Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Кыргызстан-Казакстан: сөздөн ишке өтөлү


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстандагы иш сапары уланууда. Бүгүн Астанада эки өлкөнүн лидерлери жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык талкууланды.

Кыргызстандык делегация менен Астанада "Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асанов да жүрөт. Кабарчыбыз телефон аркылуу сапардын жүрүшүнөн маалымат берди.

- Сүйлөшүүлөрдө кызматташтыктын кайсы тармактарына басым жасалды жана расмий документтерге кол коюлдубу?

- Бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен Астанада тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулар өттү. Андан соң Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев экөө журналисттерге чыгып, билдирүү таратышты.

Назарбаевдин айтымында, кыргыз президенти менен энергетика, тоо кен өндүрүү, айыл чарбасы, транспорт, коммуникация жана кайра иштетүү жаатындагы байланыштарды күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, бул багыттагы иштерди мындан ары өнүктүрүү үчүн тиешелүү органдарга тапшырма берилген экен. Назарбаев ушул жылдын август айында Бишкекке иш сапары менен барарын айтты.

Бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгында эч кандай келишимге кол коюлган жок. Жогоруда айтылган тармактар боюнча август айына чейин сүйлөшүүлөр жүрүп, Назарбаевдин Бишкектеги сапары учурунда бир катар келишимдерге кол коюлушу мүмкүн экени айтылды.

- Сүйлөшүүлөрдө чек ара маселеси да козголуптур, чек ара жөнүндө эмнелер айтылды?

- Нурсултан Назарбаевдин айтымында, кыргыз тарап чек ара байланыштары жана өтмө бекеттер боюнча да сөз көтөрдү. Казакстан менен бир катар өтмө бекеттерди ачууну сураныптыр. Анын негизинде казак тарап Кеген-Каркыра өтмө бекетин ачуу чечимине келгенин Назарбаев билдирди.

Казак президенти бул чек ара пункттары Кыргызстанга атайын жамандык тилеп, зыян келтирүү үчүн эмес, 2010-жылдагы, же андан мурдагы башаламандыктын айынан Казакстан тарапка абдан көп өлчөмдө курал-жарак өткөнүнө байланыштуу жабылганын белгиледи. Ошентип Кыргызстандын өтүнүчү менен Кеген-Каркыра өтмө пункту ачыла турган болду.

- Кыргызстан менен Казакстан бир нече багытта кызматташып жатышат. Албетте маданият да маанилүү бир багыт.

"Ак жол" чек ара бекети
"Ак жол" чек ара бекети
- Эки өлкөнүн лидерлери "кыргыз менен казак калктарындай жакын эл жок, биз маданий тармактагы байланышыбызды күчөтүшүбүз зарыл" деп айтышты. Быйыл казак-кыргыз дипломатиялык байланыштарынын 20 жылдыгына карата Астананын бир көчөсүнө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, ал эми Бишкектин бир көчөсүнө изилдөөчү Чокан Валихановдун ысымдары ыйгарыла турганы маалым болду. Ошол эле учурда казактардын белгилүү акыны Абай Кунанбаевдин эстелигинин Бишкекте ачылышы тууралуу да сүйлөшүү болду.

Расмий сапардын негизги өзгөчөлүгү катары эки президент тең буга чейин кыргыз-казак мамилелеринде бир катар келишимдерге кол коюлгандыгын, бирок булар сөз, кагаз бойдон калып иш ордунан жылбай келаткандыгын айтышты. Ошондуктан бул расмий сапар сөздөн ишке өтүүнүн жаңы этабы болоорун белгилеп жатышат.

- Расмий сапар ушуну менен жыйынтыкталдыбы?

- Азырынча жыйынтыктала элек. Бүгүн Казакстандын президенти Назарбаев менен жолугушуу жыйынтыкталды. Ал эми эртең Алмазбек Атамбаев баштаган кыргызстандык делегация Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугары күтүлүүдө. Андан соң Кыргызстандын президенти Казакстандын мамлекеттик «Хабар» маалымат агенттигине маек курат. Ошону менен расмий сапар жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG