Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

"Ак жол" чек ара бекети: ары тартыш, бери тартыш


Кыргыз-казак чек арасында “Ак жол” өтмө бекетинде ары-бери жүк ташып иштеген кыргызстандык жарандар казак чек арачыларынын катаал мамилесин айтып даттанышууда.

Казакстан Бажы биримдигине киргенден кийин 50 килограммга чейин жүк ташып нан тапкандар азыр таптакыр эле өткөрбөй калганын, ур-токмокко алган учурлар көбөйгөнүн билдиришти.

Кыргыз чек арачылары мындай жагдайды Казакстандын өтмө бекеттериндеги жаңы эрежелер менен түшүндүрүүдө.

Байкоочулардын айтымында, “Ак жол” өтмө бекетинде 3 миңдей адам ары-бери жүк ташып күн көрөт. Арасында жашы өтүп калган аял-эркек, кыздар, каруу-күчкө толгон уландар жүрөт.

Бул бекет аркылуу Кыргызстандагы "Дордой" базарынан Казакстанга көбүнесе кийим-кече ташылат.

Казакстан Бажы биримдигине киргенден кийин жүктү 50 килограммга жетпегендей кылып бөлүп-бөлүп ташып жатышкан болчу. Андан кийин ага да тыюу салынгандан бери, кийимдерди кабаттап кийип алып, колуна кичирээк гана баштык көтөрүп өтүп жатышкан экен. Бирок бир айдан бери бул да тоскоолдукка кабылып жатканын айтып беришти:

- Атым Бүмайрам. Үч балам бар. Бул жакта бир жылдан бери иштейм. Жыл жаңырганда кичине жакшыраак болуп, чоңураак баштыктарга салып алып, ташып, иштеп жатканбыз. Азыр бул кичинекей баштыкка түшүп калдык. Мунун ичинде үч эле даана кийим бар.

- Казактар болсо чоң сумкалар менен кичине акча берип өтүп кетишет. Биз болгону үчтөн-төрттөн кофта кийип, үчтөн-төрттөн көтөрүп өтөбүз. Ошону чачып, төгүп салышат. Товарларыбыз жоголуп, кээ бирин алалган жокмун. Жоголуп кетсе төлөп бериш керек. Какшатып эки-үч күн элди ыйлатып жүрүштү. "Документти тууралап келгиле" дешет, тууралап келсең өткөрбөйт. Башка жумуш жок, эптеп ушинтип нан таап жейбиз.

Башында жолу болгон учурларда бир күндө 5-10 миң сомго чейин акча таап алгандар да болгонун, бир Камаздын жүгүн эки саатта ташып салып жатышканын айтып беришти.

Казак чек арасынан өтө албай тургандарга Кыргызстандын “Ак жолдогу” чек ара көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Абдыш Дүйшеев келип, казак өтмө бекетиндеги эрежелерди түшүндүрүп жатты:

- Силер жөн эле убара болуп атасыңар. Өткөрбөйт. Баягы күнү чогулуш өткөрбөдүкпү. Товар тууралуу сертификат болушу керек. Аны "Дордойдон" алышыңар керек.

Сатып алгандыгыңыз тууралуу акт аласыз. Ошону менен казак бажы бекетинен өтүп, "растаможка" кыласыз. Мисалы, бир айда канча жолу өттүңөр? Мына, сизди мен билем, бир айда 30-40 жолу өттүңүз. Ошондо товар менен канча жолу каттаганыңарды эсептейт. Ошондо бир айда элүү килограмм гана бекер ташый аласың.

Дүйшеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындай эрежелер 19-мартта казак-кыргыз тараптардын жолугушуусунда айтылган. Казак чек арачыларынын ур-токмокко алган фактылары боюнча кылмыш иш козголуп, айрымдары кызматтан алынган:

- Былтыр күч колдонгон, бир жагынан чек арачыларга баш ийбеген учурлар болгон. Бизге да арыз жазышкан. Андан кийин Башкы прокуратурага кайрылышкан. Кордай прокуратурасына берилген. Көпчүлүгү кылмыш жоопкерчиликке тарытылып, кызматтан алынган.

Азыр кыргыз-казак чек арасындагы көп тараптуу өтмө бекеттерден “Ак жол” менен “Чалдыбар” гана ачык. Калган алты бекет жабык турат.

Чек арачылардын айтымында, “Ак жол” бекети өзү да реконструкцияга муктаж. Күнүнө сегиз миң адам каттаганга ылайыкташтырылган бекеттен 28 миңдей жолоочу өтөт. Жөө адамдарга, унааларга, чукул иштер менен бараткан тез жардам, милиция кызматкерлери, дипломаттар үчүн делген өз-өзүнчө тилкелер жок.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов былтыр жайында вице-премьер кезинде “Ак жолго” барып оңдолуп, түйшүк, кымгууттук азаярын убада кылган болчу.


Ары тартыш, бери тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

XS
SM
MD
LG