Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Таласта Казакстанга кеткен сууну бууп коюшту


Тосулган канал, Таластын Көк-Сай айылы, 8-июль, 2013.
Тосулган канал, Таластын Көк-Сай айылы, 8-июль, 2013.

Суу тоскондор бийликтен чек арадагы талаш жердин тагдырын чечип берүүнү талап кылышууда.

Таластын Көк-Сай айылында 7-июлдан бери Казакстанга кеткен суу буулуп турат. Бүгүн суу тосулган жерге вице-премьер-министр Токон Мамытов жана чек ара адистери барып, нааразы болгон эл менен жолукту.

Тасмада: Таластагы суу тосуу

Таластагы суу тосуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Вице-премьер Токон Мамытов барганда нааразы болгондор негизги үч талапты коюшту. Алар: кыргыз-казак чек арасындагы кыргыз тарапты көздөй шынаа болуп кирип турган 13 киллометр узундуктагы 4,5 миң гектар жерди кайтарып алуу, өткөн жылы алмашууга макулдашылган 2,6 гектар жердеги орнотулган мамыларды алып салуу жана кыргыз-казак чек арасы өзөн менен бөлүнсүн деген талаптар.

Нааразылыкка чыккандардын бири Нурбай Анарбаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Каналды жапканыбыздын себеби - чек араны тактап беришсин. Кыргызстан эгемендүүлүк алганы бул аймак тактала элек. 1930-жылкы документтерде чек ара өзөндү бойлоп кетет деп жазылып турат. А булар болсо 4,5 миң гектар жерди шынаа кылып курчап алышкан. Үлүш жерлерге, жайыттарга келиш үчүн биз 20 чакырымдай айланып өтүп жатабыз.

Суу тоскондор
Суу тоскондор

Дагы бир жергиликтүү тургун Айткул Тайлаков талаптары жөнүндө буларга токтолду:

- Биздин талаптар: 2,6 гектар жерибизди кайтарып беришсин жана 2001-2008-жылкы чечимдердин мыйзамдуулук жагы каралсын. Колдон келсе ошондо кеткен жерлерибизди кайтарып алуу. Чек араны тактап жүргөн комиссия башчысы Аламановго учурунда ата-бабаларыбыздын жайыттары, бейиттерибиз кетип жатат деп айтканбыз.

Маселе менен жеринде таанышкан вице-премьер Токон Мамытов эки өлкөнүн парламенттери тааныган келишимдеги жерлер кайтарылбасын, ал эми калган талаштуу жерлерди коңшу тарап менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү жагы каралаарын айтты:

- 2001-2008-жылдары эки өлкөнүн мыйзамчылары кабыл алган чек ара тилкелерин кайтара албайбыз. Мени тилдесеңер тилдегиле, ачык айтканда ал биздин колдон келбейт. Тиешелүү чечимдер чыккан. Ал эми калган маселелерди жакында коңшу өлкөнүн өкмөтү менен кезиккенде көтөрөбүз.

Нааразылыкка чыккандар суу башына боз үй тигип, кайтарып отурушат.
Нааразылыкка чыккандар суу башына боз үй тигип, кайтарып отурушат.

Ошондой эле Токон Мамытов суу тоскондордон аны ачууну суранды. Бирок нааразылык билдирип жаткан жергиликтүүлөр тиешелүү чечимдер чыкмайын суу ачылбасын айтышты. Учурда суунун башында боз үй тигилип, жергиликтүү активисттер каналды кайтарып отурушат. Аталган канал аркылуу Казакстандын Жамбул облусунун 4 миң гектар айдоо аянты сугарылат.

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери Кара-Бууранын Көк-Сай аймагындагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга 2012-жылдын сентябрь айында жетишкен. Бирок айыл тургундарынын бир тобу аны колдосо, экинчилери жер алмашылганына каршы.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы 1241 чакырымды түзөт. Чек араны тактоо 2008-жылы аяктап, эки тарап тең аны расмий түрдө тааныган.
XS
SM
MD
LG