Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Таластагы талаш жердин тагдыры арсар


Таластын Көк-Сай айылындагы кыргыз-казак чек арасы, 22-март, 2013
Таластын Көк-Сай айылындагы кыргыз-казак чек арасы, 22-март, 2013

Кыргызстан Казакстандан ижарага жайыт сурап, анын ордуна суу каналын пайдаланууну сунуштады.

Кыргыз-казак өкүлдөрүнүн чек ара боюнча сүйлөшүүлөрүнүн алгачкы тыянагы ушундай болду.

Ижара сунушу ишке ашабы?

Бишкекте дээрлик беш күнгө созулган сүйлөшүүдө Кыргызстан Казакстанга Таластагы талаштуу аймак маселесин чечүү жолдорун сунуштады. Ага ылайык, жер алмашуу боюнча баштапкы келишимди өзгөртүүсүз калтыруу, Жамбылдан миң гектардай жайытты ижарага алуу, сугат каналды ижарага берүү маселеси коюлду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров маалымдады:

- Сүйлөшүүлөр бүттү. Жыйынтыгы жакшы. Протоколдорго кол койдук. Сунуштарды негизинен биз койдук. Таластагы жаңжалга байланыштуу биз сунуштап жатабыз. Ага ылайык, 2001-жылдагы келишимди калтырып, эки тарап каналды жана Чоң-Шынааны бири-бирине ижарага берүү жолдорун карап көрөлү деп сүйлөштүк. Бизден башка да жогорку комиссиялар бар. Анын жетекчилери премьер-министрлер. Эми бул маселе ошол деңгээлде каралат. Биз ошону сунуш кылдык. Анткени биздин комиссия делимитация, демаркация боюнча да. Казак тарап "бул маселе биздин укугубузга кирбейт, мамлекеттик кеңеш деген бар, ошого берели", - деп айтты.

Искандаров казак тарап жообун келерки жолугушууда берерин кошумчалады:

- Сунуштарды өз өкмөтүндө карап туруп, келерки жолугушууда жообун бермей болду. Буйруса келерки жолугушуу августтун 20сынан кийин болот. Ал жолугушууга чейин эки жактын жумушчу топтору жерине барып, чек ара өткөн чекитерди так аныктап берүүнү макулдаштык.

29-июлда Таластын губернаторунун орун басары баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов менен жолукканы маалым болду. Кара-Буура районунун акими Чолпон Төрөкулов кыргыз-казак сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы ынанымдуу болгонун айтууда:

- Жергиликтүү эл каналды чоңойткула, Чоң-Шынаадагы жайытты бергиле деп атат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жакшы эле, элдин талабы ошол болуп жатат да. Тынчтык негизде сүйлөшүү жүргүзгүлө, бизге да ынтымак керек дешет. Кыргыз-казак бир тууган, "айылыбыз аралаш, коюбуз короолош" деген эле да.

Жергиликтүү элдин талабы

Антсе да айылдык кеңеш түзгөн комиссия мүчөлөрү сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор берилбей жатканына нааразы. Көк-Сай айылынын тургуну, аталган комиссиянын мүчөсү Айткул Тайлаков колдоруна кагаз тийгенден кийин кийинки чаралар аныкталарын маалымдады:

- Оозеки эки-үч айдан бери эле айтып жатышат. Бирок демаркацияланган мамылар алынбай турбайбы. Макул оошуп кетти деп ишенсек, казак тараптын бизге берген жеринен зым торлору алынып салынышы керек эле да. Же алмашкан жерге киргизбей жатат. Киргизет, кайра бир күнү жаап коёт. Интернетте бизге ошол жерди ачып берип жаткан Жуалын районунун акиминин орун басарын жумуштан алып коюптур деп жазып атышат. Райондун акими губернатордун орун басары менен келип туруп, "каалаган жериңерди көрсөткүлө, сүйлөшүү бүткүчө малыңарды жайып тургула", - деген. Биз ошого макул болгонбуз.

Буга чейин Казакстандын айрым маалымат булактары Кыргызстанга жер берүүгө макул болгону үчүн Жамбыл облусуна караштуу Жуалын районунун акиминин орун басары кызматтан алынганын жазып чыккан. Облустук акимчилик Бесбай Кансеиттин каналдын буулушуна байланыштуу комментарий берүүгө ыйгарым укугу жоктугун, Казакстан Кыргызстанга жер бербегенин жарыялады. Эки тараптын макулдашуусуна ылайык, казак тарап өз аймагы аркылуу кыргыздарга малын айдап өткөнгө уруксат гана бергенин билдирди.

Таласта Казакстандын төрт бурч болуп Кыргызстанга кирип турган жери Чоң-Шынаа деп аталат. Бул жерди Казакстан 2001-жылдагы келишим боюнча алган.

Былтыр эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Чоң-Шынаанын Кыргызстандын аймагындагы учун Кыргызстанга берип, Кыргызстанга караган эки тарабын казактарга берүү тууралуу макулдашкан. Көксайлыктар болсо Чоң-Шынаа союздун тушунда Кыргызстанга таандык экенин айтып келишет. Алар ушул айдын башында жер алмашууну жокко чыгаруу талабы менен Жамбылга кетчү сууну 11 күн бууп турган.

Чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү казактар мыйзамга ылайык өз үлүшүн алганын, бөлүштүрүү 1931, 1960-жылдардагы чек араны бөлгөн документтерге негизделгенин жүйө кармашууда.

XS
SM
MD
LG