Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Депутат Карамушкина журналист менен соттошууда


Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Парламенттеги социал-демократчыл депутат Ирина Карамушкина өзү жөнүндө жалган маалымат таратты деп, 24.kg агенттигинин журналисти Махинур Ниязованы сотко берип, моралдык зыян ордуна агенттиктен беш миллион сом өндүрүүнү талап кылууда.

Өз кезегинде журналист жана бир катар медиа-уюмдар мынчалык ири суммадагы акча талап кылууга негиз жоктугун билдирүүдө.

Депутат Карамушкинанын айдоочусу мас абалында эки кишини сүзүп кетип, бирөө жан берген болчу. Кыргызстанда жаңы бийлик келгенден бери депутаттар журналисттерден ири суммадагы акча талап кылган окуя биринчи катталып отурат.

Депутат ар-намысын коргоп чыкты

Эл өкүлү Ирина Карамушкина 24.kg агенттигинин журналисти Махинур Ниязованы "айдоочусу кырсыкка кабылганда депутат машинанын ичинде болгон” деген маалыматы үчүн сотко берүүдө. Депутат жалган маалымат беш миллиондон ашык калкы бар Кыргызстандын бардык бурчуна таркаганын айтып, андыктан моралдык зыяндын өлчөмүн беш миллион сом деп баалап жатат:

- Коомчулукка так эмес маалымат таркатаардан мурда бул иш менен түздөн түз алектенген тергөө органдарынан сураш керек эле. Андан кийин гана мен айдоочумду кырсык болгон жерде таштап кетип, кетпегенимди жазышы кажет болчу. Бирок 24.kg туура эмес маалымат берүүнү уланта берди. Анан Жогорку Кеңештин юридикалык башкармалыгы, менин депутат кесиптештерим жаран катары өзүмдү коргошум керектигин айтты. Эгер депутаттардан өз кадамы жана сөзү үчүн жооп берүү талап кылынса, журналисттер да өз сөзү үчүн жооптуу болушу керек. Алардын сөздөрү да миллиондогон окурмандарга жетет. Жалган маалымат болгондуктан эмне үчүн мен ар-намысымды коргобошум керек? Акырында 24.kg агенттигинин аракети аларды сотко берүүмдү шарттады.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 27-февралда Ирина Карамушкинанын айдоочусу Алексей Хурсаев KG номерлүү машинасы менен Бишкек-Торугарт жолунда эки адамды сүзүп кеткен. Натыйжада 70 жаштагы Кочкор районунун тургуну Асангазы Кутманалиев жан берип, 38 жаштагы Сокулуктун тургуну Алмаз Матиев ооруканага жаткырылган. Айдоочу депутатка таандык “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү машинасы менен кырсык болгон жерден качып кетип, Бишкек четиндеги ГЭС-5 аймагында кармалган. Анда айдоочу Хурсаевдин мас абалында болгону аныкталган.

Бул окуядан кийин “автоунаада депутат Карамушкина өзү болгон, бирок ал айдоочусун калтырып, из жашырып кеткен” деген маалыматтар интернетке таркап кеткен. Ал тургай депутаттын өзү да "таза эмес" болгону тууралуу аңыз кептер чыккан. Бул маалыматты таркатты деп депутат айыптап жаткан 24.kg агенттигинин журналисти Махинур Ниязова “Азаттыкка” өз пикирин билдирди:

Махинур Ниязова
Махинур Ниязова
- Берилген маалыматтын туура же туура эместиги боюнча азырынча пикиримди билдирбей турайын. Азыр доо арызды жана документтерди изилдеп жатабыз. Юристтер иштеп жатат. Жагдай чындыгында кандай болгону сотто белгилүү болот. Ал эми талап кылынган акчанын көлөмү жумшак айтканда негизсиз. Беш миллион сом талап кылууга негиз жок.

5 миллион сом талкуу жаратууда

24.kg маалымат агенттигинин башкы редактору Антон Лымарь болсо депутаттын кырсыкка катыштыгы болгону жөнүндө маалыматтар Ички иштер министрлигиндеги купуя булактардан алынганын, булактын кимдиги ачыкка чыгарбасын билдирүүдө. Бул чатак Кыргызстандын медиа мейкиндигинде, өзгөчө социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.

Voice Of Freedom коомдук бирикмесинин жетекчиси Абдымомун Мамараимов:

- Махинур Ниязова жазган макаланы окуп, анализ кылып көрдүм. Ички иштер министрлигиндеги маалымат булагына таянып айткан сөз экен. Кандай болгондо да кийин "Карамушкина берилген маалыматты төгүндөдү" деп эки жолу маалымат чыккан. Ошондой кийин менимче бул маселени деле жапса болмок. Бирок эми беш миллион акча талап кылып, сотко кайрылганы шек туудуруп жатат. Кандайдыр бир журналисттердин оозун жабуу боюнча буйрутма болдубу деп ойлойм.

Журналисттердин укуктарын коргогон медиа өкүл Акмат Алагушев да өз оюн “Азаттыкка” билдирди:

- Азыркы убакта сот мындай көлөмдөгү акчаны өндүрүп бербейт. Бул моралдык коркутуу өңдүү аракет болушу мүмкүн.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары журналисттерде да жоопкерчилик болушу керектигин айтып, Ирина Карамушкинаны колдоого алууда. Ошол эле учурда депутат, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов беш миллион сом талап кылганга андай негиз жок деп эсептейт:

- Эгер ошондой маалымат кеткен болсо, аны жокко чыгарганга укуктуу. Депутаттык кадамын “кырсык учурунда болгон эмесмин” деп, маалыматты төгүнгө чыгаруу аракети катары түшүндүм. Анткенге адам катары да, депутат катары да укугу бар. Бирок маалымат таратканга беш миллион сом моралдык компенсация сурап жатканы адекваттуу эмес.

Бул окуя соңку эки жылда депутаттар журналисттерден ири өлчөмдөгү моралдык компенсация талап кылган алгачкы доо болуп саналат. Депутат Карамушкина соттон жеңип чыкса, акчаны кайрымдуулук иш-чараларына сарптаарын билдирүүдө.

Депутат менен журналисттин ортосундагы алгачкы соттук териштирүү Бишкектин Свердлов райондук сотунда башталды. Бирок агенттиктин өкүлдөрү келбегендиктен кийинкиге жылдырылды. Кийинки соттук иш 12-апрелде уланмакчы.
XS
SM
MD
LG