Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:54

Саясат

Ауэзов: Өзүбүздү өзүбүз тирилтпесек, жыгачтай жагып салышат

Казак классиги Мухтар Ауэзовдун уулу жана атасынын атындагы фонддун жетекчиси, Казакстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Мурат Ауэзов “Азаттыктын”Бишкек студиясында маек курду.

Мурат Ауэзов "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында, 22-июнь, 2011.
x
Мурат Ауэзов "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында, 22-июнь, 2011.
Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Бишкекте өткөн “Борбор Азияда аз улуттардын укуктарын колдоо” деп аталган эл аралык конференциясында региондун элдери бирикпесе, кайсы бир күчтөрдүн аракети менен чачылып кетет дегендей айттыңыз. Кандай аргументтерге таянып, ушундай тыянакка келдиңиз?

Мурат Ауэзов: Эгер биз өзүбүздүн эркиндигибизди, эгемендигибизди баалай билсек, анда бир жагдайды жакшы түшүнүшүбүз керек. Азыр башыбызды кошуп, ынтымакка келбесек, анда болочокто биримдигибизди сактай албайбыз. Буга мисал келтирейин: кезинде Борбор Азиянын тегерегинде чоң оюндар болгон. Анын натыйжасын жакшы билебиз. Биздин боордош элдерибиз бөлүнүп чачылып, Орусиянын курамында болду. Азыр кайра чоң оюн башталып жатат. Кытайы бар, ошол эле Орусия, АКШ, дагы башка күчтөр бар. Биздин ынтымактуу болуубузга каршы, бөлүнсө деген ниеттери бар. Мисалы, казак-кыргыз эзелтен бирге болгон, биздин азаматтар илгертен бирге бололу деген ураандарды таштаган.
Казактын Кенен Азербаев деген чоң акыны болгон. Ал кишинин быйыл 100 жылдыгы болду. Кененди 15 жашында эң биринчи кыргыз боордошторубуз акын иретинде моюндаган. Ачарчылык жылдары кеминде казактын жарымы чачылып кеткен, ошондо Кенен Азербаев беш жыл кыргыздын арасында жанын сактап чыккан. Быйыл 100 жылдыгына бир дагы кыргыз келген жок, биздикилер чакырбадыбы, же чакырган адамдары келбедиби, эми маселе анда эмес, кеп - биз ыдырап, бири-бирибизден алыстап баратабыз. Ушундай эле жагдай казак-өзбектин, кыргыз-өзбектин арасында болуп жатат.

Менин кесибим - кытай таануучу. Кытай, мисалы, суу маселесин кандай өз пайдасына чечти? Кызыл-Суу дайрасы Кыргызстандан Кытайга, Кашкар жагына агат. Совет кезинде биз Кызыл-Сууну бербей келгенбиз. Азыр биз бөлүндүк эле, аны Кытай дароо пайдаланып алды. Мисалы, Кыргызстандан Казакстанга, Өзбекстанга аккан сууга кыргыздар акча алат. А бирок Кызыл-Суу үчүн кыргыздар Кытайдан бир да тыйын албайт. Демек, баарыбыздын чоң максатыбыз - ортодо ынтымак болушу керек. Тарыхый тажрыйбабыз бар. Мисалы, Жибек Жолу. Биздин мурасыбыздын баары эле жалпы го - Жусуп Баласагын, Аль-Фараби, Ахмед Яссави, Махмуд Кашгари, дагы-дагы...

Мына азыр ар бири – өзбеги, кыргызы, казагы өзүнүн улуттук тарыхын жаза баштады. Тарыхтарбыз бири-бири менен согуша баштады. Ал согуштан калк аралык согушка бир эле кадам. Президент Роза Отунбаева менен кездешкенде, ал өтө билимдүү адам, биз ушул маселени да козгодук. Биз Центрально-Азиатская самоидентификация, мындайча айтканда, өзүбүздү Орто Азиялыкпыз деп сезишибиз керек. Ушунун аркасында көптөгөн маселелер чечилет. Албетте, бул өтө кыйын. “Жибек Жолундагы сукбаттар” деген уюм түздүк, билимдүү саналуу азаматтар кирип, Казакстанда, Ак-Сууда, Таразда, Капчыгайда, Ысык-Көлдө жолугушуулар өткөрдүк. Быйыл августта Казакстандан 15, Кыргызстандан 15 өкүл кездешебиз, ал жерде өзүнүн калкынын жагдайын жакшы түшүнгөн, айтып бере турган адамдар болушу керек. Биз анда казак-кыргыз эмне болуп жатат, болочогубуз эмне болот деген суроого жооп издейбиз. Бул биринчи кадам. Эмки жылы өзбек, тажик, түркмөн туугандарыбыз бар, алар менен ушундай форматтагы жолугушууларды өткөрөбүз.

Назарбаев менен Каримов атаандашпай, алакалаш болушпайбы
 

“Азаттык”: Үлкөн державалар, үлкөн күчтөр Орто Азияны бөлүп жатат дедиңиз. Сиз абдан тажрыйбалуу дипломатсыз, ошол жагдайды Назарбаев, Отунбаева, Каримов билеби? Эмне дегенде ушул акыбалдан чыгуу үчүн биринчи кезекте саясий эрк керек го?

Ауэзов: Каримов менен Назарбаевдин арасында али советтен бери келаткан жарышуу бар, кезинде Коноев мыктыбы, Рашидов мыктыбы деген атаандаштык болгон. Ушул оюн дагы эле уланууда. Тарыхый жагдайда улут көсөмдөрү өтө бийик болушу керек. Өз ара жарышуунун кажети жок, азыр казактын канча майы, газы Кытайга кетип атат, ким сатып атат, кимдин пайдасына, кандай жумушчулар кайдан келет деген суроолорго жооп издешибиз керек. Эл, коом айкын билүүгө тийиш. Нурсултан Назарбаев мыкты азамат, бирок Кытайга келгенде чоң ката кетирип жатат. Соңку жылдары Кытайдан карызга миллиарддап акча алды, Кытайдын ою такыр башка, аны менен ойноого болбойт. Алар ар бир кадамын терең ойлоп туруп, анан барат, ансыз бир дагы юань чыгарбайт. Мени дагы таң калтырганы: эң билимдүү саналган Акаев президент кезинде китепке Кытайды мактап, көкөлөтүп жазганы. Кантип ал киши жагдайды жакшы билбейт деп таң калгам.

“Азаттык: Кезинде Мухтар Ауэзов, Чыңгыз Айтматов сыңары үлкөн инсандар азыр сиз айтып аткан идеяны сүрөп, кыргыз-казактын арасын ого бетер жакындатуу аракетин көрүшкөн. Эми кандай болду? Бул турган Таласка барып калганда Казак чек арасынан кыргыздар ыйлап өтүшөт. Москвада окуганда казак достор менен бир туугандай каралашып, бир үзүм нанды бөлүп жешчү элек. Анан эмнеге бир паста эле эки боордош элди чек ара бөлүп таштады? Эмне үчүн бажыканада бири-бирин кордойт, эмне үчүн бири-бирине малай деп анекдот чыгарат?

Ауэзов: Мындай нерсе тарыхта болот. Бул элдин адашуусу. Адашкандын артында аны уюштуруп, колтукка суу бүркүп аткан сырткы күчтөр бар. Ошондуктан, биз азыр бул суроого ачык жооп издешибиз керек. Сен өзүңдү билсең, өзүңдүн арман-кыялыңды аңдасаң, болочокто элдин байланышын билсең, ошондо бул суроого оң жооп таба аласың. Бул заман азыр тез өзгөрүштөрдү алып келет, ошондуктан, биз аны көп созбой, тезирээк иш-чараларды жүргүзсөк, натыйжага тез жетебиз. Тарыхый жагдайдын өзү жаңы күчтөрдүн сахнага чыгуусун талап кылып атат.

“Азаттык”: Европада бир кездери өз ара кырды бычак болгон элдер ортосунда азыр чек ара ачык, ээн-эркин кирип чыгышат, ойношот, эс алышат. Ошол эле кезде тили бир, дили бир, дини бир казак-кыргыз -өзбек чек арасын чычкан мурду жөргөлөгүс бекитилген. Бул абал канчага чейин созулат?

Ауэзов: Жакын арада бул тегеректе Евросоюз сыяктуу ачык чек аралар боло койбойт. Ага көптөгөн себептер бар. Бирок биз биринчи кезекте ниетибизди оңдошубуз керек, түшүнүктөрүбүздү аныктап алуубуз керек. Казак, кыргыз, өзбек, тажик, түркмөндөрдүн жакшы азаматтары ачуу чындыктан коркпой, акыйкатты айтышы кажет. Ооба, чек арадагы абалды көрүп, менин жаным ачыйт, катуу кысылам. Сиздерде болгон соңку окуялардан кийин биздин чек арачылар боордошторубузга намысына тийбегендей назик мамиле жасашы керек эле, андай болбоду. Бул да биз үчүн сабак, мындай кайталанбасын деп гана айтам.

Кытай бийиктиктерди ээлеп келатат

 

“Азаттык”: Илгери Кыргызстан менен Кытай Үзөңгү-Куушту талашып жатканда Би-Би-Сиге интервью берген элеңиз, кабарчы сизден эми бул тоо-таш экен го, кыргыздар ушуну ызы-чуу кылбай эле берип койсо эмне болот сурады эле, сиз жоок, көчмөндөр үчүн алтын дагы, башка байлык маанилүү эмес, ар бир таш маанилүү деп айткан элеңиз...

Ауэзов: Ал эсимде, эми бул тарыхта белгилүү нерсе: гунндардын көсөмү Моде баскынчыларга баарын, сулуу кыздарынан бери тартуулап, бирок жерди бербей койгондо, жанындагы адамдар байлыгыңды, элиңди бердиң, эми купкургак жерди кыйбай отурасың дегенде, жок, жердин жүйөөсү башка деп, согушка чыккан экен. Гунндардын даңкы ошондон кийин көтөрүлдү. Демек, көсөм терең түшүнүктөрүн көрсөтө билди. Кытай менен чек арада кеп ташта эмес, алардын утуп алганы: совет мезгилинде господствующие высотки дешчү, алар бийиктикти ээледи. Кытай андай жерлерди казак жеринен, кыргыз жеринен, тажик жеринен алып койду. Алардын саясаты ошондой, биз аны айтсак ,чиновниктер моюндабайт.

“Азаттык”: Кыргыз-өзбек бир тууган улуттар арасында 20 жылдын арасында эки кандуу кагылыш чыкты. Ушул жагдайды сиз изилдеп көрдүңүзбү?

Ауэзов: Албетте изилдедим. Казак, кыргыз, тажик, өзбек, түркмөн азыр кургак отун, куураган бактай болуп калдык. Аны жакса, жалп этип күйүп кетебиз. Ошондуктан, биз өзүбүздү-өзүбүз тирилтүүбүз керек. Тамырыбыз, тарыхыбыз, рухубуз, өнөрүбүз бир экенин сезишибиз керек. Ошондо сырттан ким от салса да, сен жанып кетпейсиң. Ошондуктан, жанагы айткандай кездешүүлөрдү өткөрүүбүз зарыл. Иншалла, баштап жатабыз.
 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Эсенбек каяктан: Бишкек
29.06.2011 16:43
Агынды агат суу менен,
акпаска айла жок экен.
Толкунга барып урунуп,
калмайын жээкте кум менен.

…Мемиреп калкып агынды,
шар аккан сууга багынды.
Куураган жыгач тирилсе,
агымга сүзмөк карышы.

Өлкөлөр жашайт дүйнөдө,
тайанып ар ким күчүнө,
күчтүүсү басып алсызын,
кодулайт байы, байкушун

Агынды биздей өлкөлөр.
Суу деген күчүү зөөкүрлөр.
Толкундар зөөкүр оюну.
Кумдуу жээк, өлкө жоюлду

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.06.2011 12:30
Кыргыз баарына озу куноолу.Ынтымак жок.Итке окшоп тыттышып атсак.Билгени билбегени деле полтикада журсок. акылдууларды укпай олтургонун олтуруп тирусун качырып жиберсек.Мен бигени 90 жылдардан кийин канча союз учурунда кучтуу адистер жаш туруп эле журогу кармап каза болду тан калам.Болгондо да кыргыз жаш жигиттер.Кобунчо Жалал - Абадта коптор кетти.Менин коп кесиптештерим эле.Ушуну изилдеп корсонор жакшы болот эле.Особенно Ош жакты.Кыйын деле эмес.Союзга чейинки мекемелерди тизмеге алып.Аларды башкарган адистерди кайда экенин издесе эле баары чыгып калат.Кийинки турмушубузга сабак болор эле.

кимден: Ануарбий-оолия Казакбаев каяктан: Талас Жоон-Добо Оолиякана
25.06.2011 11:11
Кыргыз-казак-озубек элинин бир экени рас. Себеби учоосу тен бир элдерден кураштырылган. Бара бара бийликтегилер оз кызыкчылыгын издеп элдерди болуп жиберди. Натыйжасы тилибиз алыстап баратат.
Бунун баары тарых.
Чачыраган эл эмнеге чогула албайт...? Чогула алат...!!!
Элибиз, калкыбыз ошону талап этет эртели би кечки. Эки бир тууган бир биринен ажырап кетип, алыста журушсо да, омурлорунун аягында бир бирин издей баштайт. Биз андай болуп кеч калбашыбыз керек. биз бир бирден канчама кокрондоп кеудебизди которгон менен, баардыгыбыз башкошуп, тилибизди, дилибизди аралаштырып, ичиндеги жакшы-ынгайлуулары калат. орустардын созуну 50 пайыздан ашыгы турки тилден келген создор, андан башка элдердин тилинен келген создору дагы бар. Орус тили адан уткузган жок.. ал эми бизге келсек тил айырмачылыгыбыз болбош керек эле, бирокто Орус патшалыгы, кийин СССР доорунда Кремльдик шовинистердин аракети менен тилдерибиз бурмаланып алчактай баштады.
Бул да тарых...
О-оо-оо калайык!!! Ук мени!!! Ал эми келечекте эмне болорун айтайын...
1. Туркий тилдеш элдердин негизин куроочуу боло турган кыргыз-казак улуттары биринчи болуп биригишет.
2. Коп узабай ал кезде бир нече мамлекетке ыдырыган Озбекстандын Букара, Самаркан, Паркана онуру жана Каракалпакстан бизге кошулат.
3. Алардын артынан бизге Озбекстандын калган жерлери кошулат.
4. Туркмонстан менен Тажикстан ошол мезгилде бизге кошулат.
5. Оруссия ыдырап бир нече мамлекетке болунот ал заманда. Ошол Оруссинын курамынан чыккан туркий тилдеш мамлекеттер да кошула башайт бизге.
6. Тундук Ооганстан да биздин курамыбызга киришет.
7. Ал кезде ойлобогон жерден Кытайда азаматтык согуш баштала келе бир нече мамлекетке болунуу менен тамадайт Кытайдагы кыргыз, казак, уйгур, хуэй (дунгандар) биздин курамыбызга киришет.
8. Ал кезде биздин мамлекет дунуйону дурулдотуп турчу. Азербайжан, Ирандын учтон бири, Туркия, кавказдык карачай, малкар. кумык, ногой, Кырым, кокогуз(гагауз), мажаллар (мадияр )элдери сонунан кошулат.
9. Мамлекет ошончо чон болот-бир чети Жер орто денизинен башталса бир чети АКШ тын Аляскасы менен чектеш болобуз.
10. Туркий мамлекеттин уч астанасы болот:
- биринчиси астанасы Ош шаары, азыркы Ош менен Жалалабаттын жеринде орнолошот. Алтын Ордо Сулайман тоонун этегинде болот.
- калган эки астаналары Кокчотонун жеринде. Байколдун батыш жээгинде орнолошот.
11. Ал кезде Оруссия абдан майда экономикасы начар мамлекет болуп калат.
12. Жер озгорулот. Коп жерлер суу астына чогот. Суу бетине жаны жерлер которулот. Жер бетинде колдор ко болот. Туркий мамлекетин Балтик денизи Азоо жана Кара дениз кошулуп пайда болгон жана суу айдыны Европадан, болуп турат.
13. Орол тоосу менен Оруссиянын туштугундо жаныдан которулгон тоолор Оруссядан болуп турат.
14. Ал кезде Индия Бир нече мамлекетке ыдырап калат.
15. Дунуйдо эн мыкты мамлекет АКШ болот. Биз алар менен аябай жакшы карым катынашта болобуз.


кимден: Азамат каяктан: Ресейден
24.06.2011 02:14
Агатай булай оюун дурус ко сендей агалар бачым киришсе же коп дарс окууларды и дискусияларды откорүп кенири масштабдуу маалыматарды берүү керек го баарын акшага шылтоолобой мүмкүн эрк акшага алмашып калганбы баары акша га кануулайт ....

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.06.2011 01:29
Каркыра президенттик шайлоосу алдында шексиз абдан чон которулот, ана август айында Назарбай уулу Нурсултан казак ажоосу учуп келет, мына Самрук да Бишкек кааласында кыдырып журот. Казактардын кызыкчылыгында бизди Кытай менен жана башка кучтору менен коркутутуп оздорунун кызыкчылыктарыны турткону. Казактардан акыркы 20 жылда эмне жакшылык кордук? Алар тууган кыргыздардын алдында тарыхый жоопкерчиликтерини дагы алышат.
Пикирге жооп

кимден: Бакыт
24.06.2011 23:15
ТУУРА СӨЗДӨР!!! КОЛДОЙМ!!! ЖАКШЫЛЫК КӨРБӨДУК!!!
Бул адам мындай айтыптыр:
Мисалы, Кыргызстандан Казакстанга, Өзбекстанга аккан сууга кыргыздар акча алат. А бирок Кызыл-Суу үчүн кыргыздар Кытайдан бир да тыйын албайт. Демек, баарыбыздын чоң максатыбыз - ортодо ынтымак болушу керек. Тарыхый тажрыйбабыз бар...
А бирок биздин жерде, көптөгөн жайыт жерлерди ээлеп жаткан суусактагычтарды кантебиз!!! Алар бизге керегида жок! Баары биздин кошуналардын кызыкчылыгын үчүн!!! Алар бекер болобу??? Чындык үчүн жана биздин Кыргыз кызыкчылыгын үчүн биздин бийлик кытайлар менен жолугуп, алардан дагы акча алыш керек!

Бир кызык нерсе - кытайдын чоң унаалары жүктү биздин жерден таашып (биздин айдоочулар жумушсуз калышты!!!!!) - биздин жолдорду өлтүрдү - кытай бизге насыя берип - жолдорду оңдоого - акчаны кытайлардын ишканалары алып, жумушка - кытайларды алып келип! Тажрыйбасын чыгарсак: кытай таашып - жолду талкалап - насыя (карыз) берип - кытай ишканалар - кытайлар иштеп, кытай берген акчаны кытайлар эле кайрадан алып жатат!!! А жолдун пайдасын кытайлар көрүп жатышат!!! БИЗДИН БИЙЛИКТЕ ОТУРГАНДАР - МУНУ КӨРҮП ЖАТАБЫ!!!!???7 ЖЭЭ МЕН ЭЛЕ КӨРҮП ЖАТАМБЫ!!!!!!
УШЕНТИП КАЗАХТЫ АЙТЫП - КЫТАЙГА КИРИП КЕТИМ, КЕЧИРИМ СУУРАЙМЫН!

кимден: ЖелАйдар каяктан: Бишкек - Алай
23.06.2011 15:29
Биздин саясатчылар сырттан бирөөлөр биздин тагдырды бычып атканы менен иши жок, бири-биринин... тияк-биягын чукуп коюп отурушат. Мурда го алпыбыз Айтматов бар эле, эми ким, кайсы 15 инсаныбыз казактар менен теңата сүйлөшөт? Майдаланып кеттик, майдаланып.

кимден: кыргызбек каяктан: москва
23.06.2011 14:38
Азаматсыз Мурат агажан! Сиздин айтып жаткан создорунузду окуп алып козумо жаш тегеренип, жылагым келди! Сиздей патриот агажаным бар экенинен Аллага мин мертебе шугур! Кана эле сиздей казак, кыргыз, озбек туркмон, тажик учун куйгон азамат бирадарларыбыз кооп болгондо! Аттин..! Чыныгы ата уулу экенсиз ага! Биз ушундай акылман создорунуз учун ыраазыбыз. Иншалла дегениниз озгочо жакты! Аллах да улут болуп болунгонду жаман корот. Мусулмандар биримдикте болуусун каалайт. Кана эле менде да билимим болсо сиздерге жардам берсем баурдас бир тууган биродарлардын биримдиги учун деп. Иншаллах ишиниздерге ийгилик, оомат, саттилик тилейм Аллахтан! Амин!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)