Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Акелеев: Бажы биримдиги – Орусиянын саясий долбоору


Азамат Акелеев
Азамат Акелеев

“Промотанк” компаниясынын жетекчиси, экономист Азамат Акелеев казак-кыргыз чек арасында жөө жүк ташууну тыюу аракеттери тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Казак өкмөтү бажы салыгын төлөөдөн качып, чек арадан 50 килограммдан жөө-жалаң жүк алып өткөндөрдү тыюу боюнча буйрук чыгарды. Мындай жүк негизинен Кыргызстандан ташылат эмеспи. Бул эмнеге алып келиши мүмкүн?

Азамат Акелеев: Бул ансыз деле төмөндөп калган сооданын ого бетер төмөндөшүнө алып келет. Мисалы, биз өткөн айда "Дордойдо" сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Ал жактагы соодагерлердин айтымында, 100 пайыздан 30 пайызга чейин азаюу болуптур.

"Дордойдо" азыр соода жасагандар Казакстандан майда-дүң соода жасап, товарларын чек арадан 50 килограммдан бөлүп-бөлүп ташыгандар болчу.

Кыргыз-казак чек арасындагы абал
Кыргыз-казак чек арасындагы абал
Эгерде бул буйрук ишке кирсе, соода ого бетер азаят. Бул казактардын өзүнө деле терс таасир тийгизет. Анткени өздөрүндө баалар ансыз деле көтөрүлүп кетти. Казак бийлигинин бул аракетинен кийин баалар дагы жогорулайт.

“Азаттык”: Казакстан Кыргызстанды эртерээк Бажы биримдигине киргизүү үчүн чек арадагы абалды кыйындатып, атайын ушундай буйруктарды чыгарып жатат деген ойлор бар. Сизге ушундай таасир калтырган жокпу?

Азамат Акелеев: Менимче, бул казак бийлигинин чек арасында тартипти бекемдөө аракети болуш керек. Анткени өткөндө Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков чек арадагы абалды өзү көрүп, казак бажычыларына "абалды жөнгө салгыла, жарандардын өтүшүнө жеңил шарт түзгүлө" деген талабына жооп болушу керек. Булар ушундай кескин жооп кылып “силер андай деп атсаңар, биз мындай кылабыз” дегендей мамиле болуп жатат.

Башында 50 эмес, 35 килограмм ташууга болот деп киргизилген. Анан казактар орустар менен сүйлөшүп, өздөрү 50 килограммга көтөрүшкөн болчу. Бул казактар үчүн пайдалуу болчу. Казакстандын базарларындагы товарлар, тээ Астанадан Карагандага чейин барсаңар базарларда сатылган кийим-кечек, тиричилик техниканын баары "Дордойдон" ташылып барган.

“Азаттык”: Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабанов кечээ "Азаттыктын" интернет эрөөлүнө келгенде Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктары эске алынышы керек деп билдирди. Казакстан, Орусия өңдүү ири оюнчулардан турган бул биримдикте Кыргызстан шарт коюп, кызыкчылыктарын коргой алабы?

Азамат Акелеев: Мен мындай болоорунан шегим бар. Бул биримдикте добуш берүү системасы бар. Добуштун басымдуу бөлүгү Орусияда, андан азырагы Беларус менен Казакстанда. Добуштар ошол өлкөнүн экономикалык жана саясий күчүнө жараша болот. Ал эми бизге таптакыр эле аз добуш тийип калат деп корком. Кыргызстан ушундан улам таптакыр эле күчү жок болуп калышы мүмкүн.

Экинчиден, бул биримдик экономикалык эмес, кандайдыр бир саясий негизде курулган, Орусиянын саясий долбоору болуп жатат. Кыргызстан бул биримдикке кирсе, экономикалык жактан кандай болоорун тыкыр эсептеп чыгышыбыз керек. Кыска мөөнөттө кандай таасир этет, орто мезгилде жана узак мөөнөттө таасири кардай болоорун эсептеп, анан чечим алышыбыз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG