Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Газ Өзбекстандан, баа Казакстандан


Кыргызстан Казакстан менен 300 млн. куб метр газга келишим түзүп, аны 195 доллардан сатып алмай болууда. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика министри Аскарбек Шадиев билдирди.

Буга чейин Кыргызстан Өзбекстан газын 278 доллардан сатып алып келаткан. Бирок адистер Казакстан менен түзүлгөн келишим утурумдук экендигин айтышууда.

“Казтрансгаз” акционердик коому менен түзүлгөн келишимде газдын миң кубун 195 доллардан сатып алуу каралган.

- Миң кубуна 195 доллардан келишим түзүлдү. Ошол эле кезде биз Өзбекстандан 278 доллардан алып жатканбыз. Төртүнчү кварталга биз азыр түштүк аймагына Өзбекстандан 310 доллардан алып жатабыз. Азыр Казакстандан түндүккө алган баа андан 115 долларга арзан болууда.

Казакстан менен жалпысынан 300 млн. куб метр көлөмдөгү газ алууга келишим түзүлдү. Кыргызстан буга чейин газды бир гана Өзбекстандан алып, анын баасы жыл сайын өсүп отурганын, ал кыргызстандыктар үчүн кымбатка туруп жатканын Шадиев белгилей кетти.

Анткен менен газды Казакстандан алуу бул ошол өлкөнүн газы дегенди түшүндүрбөйт. Энергетика маселелери боюнча эксперт Жаныбек Оморов бул кайра эле Өзбекстандын газы экендигин айтууда.

- Бизде бир гана газ түтүгү бар, Бухарадан бери Ташкент аркылуу келген. Биз аркылуу андан ары Алматыга кетет. Ары жагы болсо туюк, Казакстан жактан ала албайбыз. Алматы да ушул газ түтүгү аркылуу алып жүрбөйбү.

Ага ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда түзүлгөн жаңы келишимге орусиялык “Газпром” ишканасы ортомчулук кылганы айтылууда. Анткени “Газпром” өзбек газын дүңүнөн миң кубун 200 доллардан сатып алып, анан Казакстанга берет. Энергетика министри Аскарбек Шадиев да бул өзбек газы экенин ырастады.

- Бул Өзбекстандын газы. Бүгүнкү күндө Орусия алардын бардык газын сатып алып, Казакстандын түштүгүнө берет. Ошондой эле Кыргызстан да алат. Ал эми Казакстандын түндүгүнөн Орусия өзүнө алып кетет.

Жаңы келишим утурумдук чечимби?

Байкоочулардын айтымында, кыргыз өкмөтү бул сыяктуу чиеленишкен келишимге бир жагынан өзбек тарапка болгон көз карандылыктан кутулуу үчүн барды. Анткени өзбек тарап кыштын кыраан чилдесинде газды жаап, аны саясий курал катары колдонгон учурлар болгонун белгилешүүдө. Андан сырткары бул кадам Бажы биримдигинин башында турган Орусиянын бул чөлкөмдү бир экономикалык мейкиндикке бириктирүү саясатынын бир үзүмү болушу мүмкүн дешет адистер.

Бирок эксперт Жаныбек Оморов Казакстандан арзан газ алуу келишими утурумдук деген ойдо.

- Казакстан менен түзгөн келишим убактылуу гана чечим деп ойлойм. Мындан баа узак келишим эмес болуш керек. Анткени бул аймакта газдын баасы андан жогору болуп жатпайбы.

Энергетика министрлигинин маалымдашынча, бүгүнкү күнгө чейин өзбек газынын баасы 278 доллар болуп жаткан. Бирок ушул жылдын октябрынан тарта өзбек тарап аны 310 долларга жогорулатууда. Анткен менен Кыргызстан түштүк аймагы үчүн Өзбекстандан газ алуу уланта берет.

16-сентябрда Бишкекке жасаган сапарында казак өкмөт башчысы Карим Масимов эки тараптуу келишимдер тууралуу буларды билдирген эле:

- Биринчиден, Кыргызстандан кошумча электр энергиясын сатып алуу тууралуу келиштик. Казакстандын айыл чарбасы үчүн маанилүү болгон суу маселесин чечтик. Кыргызстандан Казакстанга суу алууну макулдаштык. Бул айрыкча Казакстандын түштүк региондору үчүн маанилүү. Биз бул жаатта эки өлкө үчүн пайдалуу келишимге жетиштик.

Кыргызстанга Казакстандан газ берүүнү макулдаштык. Бардык маселелерди чечтик. Эми чарбалык субъекттер техникалык жактарын гана сүйлөшөт. Кышында силерде газ, жылуулук болот. Муну жакында сезе баштайсыңар.


Энергетика министрлиги октябр айынан баштап өлкөдө газдын баасы арзандарын айтууда. Акыркы жылдары баасы жогору болгондуктан газды колдонгондор азайып, көпчүлүк кыргызстандыктар жылытуу ыкмаларын электр энергиясына ыңгайлаштырып алышкан. Кыргызстандын газга болгон жылдык муктаждыгы 300 млн. куб метрдин айланасын түзөт.

XS
SM
MD
LG