Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

«Ата-Журт»: Келдибеков чет өлкөдө дарылансын


Камактагы депутат Келдибековду бошотуу талабы менен чыккандар. Ош. 2-декабрь, 2013-жыл.
Камактагы депутат Келдибековду бошотуу талабы менен чыккандар. Ош. 2-декабрь, 2013-жыл.

"Ата Журт" фракциясы камактагы депутат Акматбек Келдибековго чет өлкөдө дарылануу мүмкүнчүлүгүн берүүнү өтүнүүдө. Бирок парламентте мындай демилгеге каршылар да бар.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошеванын айтымында, өткөн аптада төртүнчү ирет операция болгон Акматбек Келдибековдун абалы начарлап жатат. Мындан улам фракция мүчөлөрү аны үй камагына чыгарып, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берүү маселесин парламентке алып чыгуу чечимин кабыл алган:

- Келдибековдун дарыга аллергиясы бар болгондуктан аны Германияда дарылоо туура деп адистер айтып жатат. Тергөө учурда ден соолук начарласа дарыланууга мыйзам жол берет. Ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун Жогорку Сотко жана Башкы прокуратурага жолдоо керек.

Жылдызкан Жолдошеванын айтымында, Келдибеков камакка алынган соң колу жана бутундагы эски оорусу козголгон. Мунун айынан Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунда ага эки ирет операция жасалды. Акыркы жолку тизесине жасалган операция абдан оор болуп, ырбаган жарааты бүтпөй жатат.

Депутаттын айтканын буга чейин Келдибековду дарылап жаткан дарыгер, борбордун директору Сабырбек Жумабеков тастыктаган болчу. Ал апта башында депутаттын абалы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып:

- Толук дарылай албай жатабыз. Анткени кайсы дарыларга аллергиясы бар экенин аныктоочу лаборатория бизде жок, - деген.

"Атажуртчулар” камактагы мүчөсү боюнча өтүнүчтү жалпы парламент колдоп берсе деп үмүттөнүп, ал чет өлкөгө барганда качып кетпей турганына кепилдик берерин айтууда. Жогорку Кеңеш болсо бул маселени кийинки аптада карамай болду. Бирок айрым депутаттар муну соттун ишине кийлигишүү катары баалашты. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков:

- Бул Жогорку Кеңештин иши эмес. Чечимди дарыгерлердин атайын бүтүмүнүн негизинде сот кабыл алышы керек. Биз мындай токтом кабыл алсак, соттун ишине кийлигишип, ага басым көрсөткөн болуп калабыз.

Парламенттин кылмышка шектүү адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө кийлигишүү укугу жок экенин президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев да эскертти:

- Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, мамлекеттик саясий кызматты ээлеп турган адамдарга, Сот тандоо кеңешинин мүчөлөрүнө сотко баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирүүгө тыюу салынат.

Ал ортодо 27-майдан бери Акматбек Келдибековдун камактан чыгарылышын талап кылып Алайдагы Сопу-Коргон айылынын тушунан Ош – Эркеч-Там жолун бууп тургандар акциясын улантууда. Алар талабы аткарылмайын жолду ачпай турганын айтып жатат. Алай райондук соту 6-июнда Келдибековдун тарапкерлеринин топтолушуна тыюу салган чечим чыгарган. Ош облустук милициясы ал 16-июнда күчүнө кирерин маалымдап, ага чейин жол ачылбаса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

Акматбек Келдибеков Социалдык фондду жана парламентти жетектеп турганда мамлекеттик казынага 40 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп айыпталып, 2013-жылдын 20-ноябрында УКМКнын тергөө абагына камалган. Тергөө аяктай элек. Депутат өзү жана анын жактоочулары кылмыш иш саясый мүнөзгө ээ экенин, бийлик коррупцияга каршы күрөштү тең жүргүзбөй жатканын айтууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG