Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

"13-аймак" шейиттерге шек келтиреби?


Казак тасмасынын жарнамасы (Сүрөт Фейсбуктан алынды)
Казак тасмасынын жарнамасы (Сүрөт Фейсбуктан алынды)

Октябрь райондук соту “13-аймак” аттуу казак-кыргыз чыгармачыл тобу тарткан көркөм фильмди Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салды. Мындай чечимге “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун даттануусу себеп болгон.

“Айкөл Ала-Тоо” уюмунун жүйөсүндө аталган тасмада 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда каза болгондор психотроптук дары-дармек колдонгон деген тариздеги ой айтылат. Анткен менен авторлор фильмдин Кыргызстандагы окуяларга тиешеси жоктугун айтууда.

“13-аймак” аттуу көркөм тасманы Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салган чечимди Октябрь райондук сотунун судьясы Аида Жогоштиева 10-декабрда - фильмдин бет ачар күнү кабыл алган. Буга “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин даттануусу себеп болгон.

Уюмдун жетекчиси, КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаевдин жүйөсүндө аталган тасмада 2010-жылдын апрель, июнь окуяларында каза болгон жигиттер психотроптук дары-дармек колдонгон деген ой камтылган.

- Тасманын трейлеринде 7-апрель жана Ош окуяларында жигиттерге психотроптук дары берилген деп айтылат. Биздин арызга ушул сөз себеп болду. Тасма апрель окуяларында каза болгондорго шек келтирип жатат. Кыргызстандын бейпилдигин бузууга эч кимдин акысы жок. Мындай тасмалар Кыргызстандын аймагында көрсөтүлбөшү керек.

Миккенбаев кошумчалагандай, уюм мүчөлөрү тасманы толугу менен көрүшкөн эмес. Сотко кайрылууга интернетке жарыяланган кыска үзүндүсү гана жетиштүү болгон.

Шайырбек Маматокторов
Шайырбек Маматокторов

“13-аймак” тасмасынын продюсери Шайырбек Маматокторов болсо шашылыш чыккан сот чечимин, апрелчилердин дооматын түшүнбөй убара. Анын ишендиришинче, тасманын 7-апрелге да, Ош окуясына да тиешеси жок.

- Тасманын апрель жана Ош окуяларына тиешеси жок. Идея казакстандык режиссёрлорго таандык. Алар Украинадагы, Кыргызстандагы окуялар өз өлкөсүндө болбосун деп ушул тасманы жаратышкан. Сценарий Казакстандын Маданият министрлигинде бекитилген. Кандай болгон күндө да биз 2010-жылдагы окуяларды ачык айтуубуз керек. Ооруну жашырсак, өлүм ашкере кылат.

Фильмдин авторлору “Айкөл Ала-Тоонун” дооматын четке какканы менен тасмада психотроптук дармектер тууралуу сөз болгонун танбайт. Аталган эпизоддор “Кыргызфильм” фондунун өтүнүчү менен алынып салынган. Шайырбек Маматокторов райсоттун чечими боюнча жогорку инстанцияларга арызданарын, “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун акыры доого жыгарын кошумчалады.

Мындай талаштуу тасмаларды жалпы элге көрсөтүүдөн мурда мазмуну текшерүүдөн өтүшү керек. Мындай пикирин белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров ортого салды. Ал тасманын авторлорун эмес, көрсөтүүгө уруксат берген “Кыргызфильм” фондун айыптады.

Темир Бирназаров
Темир Бирназаров

- Прокатка уруксат бергендерди жазалаш керек. Анткени алар уруксат берген. Тасманын идеологиясына, өзөгүнө көңүл бурушу керек болчу. Негизи эле ар бир тасманын мазмуну каралышы керек. Болбосо дин, улут аралык мамилени козуткан тасмалар чыгып жатат. Улуттук кызыкчылык баарынан жогору турушу кажет.

Бирок айрым оппозициялык саясатчылар тасмага салынган тыюуну саясий кысым катары баалап жатышат. Алардын пикиринде, сот чечимин шашылыш түрдө тасманын авторлорун катыштырбай туруп чыгарган.

“13-аймак” тасмасын казак-кыргыз биргелешкен чыгармачыл топ тарткан. Съемкалар Таиланд, Казакстан жана Кыргызстандагы окуяларды камтыган. Авторлордун айтымында, тасмага жалпысынан 250 миң долларга жакын каражат жумшалган. Буга чейин айрым маалымат каражаттары тасманын артында мурдагы президент Курманбек Бакиев турарын жазып чыгышкан, бирок авторлор муну жокко чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG