Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Уулуу көмүр ордунан жыла элек


Бишкектин жылуулук берүү борборуна Казакстандан уулуу көмүрдүн ташылып келиши боюнча козголгон кылмыш иш сотко өттү. Айып темир жол жана бажы кызматкерлерине тагылды.

Бишкек ТЭЦине былтыр сентябрда келип түшкөн радиациялуу көмүр боюнча кылмыш иш тергелип бүттү. Эми аны Свердлов райондук соту карайт.

Казакстандан чыккан уулуу көмүрдү Бишкекке алып келгендиги үчүн шектүү делген 4 кишиге айып тагылды. Бул тууралуу Баш прокуратуранын маалымат катчысы Жыргалбек Курманбеков билдирди:

- “Кыргызтемиржол” ишканасынын санитардык-эпидемиология станциясынын жана Бажы кызматынын “Энерго” бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгон. Аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 239-, 316- жана 304-беренелеринин негизинде айып тагылууда. Бул беренелер боюнча радиациялуу заттарды мыйзамсыз пайдалануу, ишиндеги шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык жасагандыгы үчүн жаза каралган.

Соттук териштирүү качан башталаары азырынча белгисиз. Учурунда бул маселе кызуу талкууланып, уулуу көмүрдүн келишине ошол кезде Жогорку Кеңешти жетектеп турган Ахматбек Келдибековдун тиешеси бар экени айтылган. Бирок ал өзү мындай сөздөр негизсиз экенин билдирген болчу.

Былтыр сентябрда Бишкек жылуулук борборуна Казакстандагы Кулан кенинен 8,5 миң тонна көмүр келген. Анын уулуу экени парламентте айтылып, депутаттар жана жарандык коом өкүлдөрү текшерип барганда радиациянын күчү нормадан 8 эсе көп экени аныкталган. Атайын комиссия түзүлүп, ал көмүрдү жагууга тыюу салынган.

Бишкек ТЭЦинин директору Юрий Фриктин айтымында, уулуу көмүрдү кайра жүктөөгө даярдык иштери бүтөйүн деп калды:

- Казакстандын расмий органдарынан бул көмүрдү кайра алууга уруксатын гана күтүп жатабыз. Уруксат алаар менен кайдан келсе, ошол жакка жеткиребиз. Жүктөп, жеткирүүгө кеткен чыгымдын баарын көмүрдү жөнөткөн тарап өзүнө алмай болду.

Адистердин билдиришинче, эгер радиациялуу көмүр ТЭЦке жагылса, анын түтүнү аба менен шаарга тарап, адамдардын ден соолугуна кыйла зыян алып келмек. Мындан тышкары, күлү курулуш материалдарына пайдаланылса, туруктуу радиациялык фон жаралмак.

Көмүрдүн келгенине 4 айдын жүзү болуп калды. Ошондон бери анын ТЭЦке жагылып же шаардыктарга сатылып кетпеши көзөмөлдө болгонун Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин жетекчиси Төлөн Исаков айтууда:

-“Электр станциялар” акционердик коому “ал жакта көзөмөл коюлуп, жагылган жок” деп алар жазуу түрүндө берип жатат. Бир да килограмм көмүр эч жакка чыккан жок дешти.

Төлөн Исаковдун айтымында, Куландан келген көмүр элге сатылып кетиши үчүн борбордо жана шаар четинде атайын текшерүү жүргүзүлүп турган:

- Бишкекте, Чүй облусунда көчөгө чыгып, машинага салып саткан бир топ жерди өзүбүз кыдырып текшердик. Радиациясын да текшерип, өлчөп келгенбиз. Куландан келген көмүр сатылбаптыр.

Демек "жүктөп, даярдык көрө баштадык" дегендери менен маселе да, уулу көмүр да баягы ордунан жыла элек. Өкмөттүк аппараттын отун-энергетика маселелери боюнча сектор башчысы Алибек Стамбеков маалымат берүүдөн баш тарткандыктан, мамлекет деги бул маселени көзөмөлдөп жатабы, казак тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатабы деген сурообуз жоопсуз калды.

XS
SM
MD
LG