Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Осадченкого качкын макамы берилген жок


Александр Осадченко
Александр Осадченко

Кыргызстандын Жаштар жана жумушка орноштуруу министрлиги казакстандык укук коргоочу Александр Осадченкого качкын макамын жана саясий башкалка берүүдөн баш тартты.

Казак бийлиги "көз бойомочулук жасоого аракеттенген" деген айып менен издеп жаткан казакстандык укук коргоочу быйыл июнда Кыргызстанда кармалып, алты ай Бишкекте убактылуу камоочу жайда отуруп чыкты. 15-декабрда ал Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын токтому менен эркиндикке чыккан.

Казакстандык жарандын бошотулушу тууралуу Башкы прокуратура кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты. Александр Осадченконун жактоочусу Ксения Филимонова Кыргызстандын Башкы көзөмөл органынын токтому менен Осадченко 15-декабрда камактан чыгарылганын “Азаттыкка” билдирген.

Казакстандын Караганда облусунун тургуну Александр Осадченкого казак бийлиги 2 млн. теңгени уурдоого аракет кылган, коз бойомочулук кылууга аракеттенген деген айып таккан. Осадченконун өзү чарбалык талаш-тартыш иши боюнча мурда күбө катары өтүп жүргөнүн, өткөн жылкы Жаңы-Өзөн окуяларынан кийин бийлик иштин мазмунун өзгөртүп, күчөтүлгөн айып такканын айтууда:

- Мен алты ай абакта эч негизсиз отурдум. Мени Казакстанда өзүмдүн укук коргоочулук ишим үчүн куугунтукташты. Мен мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга аралашканы тууралуу айтып чыкканым үчүн, бийлик аларды эмес, мени камоого аракет кылды.

Осадченкону колдогон митинг, Бишкек, 3-август, 2012-жыл
Осадченкону колдогон митинг, Бишкек, 3-август, 2012-жыл
Осадченко кыргыз бийлигине өзүнө качкын макамын жана саясий башпаанек берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок ал кайрылган а
Жаштар жана жумушка орноштуруу министрлиги анын өтүнүчүн канааттандырбаганын Осадченконун адвокаты Ксения Филимонова “Азаттыкка” билдирди:

- Министрлик чечимин 14-декабрда чыгарган экен, биз аны 17-декабрда, дүйшөмбү күнү алдык. Менин оюмча, кыргыз тарап мындай чечимге Казакстан менен мамилесин суутуп албоо максатында келген болушу керек. Ошондуктан биз алдыдагы үч ай ичинде министрликтин бул чечимин жокко чыгарууну сурап, сотко кайрылалы деп атабыз.

Александр Осадченко буга чейин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин наамына саясий башпаанек берүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон. Анда ал Казакстандагы укук коргоочулук ишмердиги үчүн куугунтукталып жатканын жазып, ага каршы жасалма кылмыш иши токулгандыктан Кыргызстанда калууга уруксат берүүнү сураган болчу. Азырынча президенттин атынан эч кандай жооп боло элек.

Кыргызстан Качкындар боюнча эл аралык конвенцияга жана БУУнун жарандардын саясий жана жарандык укуктары тууралуу Пактка кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстан мекенинде өтө оор кылмыш кылбаган качкындарга саясий башкалка бербесе да, ага качкын макамын берип, үчүнчү бир өлкөгө чыгып кетүүсүнө шарт түзүп бериши керек.

Жаңы-Өзөндөгү окуя боюнча сот, 4-июнь, 2012-жыл
Жаңы-Өзөндөгү окуя боюнча сот, 4-июнь, 2012-жыл
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова кыргыз бийлиги казакстандык укук коргоочуну кайра мекенине кайтарбай, үчүнчү бир өлкөгө чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш деп эсептейт:

- 2011-жылы Жаңы-Өзөндө кандай окуя болгонун баарыбыз билебиз. Ага байланыштуу таптакыр туура эмес иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул окуя жөнүндө айтып койгон журналисттерди, укук коргоочуларды, саясатчыларды куугунтуктап, кармап-камоо бүгүнкү күнгө чейин уланып келатат. Ошондуктан кыргыз бийлиги казакстандык укук коргоочуну мекенине кайтарып бербеши керек. Тескерисинче ага Кыргызстанда калууга уруксат бербесе да, анын үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүсүнө шарт түзүп берүүгө тийиш.

Казакстандык укук коргоочу Александр Осадченко быйыл июнь айында Кыргызстандын күч кызматтары тарабынан кармалып, Бишкектеги убактылуу камоочу жайда камалып отурду.

15-декабрь күнү Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага коюлуп жаткан иш Кыргызстанда кылмыш болуп эсептелбесин белгилеген токтому менен Осадченконун ишин кыскарткан.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG