Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Казакстандык туристтин абалы оор


Операция оор болду
Операция оор болду

7-август түнү Ысык-Көлдө эс алып жүргөн казак жараны Ерлан Балмахаевди сабап, тоноп кетишкенин кабарлаганбыз. Ушул тапта Балмахаев Чолпон-Ата шаардык ооруканада жатат.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Алмира Алдашева "Азаттыкка" маек курду.

- Азыркы тапта казак жараны Ерлан Балмахаевдин абалы кандай?

- Анын абалы оор, азыр эс-учуна келе албай жатат. Кан басымы калыбына келип калды, температурасы бир аз түштү. Анткени операциядан кийин 3 күн температурасы жогору болуп турду эле.

Балмахаевди ооруканага жеткирери менен Бишкектен санитардык авиация менен дарыгер жеткирилип, операция жасалган. Башында гематомасы бар экен, аны алдык. Ошондой эле гирдрома бар экен, аны дагы нейрохирург алды. Операция оор болду. Ошондуктан алдын-ала эч нерсе айта албайбыз.

- Туугандары келиштиби?

- Туугандары биринчи күндөн тарта ушул жерде. Апасы, эжеси келди. Албетте алар жаман болуп жатышат. Медицина кызматкерлерине эч кандай дооматтар жок, анткени алар колубуздан келген аракетибизди жумшап жатканыбызды көрүп турушат.

- Канча күндөн кийин которулат?

- Азыр Алматыдан нейрохирург, реаниматолог келатат. Андан кийин бул жактагы нейрохирургдар менен кеңешишет. Эгер оорулуу жолду көтөрө алса, анда Бишкекке которулат. Бирок анда деле атайын унаа, жанында коштогон реаниматологдор болуш керек.

P.S.

Ысык-Көлдүн жээгинде ур-токмокко кабылып, эс-учуна келе албай жаткан казак жараны Ерлан Балмахаев 14-августта эртең менен Бишкектеги Улуттук госпиталда көз жумду.

Бул маалыматты “Азаттыкка” госпиталдын Нейрохирургия бөлүмүнөн тастыкташты. Балмахаевди кечээ Чолпон-Ата шаардык ооруканасынан Бишкекке которушкан.

Казакстандан Ысык-Көлгө эс алууга келген Ерлан Балмахаев 7-августка караган түнү белгисиз жаштар тарабынан көл жээгинде тонолуп, сабалган. Анын баш мээси чайкалганы айтылып, башына операция жасалган. Бирок турист эсине келген эмес.

Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева казак жаранын сабагандарды тез арада табууга чакырып, анын иликтенишин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өзү көмөлдөөрү кабарланган.

XS
SM
MD
LG