүздөгү окуя боюнча кылмыш иш жакында сотко өтөт. Укуктуу мамлекет түзөбүз деп жатпайбызбы. Мыйзам бузган ар бир адам жоопкерчиликке тартылат. Кыйкырып, элди түрткөндөр кийин кутулуп кетет экен. Ошолорду ээрчип чыккан балдар жоопкерчиликке тартылып калат экен. Ошону акырындан элге түшүндүрсөк, менимче ушундай окуялар токтойт. Бирок ачык айтайын, мындан ары кыйкырып жол жабабыз, тигинтебиз-минтебиз дегендер өзүн-өзү сооротпосун, баары бир жоопко тартылат.

Жети-Өгүздө Кумтөр боюнча нааразылык акциялар май айынын этеги, июнь айынын башында өткөн. Азыр кыргыз өкмөтү Кумтөрдү иштеткен компания менен жаңы шарттар тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатат жана анын жыйынтыгы сентябрда парламентте талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG