Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

"Чалдыбарда" эки гана саат...


Казакстанга жашылча-жемиш ташып иштеген кыргызстандык соодагерлер алардын жүктөрүн бир канча күндөн бери "Чалдыбар" чек ара бекетинен өткөрбөй жатканы тууралуу “Азаттыкка” даттанышты.

Соодагерлер бир канча күн мурда алынган алма-алмуруттары чирип, чыгашага түшүп жатканын айтышууда. Ал эми казакстандык чек арачы жана бажы кызматынын өкүлдөрү жүктү ашыкча жүктөп алган деген жүйөнү карманышат.

Биз барган учурда "Чалдыбар" чек ара бекетинин Кыргызстан тарабында 30га жакын жүк ташуучу чоң унаалар турган экен. Алгач эле ушул унаалардын айдоочулары менен сүйлөшүүгө аракет кылдык. Бирок ансыз да күндөп-түндөп ушул чек арадан өтө албай жаткан айдоочулардын айрымдары бир нерседен чочудубу, айтор “бүгүн эле келдик”, “маселе жок” деп жооп беришти.

Андан ары кыргыз чек арасынан өтүп, Казакстан тарапка бардым. Бул жерде товарларын өткөрүүнүн айла-амалын издеген эле адамдар. Товарларды бөлүштүрүп таңып, аны жүк ташыган балдарга тапшыргандардын көбү аялдар.

Киши анчалык көп болбосо да Казакстан тарапка кире бериш жер тыгын экен. Айтор эптеп тез арада өткөрүп алалы дешкендер.

Акчасын эсептеп айрымдар чогултуп жүрөт. Араң өткөрүп алгандардын жүгүн бажычылар ары-бери ыргытып, кыйкырып атышты. Алардын бажы кызматында иштегенин кийиминен айырмалап билсе болот.

Мен башкысы бир канча күндөп товарларын, жашылча-жемишин өткөрө албай жаткан адамдарды, жүктүн кожоюндарын тапканга аракет кылдым. Кыргызстан чек арачыларынан сураганыбызда алар Алтынбек деген жигитти көрсөтүштү.

Алтынбек мындан мурдарак өзүнүн товарын өткөрүп алганын, азыр эми тааныштарына көмөктөшүп жүргөнүн билдирди.

- Адатта унаадан башка товар барбы-жокпу деп гана текшерип койчу. Эми салмагын да катуу карап жатышат. Жүк ташыган унаага карап өзүнүн стандарттары коюлган. Ал эми биз ага карап жүк салсак тапкан акча чыгашаны жаппай калат. Машинеге, чек арадан өткөргөн акча эле бир топ болот.

- Кандай товарларды ташып бараттыңар эле?

- Алма, алмурут, кара өрүк, жүзүм жана шабдалы.

- Качантан бери өтө албай турасыңар?

- Бир аптадан бери тургандар бар. Бул тез өткөрө турган товарлар. Албетте унаада муздаткычтар бар, бирок бул деле жакшы жардам бербейт. Эми Казакстанга, Орусияга өткөндө деле баштапкы сапатында барбайт.

- Товарын өткөрө албай кайра артка кайткандар барбы?

- Андайлар да бар, башка чек ара бекетине алып кеткендер бар. Бирок бардык эле жерде ушундай абал. Мындай абал жаңы жылдан бери, айрыкча 1-июлдан тартып кыйын болуп атат.

Аңгыча жаныман бир аял менен эркек "товарымды өткөрө албай жатам" деп сүйлөшүп өтүп кетишти. Кепке тартканымда атын атагысы келбеген бирөө бул маселе дайыма эле болуп келгенин, бирок соңку аптада күч алганын белгиледи. Ал кыргыз бийликтери муну чече албай, ага көз жумуп жатат деп эсептейт.

- Алма, алмурут, картошка жана пияз ташып кетип атканбыз. Бул жерде төрт күндөн бери турабыз. Биз жүз кило ашыкчасын түшүрүп, базарга сатчусун саттырдык. Башка жол жок. Чоң унааларды да бул жакта каттабай атат. Шаарга кеткендер абдан көп. Менин билишимче эле 30-40 машине артка кетти.

Казак тараптан жооп алууга мүмкүн болгон жок. Казакстандык чек арачылар буга бажычылар жооп берерин айтышты, бирок бажы кызматынын өкүлү маалымат берүүдөн баш тартты.
Ал ортодо бизден обочорок топтолуп турган төрт адам да сөзгө аралаша кетишти.

Алар Казакстандын Чымкент шаарында соода кылышат экен. Көрсө алар да үч күндөн бери кийим-кечек товарын өткөрө албай, ошол жерде түнөп жатышканын, товар алып өтүү барган сайын кыйындап, кыргыз-казак чек арачыларга берген акчанын суммасы өсүп баратканын, чек ара, бажычылардын мамилесин айтып даттанышты.

Өзүн Венера деп тааныштырган кыздын айтымында, чек арадан товары жок өтүү деле кыйынга туруп калыптыр. Жөн өтүш үчүн деле 500 сомдон жогору беришет экен. Ал эми товарлары болсо бул сумма 5 миңге чукулдап барат. "Мындай акчаны эки өлкөнүн тең чек арачылары талап кылышат", - дейт Венера.

Чек арадан жолуккан кыргызстандыктардын көбү эле бийликтен абалды жеңилдетип беришин, бул жакка келип, өз көздөрү менен көрүшүн өтүнүшту. Балким “Азаттыктан” уккан бийлик төбөлдөрү аталган жайга бир басып баргысы келип калар.

Чек ара соодагерлерди кыйнады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

XS
SM
MD
LG