Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Кыргызстан-Казакстан: газ - сизден, суу - бизден


Кыргызстан Казакстандан газ ала баштайт. Бул тууралуу казак өкмөт башчысы Карим Масимов Бишкекте маалымат жыйында билдирди.

16-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңеште тараптар Кыргызстандан Казакстанга кошумча электр кубатын сатуу, суу берүү, инвестициялык фонд түзүү тууралуу макулдашты.

Эки өлкө боордоштук мамилелерди андан ары жакшыртуу тууралуу сүйлөшүп жаткан чакта кыргыз-казак чек ара бекеттеринде дыйкандар, ишкерлер товар ташып өтө албай кыйналышууда. Казакстандагы алатоолук мигранттардын да жашоосу оңой эмес дешет.

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жолугушууларынан кийин маалымат жыйында Казакстандын премьер-министри Карим Масимов эки өлкөнүн экономикасына пайдалуу чечимдер кабыл алынды деп билдирди:

Чек ара
- Биринчиден, Кыргызстандан кошумча электр энергиясын сатып алуу тууралуу келиштик. Казакстандын айыл чарбасы үчүн маанилүү болгон суу маселесин чечтик. Кыргызстандан Казакстанга суу алууну макулдаштык. Бул айрыкча Казакстандын түштүк региондору үчүн маанилүү. Биз бул жаатта эки өлкө үчүн пайдалуу келишимге жетиштик.

Кыргызстанга Казакстандан газ берүүнү макулдаштык. Бардык маселелерди чечтик. Эми чарбалык субъекттер техникалык жактарын гана сүйлөшөт. Кышында силерде газ, жылуулук болот. Муну жакында сезе баштайсыңар.


Карим Масимов Кыргызстанга газды Казакстандын "Казмунайгаз" улуттук компаниясы ташып келерин кошумчалады. 2007-жылдагы иш сапары маалында 100 миллион долларлык инвестициялык фонд түзүү тууралуу келишимге кол коюлганын, бул ирээт фонд боюнча айрым маселелер чечилгенин белгиледи. Масимовдун билдиришинче, жакын арада Бишкекте инвестициялык фонддун кеңсеси ачылат.

Кыргыз премьери Алмазбек Атамбаев бул жолугушууда тараптар көтөргөн маселелер боюнча тез эле бир пикирге келди деп маалымдады. Казак кесиптешине көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылык айтты.

Кыргыз-казак чек арасы
Бажы бекеттериндеги кырдаал, Казакстандагы кыргызстандык мигранттардын абалы тууралуу “Азаттыктын” суроосуна Алмазбек Атамбаев Бажы биримдиги аркылуу чечилет деп жооп берди:

- Чек арада, бажы бекеттеринде элибиз ары-бери өткөндө бир канча саат туруп, кыйналып жатат. Жолугушууда өтмө бекеттерди көбүрөөк ачсак деген сөз болду. Мигранттар боюнча да сүйлөштүк. Бирок урматтуу Карим Казимканович туура айтып жатат, негизи биз Бажы биримдигине өткөндөн кийин ушул маселенин баары чечилет. Мына Казакстан менен Орусиянын ортосунда бажы да, чек ара да жок деп айтып жатат.

Экинчиден, биздин жарандар Орусияга барабы, Казакстанга барып иштейби, эч кандай уруксаттын кереги жок. Башка тоскоолдуктар болбойт. Ошол өлкөлөрдүн шайлоолоруна гана катышпай калат, бирок калган укуктарынын баарына ээ болот.


Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн жыйынында чек аралаш аймактар боюнча кызматташуу боюнча комиссия түзүү тууралуу макулдашты.

Ушул жылдын биринчи кварталына карата, Кыргызстандан Казакстанга экспорттун 30дан ашуун пайызын жер-жемиштер түзгөн.

Ушул тапта "Чалдовар" чек ара бекетинде кыргызстандык дыйкандар жер-жемишин өткөрө албай кыйналып жатышканын “Азаттык” жазып чыккан болчу. Мындай проблемалар дагы башка өтмө бекеттерде да бар. Казакстанда учурда миңдеген мигранттар жүрөт. Соңку учурда казак бийликтери базарда иштетпей, түйшүктөрү кыйла көбөйгөнүн айтып даттанып келишет.

XS
SM
MD
LG