Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Князев Кремль менен коркутту


1-майдан бери Кыргызстанга кире албай жаткан орусиялык политолог Александр Князев кыргыз бийлигине сес көрсөттү.

Ал эми орусиялык айрым саясий топтор көзөмөлдөгөн www.rus.kg сайты "Кыргызстан – жырткыч фашизмдин өлкөсүбү?" деген аталышта Князевди киргизбей койгон кыргыз бийликтери жооп берет деген макаланы басты. "Кыргыздар бири-бирин жеп бүткөндөн кийин биз кайтып келип кайра курабыз" деп айтылат макалада.

Негизи эле Князевди жактаган макалалар бүгүн Бишкекте жарык көргөн орус тилдүү маалымат каражаттарында негизги тема болду.

Ал ортодо кыргызстандык саясатчылар орус маалымат каражаттары Кыргызстандын эгемендигине чабуул жасап жатат деген пикирди карманууда. Кыргызстанда туулуп-өскөн Князев "орусиялык экономикалык долбоорлор ишке ашпайт, Кыргызстандын мамлекет катары келечеги жок" деген билдирүүлөрү менен таанымал.

Кремлдин “муштуму” менен коркутуу

Орусиянын жараны, саясат таануучу Александр Князев өзүнүн Кыргызстандын аймагына киргизилбей калышына карата "орус бийлиги расмий Бишкекке чара көрөт" деп жаалданган билдирүү таратты. Аны Кыргызстандагы орус тилдүү маалымат агенттиктери тилектештик менен дуулдатып жазып чыгышты.

Александр Князев Кремлдеги мартабалуу аткаминерлер колдоорун айтып, ага карата жасалган мамиле үчүн кыргыз бийлиги бирди көрөт деп зекиди:

- Москвада жана Бишкектеги орус элчилигинде бул окуя талданды. Алар менин позициямды колдошот. Мени чек арадан киргизбей коюу фактысы жок эле дегенде кыргыз-орус мамилелерине терс таасирин тийгизет. Мунун Кыргызстанга тийе турган кесепеттери да болот. Кечээ мен Москва менен байланыштым. Ысымын атабай эле коёюн. Өтө жогорку даражадагы адам менен сүйлөштүм. Ал бул маселе көзөмөлдө тургандыгын жана жакын арада тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтты. Бул иш эми жөн эле оозеки түшүндүрмө берүү менен бүтпөйт. Кырдаал өтө тереңдеп кетти.

Бул боюнча Орусиянын расмий бийлик органдарынын пикирин алууга мүмкүн болгон жок. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери майрамдарга байланыштуу элчилик 10-майга чейин эс алууда экенин билдирди.

Эгемендикке асылган эрежеге сыйбайт

Ошол эле кезде Орусиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен түзүлгөн “Жалпы Орусиялык Элдик Фронт” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Князевди колдоп чыкты. Талдоочу Жыргалбек Касаболотов муну орусчул шовинизмдин илдети катары мүнөздөдү:

- Мына ошону жазгандардын аң-сезими баягы совет доорундагыдай эле деңгээлде калганы көрүнүп турат. Ошондуктан муну улутчулдук катары баалап жатышат. Аталган уюмдун көзөмөлүндөгү маалымат сайтында ошондой мүнөздөгү материал жарык көрүп жатса, демек бул алардын көйгөйү. Анткени бул боюнча Орусиянын бийлик органдарынын расмий билдирүүсү чыга электе эле ага карата өздөрү комментарий берип жатканы, буларда иш бир кылка эмес экенинен кабар берет. Мындай материал бир жеке менчик сайтта жарыяланса дагы бир жөн эле. Ал Орусиянын президентинин колдоосу менен түзүлгөн уюмдун сайтына чыгып жаткан соң алардын так позициясы жок экенин жана багыты чаржайыт экенин байкоого болот.
Өтө жогорку даражадагы адам менен сүйлөштүм. Ал бул маселе көзөмөлдө тургандыгын жана жакын арада тиешелүү чаралар көрүлөөрүн айтты.
Александр Князев

1-май күнү Князев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан казак-кыргыз чек арасынан өткөрүлбөй, артына кайтарылган болчу. Князев буга чейин эле кыргыз тарыхын бурмалаган жана азыркы Кыргызстандын келечегине шек туудурган жоромолдорун эл аралык маалымат каражаттарына байма-бай жарыялап жүргөнү белгилүү. Саясат таануучу Марат Казакбаев ага карата мурда эле чара көрүлүшү керек болчу деген пикирде:

- Ал адам өзүн орусиячыл долбоор катары канча жылдан бери эле кыргыздардын тарыхын бурмалап, Кыргызстанды бир жактуу жамандаган маалыматтарды жайылтып келгени белгилүү. Ага керек болсо, "улуттук араздашууну козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгоо зарыл болчу. Коопсуздук органдары ал боюнча туура эле чечим кабыл алган. Муну мурда эле кабыл алыш керек эле. Мындай адамдарга Кыргызстанда орун болбошу керек. Эми анын Кремлге жамынып алып, саясий чайкоочулук кылганына карабастан бийлик өзүнүн чечимин бузбоого тийиш.

Кыргызстандын эксперттик коомчулугунун Князевдин ишмердиги боюнча пикири бирдей эмес. Бир катар талдоочулар Князевдин билдирүүлөрүнө маани берүү кажет эмес деген ойдо. 2011-жылы шайлоодо жеңген президент Алмазбек Атамбаев тышкы саясатта Орусияга артыкчылык берерин тынбай айтып келатат. Быйыл суу-энергетика, аскерий жаатта эки тараптуу ири долбоорлор ишке салынат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG