Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Шыкмаматов: “Центерра” 67 пайызга көнүшү күмөн


Кумтөр келишими боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөр өтүп, тараптар бир пикирге келише алган жок. Сүйлөшүүгө кыргыз өкмөтү тараптан катышкан юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Алманбет мырза, сүйлөшүүлөр кандай өттү, эмне сөз болду?

Шыкмаматов: Узаган жумадагы майрам күндөрү үч күн катары менен сүйлөшүүлөр болду. Ага “Центерранын” жогорку деңгээлдеги жетекчилери келди, компаниянын президенти Ян Аткинсон менен директорлор кеңешинин төрагасы Стивен Ланг дагы бар. Сүйлөшүү абдан оор болду, Кыргызстандын премьер-министри аларга катуу маанайда “алыстан атайын соттошобуз деген сөздү айтуу үчүн келдиңерби?” - деп айтып, сотко баруу эң акыркы кадам болууга тийиштигин белгиледи.

Анткени "Центерранын" өкүлдөрү сүйлөшүү башталганда эле “биз тажадык, бир жылдан бери күтүп жатабыз, бизди акционерлер менен директорлор кеңеши соттошууга барууга мажбурлап жатышат, эл аралык сотко беребиз”, - деп айтып, сөздү демитүү менен башташты. Ошондон улам премьер Сатыбалдиев ачууланып, “биз дагы соттошобуз, биздин да экология боюнча чоң дооматтарыбыз бар. Ошону эл аралык сотто көтөрүүгө биз да даярбыз. Бул элдин пикири, ишенбесеңер элди аралап, сурамжылап көргүлө. Жакында Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды, эми өкмөт парламенттин тапшырмасын аткарууга тикелей милдеттүү. Бизде эки гана жол бар, 67-33% үлүш же соттошуу, ага биз да даярбыз”, - деп катуу айтты.

"Азаттык": Демек, “Центерра” Жогорку Кеңештин чечимине каршы көз карашын билдирген турбайбы?

Шыкмаматов: Алар каршы, “макул эмеспиз, биздин акционерлер жана директорлор кеңеши каршы. Кыргызстанга эч качан 67% үлүш берилбейт, бере албайбыз, андан көрө соттошобуз” дешти. Биз дагы парламенттин токтомун буза албастыгыбызды айттык.

"Азаттык": Алар сүйлөшүүлөрдө кандай сунуштарды айтышты?

Шыкмаматов: Алардын сунуштары мурунку долбоорго анча-мынча гана өзгөртүүлөрдү киргизбесе, дээрлик эч нерсе өзгөртпөйт. Анын ичинде бүдөмүк сунуштар да бар. Мисалы Кыргызстан 4% үлүштү 100 миллион долларга сатып алса, ал акчаны кайра жол курууга ж.б. жумшайлы деген сыяктуу сунуштарды айтып жатышат. Буга парламент да, эл да көнбөйт, бул айдан ачык нерсе деп ал сунуштарды кабыл алган жокпуз.

"Азаттык": Кумтөр боюнча макулдашуу жетишилбесе, келишимди бир тараптуу бузууга туура келерин премьер-министр да айтыптыр, мурдараак "келишимди бузууга барууга аргасызбыз" деп президент Атамбаев дагы билдирди эле. Эгер келишим бузулса, өлкөгө кандай зыянын тийгизет?

Шыкмаматов: Келишимди бузуу Кыргызстанга оор түйшүк апкелет. Мамлекеттик капчыкка, экономикага терс таасирин тийгизет. Пенсия, жөлөк пул, айлык акы берүү оорлойт. Бирок Кыргызстандын да башка аргасы жок. Эгерде башка түшкөн ушул кыйынчылыкты эл көтөрүүгө даяр болсо, биз "Центерра Голд" менен соттошууга барууга даярбыз. Анткени биз канчалык корккон сайын, алар өз пайдасына иштөөгө аракет кылат.

"Азаттык": Кийинки сүйлөшүүлөр качан болот?

Шыкмаматов: Эки тараптын эксперттери сүйлөшүүнү улантып жатышат. Бишкекке келген “Центерранын” жетекчилиги Канадага кетти. 23-декабрга чейин дагы убактыбыз бар. Бул аралыкта эки тарап ийри отуруп, түз кеңешүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

"Азаттык": Сиздин пикириңизде Кыргызстандын Кумтөрдүн 67% үлүшүн алабыз деген сунушуна "Центерра Голд" көнөбү?

- Менин оюмча, "Центерра Голд" 67% көнүшү күмөн. Алар дагы өз акционерлеринин катуу басымына кабылып жатканын айтууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG