Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Кара-Кечедеги өлүм иликтенүүдө


Кара-Кече кени
Кара-Кече кени

2-декабрда Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Нарын облустук ИИБнын атайын отрядынын үч кызматкерине “киши өлтүрүү” жана “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Жумгал райондук прокуратурасына Чаек айылынын тургуну Бейшенкул Мамбеталиев кайрылып, 1-декабрь күнү Кара-Кече көмүр кенине кире бериште милиция кызматкерлери уулу Айбек Мамбеталиевди сабашканын, ал алган жараатынан ооруканага жетпей жолдон каза болгонун билдирип, анын өлүмүнө тиешеси бар милиция кызматкерлерине чара көрүүсүн өтүнгөн.

Прокуратура жүргүзгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында үч милиционер кармалып, убактылуу камоо жайына киргизилди. Нарын облусунун прокурорунун орун басары Азат Алсеитов буларды билдирди:

- 1-декабрда Кара-Кече кениндеги окуя боюнча эртеси күнү Жумгал райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин жана 305-беренесинин белгилери менен кылмыш ишин козгоду. Убактылуу кармоочу жайга 3 милиция кызматкери киргизилип, азыркы тапта мыйзамга ылайык тийиштүү тергөөлөр жүрүп жатат.

Маркум Айбек Мамбеталиев жеке ишканада Кара-Кечеден Бишкекке көмүр ташып иштечү. Артында беш баласы калды.
Атасы Бейшенкул Мамбеталиевдин айтымында, баласы ошол күнү ишкананын эки КамАЗын жеңил унаа менен коштоп, көмүр алууга кеткен. Ал жерден милиция кызматкерлери менен чатакташа кеткенин окуяга күбө болгондордон уккан. Атасы уулунун өлүмүнө милиция кызматкерлерин күнөөлөйт:

- Ал жерге барып сураштырдык. Баламды тараза менен карьердин ортосундагы ээн жерге алып барып өлтүрүп коюшкан экен. Ал жерден эч ким көрбөйт, ылдый алып түшүп, бетине суу куюп, дагы көп нерсе кылышкан окшойт. Ар кандай кептер айтылып жатат, кимге ишенээримди билбейм. Ошол көпчүлүктүн айтымында, баламды үч милиция эле өлтүрүп койгон. Баламды жерге жашырдым. Өлтүрбөй эле колу-бутун сындырып койсо, жер карабай, жол карабайт белем.
Буга чейин милиция билдиргендей, Айбек Мамбеталиев кан басымы жогорулап, каза болгон дегенге атасы ишенбейт. Бир катар интернет булактарында Айбек Мамбеталиев кылмыштуу топтун мүчөсү болгон деген маалыматтарды агасы Барчын Мамбеталиев төгүндөөдө. Анын айтымында, Кара-Кече көмүр кениндеги башаламандыктарга милициянын да тиешеси бар.

- Баягы күнкү атышуудан кийин милиция Кара-Кечени катуу көзөмөлдөй баштаган. Ошол көзөмөл башталган 6 күндүн ичинде бир топ мыйзамсыз иштерди кылышкан. Ар бир машинеден акча алып, айдоочуларды сабап, өз билгендерин жасаган. Акыры минтип инимди өлтүрүп жатышпайбы.

Кара-Кечедеги ошол окуяга күбө болгон Жолдошбек аттуу айдоочу буларды айтып берди.

- Атайын отряддын бир баласы, уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын эки баласы болчу. Адегенде машинасынын терезесиндеги караңгылатканын жулушкан. Анан ал бала машинесин жогору жакка өзү айдап чыккан, муну баары эле көргөн. Андан кийин эле машинаны милициялар айдап калган экен. Ошол жактан эле кайтыш болду. Мен үстүндө болчумун, анан ал жактан "нашаа салып кармап алып, сабап өлтүрүп койгон" дешти. Эси ооп кулап калган, көрсө ошондо эле өлгөн экен.
Бул ишке байланыштуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы маалымат берүүдөн баш тартты. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Эрнис Осмонбаев телефон аркылуу буларды айтты:

- Эми азыр өзүбүздүн дагы бөлүм териштирип жатат. Анан жыйынтыгы менен пикирибизди билдиребиз. Ал эми козголгон иш боюнча прокуратура жооп берет.

5-декабрда дайындалган өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Кара-Кече көмүр кениндеги башаламандыктан улам мамлекеттик мекемелерге көмүр толук жетпей жатат деген эле. Кайыпов ишин Кара-Кечени иреттөөдөн баштаарын “Азаттыкка” курган маегинде билдирген.

Жумгал районун акими Адылгазы Исагулов жакынкы күндөрдө Кара-Кечедеги башаламандыктар жөнгө салынаарына ишендирет:

- Мурда милиция кайтарчу, ал эми азыр андай эмес. Бирок иш жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү өкмөттүн өкүлү келет, анан бирге бул жактагы иштерди жөнгө салабыз. Азыр иштер жакшы эле жүрүп жатат.

20-ноябрда да Кара-Кече көмүр кенинде атышуу болуп, эки адам жараат алган. Учурда ал окуяга тиешеси бар 5 адам кармалып, тергөө жүрүп жатат.

Өлкөдөгү ири көмүр казуучу Кара-Кече кенинде 400 миллион тоннадан ашык кара алтын уюп жатат. Кен Кыргызстандын түндүк аймактарын жана Бишкек шаарын отун менен камсыз кылат. Кара-Кечеде 10дой менчик ишкана көмүр казат, эл арасында кенди кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт деген каңшаар бар.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG