Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

"Мунайгаздын" мунайы уурдалганбы?


Жалал-Абад. 2015-жыл.
Жалал-Абад. 2015-жыл.

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ишканасынын директорунун эки орун басары жана бир кызматкери 7-апрелде камакка алынды.

Кармалгандарга "ишенип алынган мүлктү ыйгарып алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мындан сырткары мунай уурдаган белгисиз кошумча түтүктөр табылып, дагы бир кылмыш ишинин бети ачылды.

"Кыргызмунайгаз" ишканасынын жооптуу кызматкерлери Кочкор-Ата шаарындагы акиташ цехтерине жаратылыш газын сатууда 883 миң куб метрлик көлөмдү жоготууга учуратып, 5 миллион 420 миң сомдук чыгымга алып келген. Буга байланыштуу былтыр Ноокен райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, 7-апрель күнү кызмат адамдарын камакка алганын райондук милиция башчысынын орун басары Абдыкайым Ташматов айтты:

- Былтыр тергөө иштери прокуратуранын тапшырмасы менен төрт айга узартылган. Мөөнөт бүткөн соң ишкананын директорунун орун басарлары Тимур Мураталиев, Оморалы Анарбаев жана газ сатуу бөлүмүнүн технологу Мураталы Зулпуевге айыбы угузулуп, материалдык чыгым көп болгондуктан аларды камакка алдык. Булардын үстүнөн Кылмыш кодексинин 170, 316, 221-беренелеринин негизинде шалаакылык жана берилген мүлктү ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

"Кыргызмунайгаз" ишканасынын жетекчисинин орун басары Оморалы Анарбаев козголгон кылмыш иши мыйзамсыз экенин айтты. Маалыматка караганда, ишкерлер ортосундагы келишимде эч кандай жоготуу болгон эмес, болгону убагында чара көрүүгө жетишкен эмеспиз дейт:

- Биз шектүү катары кармалдык. Туура, былтыр апрель, май, июнь айларында акиташ чыгарган ишкерлер менен түзүлгөн келишимдин негизинде берилген газдын ортосунда чоң жоготуу болуп жатат. Бирок биз текшерүү жүргүзүп, алардын баарын ишкерлердин мойнуна илгенбиз. Алар макулдук берип, кийинчерээк жоголгон газ чыгымын төлөп берүүгө милдеттенишкен. Андан соң гана биз жаңы газ эсептегичтерин орнотуп, азыр эч кандай маселе жок. Милиция "убагында чара көргөн эмессиңер" деп айып коюуда. Бирок 20 адам менен келишим түзгөн үчүн баарына бир заматта жетишүү мүмкүн эмес экен.

Бирок жетекчинин пикирин ушул эле ишкананын газ сатуу бөлүмүнүн юристи Абдилмурат Нышанкулов четке какты. Анткени убагында жоготууну жоюу максатында жетекчиликке билдирүүлөр берилген.

- Биз былтыркы жылдын июль айында бөлүмдүн кызматкерлери чогулуп, "жоготуу болуп жатат, жаңы эсептегичтерди койгула" деп эскерткенбиз. Бирок ага эч кандай жеткиликтүү жооп болгон эмес. Биз былтыр октябрь айында акиташ цехтерине газ берүүнү токтотуп койгондон кийин гана ушул маселе оңунан чечилди. Бирок убагында чара көрүлгөн эмес.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмү "Кыргызмунайгаз" ишканасынын мунай куурларынан кошумча түтүк жасап, кара май уурдалып жүргөн факты боюнча өткөн айдын этегинде дагы бир кылмыш ишин ачты.

Тергөөчү Тилек Барбуевдин маалыматына ылайык, жаз айынын башында 300 метрдей жер алдына 32 диаметрлүү түтүктөр жайгаштырылган жана бир нече жолу уурдоо жолу менен кара май ташуу фактылары катталган:

- Кочкор-Ата шаарынын Момбеков айылындагы тоодо "Кыргызмунайгаздын" мунай куурлары өткөн жерден белгисиз кылмышкерлер тарабынан 32 диаметрлүү желим түтүк уланып, 350 аралыктагы жерге көмүлүп, жол боюна алып келинген. Текшерүү учурунда бир нече жолу кара май ташылганы аныкталды. Бул багытта райондук прокуратуранын тапшырмасы менен 21-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Уурулук үчүн жасалган түтүк бир ай мурда салынып, убакыт өткөнү менен чөп өсүп, жашырылып калышы мүмкүн болчу.

Бирок ишкананын жетекчилиги кара май уурдалган деген айыпты четке кагууда. Ишкананын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башчысы Медетбек Нарбаев бул иш тергөө органдары тарабынан эчак эле жабылганын айтат. Бирок мекеменин жылдык отчетунда көрсөтүлгөндөй өткөн жылы "Кыргызмунайгаз" мунайды 3 миң тоннага аз өндүргөн жана белгиленген планды жеткиликтүү аткарган эмес.

Ушул багыта иш алып барган "Адилет Юг" укук коргоо коомдук бирикмесинин жетекчиси Айгүл Нуркамилова "Кыргызмунайгаздын" айланасында газ уурдоо жана мунайды жашыруун жолдор менен ташуу аракеттери тыйылбай келатканын айтууда. Жогорудагы 5,4 млн. сомдук газ сатуудан келген жоготуу кошумча түтүктөр менен башка жакка сатылышы мүмкүн деген ойдо.

- Мекеменин кызматкерлери алгач ушул уурулук боюнча биздин уюмга кайрылып, мен милицияга кат жолдогом. Анын негизинде райондук ИИБ кылмыш ишин козгоду. "Кыргызмунайгаздын" айланасында мындай мыйзамсыз иштер көп десем болот. Учурда биз ачып жаткан бул фактылар аз гана бөлүгүн түзөт. Биз канчалык ачууга аракеттенбейли, бийликтин басымы менен жабылып кала берүүдө.

Ноокен райондук соту 7-апрелде кармалган "Кыргызмунайгаздын" жетекчилеринин жана кызматкеринин үстүнөн эки башка чечим чыгарды. 8-апрелде кечки саат 7 чамасында райондук соттун төрагасы Таалай Найманбаев төрагалык кылган сот отурумунда ишкананын директорунун орун басарлары Тимур Мураталиев жана Оморалы Анарбаев үй камагына чыгарылса, 9-апрелде газ сатуу бөлүмүнүн технологу Мураталы Зулпуев эки ай камакта калтырылды.

Зулпуевдин камакта калтырылышын “Кыргызмунайгаз” ишканасынын газ сатуу бөлүмүнүн башчысы Абдилмурат Нышанкулов анын жетекчиликтин ишине каршы чыккандыгы менен байланыштырат.

- Быйыл өткөн жылдын отчетун жабууда акиташ иштеткен ишкерлер ортосунда болгон газ жоготууну ачык айтып, документке кол коюудан Мураталы Зулпуев баш тарткан. Бирок кийинчерээк жетекчилик иш бөлмөсүнө чакыртып алып, мажбур түрдө аны кол койдурушуп, кылмыштын баарын ага жүктөп салышты. Бүгүн болсо камактан бошоп, эч нерсе болбогондой кайра иштеп жатышат. Ал эми байкуш жөнөкөй кызматкер бирөөлөрдүн күнөөсү үчүн камакта калды. Бул жерде соттордо да күнөө бар. Үчөөнө тең бирдей кылмыш иши козголсо, анан кантип эки орун басары бошонуп кетти? Бул багытта биз алдыдагы күндөрү Башкы прокуратурага кайрылганы турабыз.

"Кыргызмунайгаз" ишканасы өлкөдө газ жана мунай өндүргөн жападан жалгыз атамекендик ишкана. Эки миңден ашык адам эмгектенген ишканада жылына 30 млн. куб метрден ашык газ жана 74 миң тонна мунай өндүрүлөт. Андан чыгарылган газ Кочкор-Ата, Жалал-Абад шаарларынын тургундарына жана Майлуу-Суу электр лампа заводуна берилет.

XS
SM
MD
LG