Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Кыргызстан таза продукциянын мекени боло алабы?


Премьер-министрдин токтому менен экологиялык таза айыл чарба продуктуларын өндүрүү программасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү.

Айыл чарба министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси Кубат Касенов “Азаттыкка” маек курду.

- Жумушчу топтун түзүлүп калуу максат, себептерин түшүндүрүп берсеңиз?

- Биринчиден, элибизди таза, экологиялык жактан табигый продукция менен камсыз кылуу. Экинчиден, азыр ааламдашууда бардык өлкөлөрдө экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүү жана колдонуу орчундуу болуп тургандыктан өзүбүздүн продукцияларды сыртка чыгаруу максатында болуп атат.

- Кыргызстан айыл чарба өлкөсү болуп эсептелет. Эт, сүт, жумуртка жана башкалар өзүнөн чыккан менен кайра эле ошол продуктулар сырттан ташылып келинет. Ошол эле учурда өнүккөн өлкөлөргө таза продукция ташуу багытында атаандаштык жогору. Кыргызстан атаандаш боло алабы?

- Чынын айтканда негизинен ар бир чет элдик жарандар келип, биздин продукцияны жеп көргөндө анын даамынан экологиялык таза экенин байкап айтып жатышат. Бирок программанын максаты – жеке жарандар эле эмес, башка өлкөлөр тааныса деген максат болуп турат.

Этке токтолуп кеттиңиз, учурда биздин этти Иран өлкөсү таанып, экспорттолуп атат. Ал эми өсүмдүк продукциялары болсо Казакстанга, Орусияга чыгып атат. Азыр мегаполис болгон ири шаарларга атайын экологиялык таза деген супермаркеттер, атайын бөлүмдөр ачылууда. Башка өлкөлөр тааныган айрым мамлекеттердин азыктары ошол текчелерде тизилип турат. Биздин максат - ошол деңгээлге, бийиктикке жетүү.

- Программа канча мөөнөттө иштелип чыгат? Кыргызстан иштетеби же чет элдик компанияларга тендер жарыяланабы?

- Тендер жаряланбайт. Биз өзөбүздүн күчүбүз менен иштетебиз. Мен жумушчу топтун жетекчиси катары буйрукта аталган мекемелерге күчтүү адистерди бергиле деп кат жолдодум. Андан сырткары Айыл чарба министрлигинин сайтына ушул багытта иштеген адистердин ой-пикир, сунуштарын билүү максатында маалымат жайгаштырдык.

- Кыргызстандын продуктулары өзү эле таза болсо керек. Бирок сүттү толугу менен Казакстан алып иштетет. Сапаттуу, мисалы Голландия быштагына тең келчү, атаандаш болчу быштактарды Кыргызстан иштеп чыга алабы?

- Бул эми келечектин иши. Ар бир нерсени пландап алып, алдыга жылса максатыбыз көрүнөт эмеспи. Ошондуктан өкмөттүн чечими учур талабына ылайык. Эми муну кылдат, кеңири камтуу менен программаны иштеп чыксак коюлган максатка жетебиз деген тилектебиз.

XS
SM
MD
LG