Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Сот реформасы ордунан жылдыбы?


Кыргызстанда сот системасын реформалоо боюнча концепция иштелип чыкты. Бул концепция сот бийлигинин көз карандысыз болушуна алып келеби?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, концепцияны иштеп чыгуу боюнча комиссиянын мүчөсү Данияр Нарынбаев, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев жана сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова катышты.

"Азаттык": Данияр мырза, сот адилеттиги апрель ыңкылабынын талаптарынын бири эле. Бирок реформа токтоп калды. Реформаны жылдыруу үчүн Өмүрбек Текебаев башында турган комиссия концепция жазды. Концепция сот реформасына жол ачабы?

Данияр Нарынбаев: Сөзсүз түрдө жоюп, баарын жыргатып жиберет деп айта албайбыз. Бирок бир топ маселелерди өзүнө камтыды. Муну 19 адамдан турган комиссия өзү чечпестен, жалпы коомчулукка чыгарганбыз, диалог өткөргөнбүз. Ошол жерден абдан көп жакшы сунуштар түштү. Ошонун баарын анализдеп, иреттеп, 4-5 барактык концепция даяр болду.

Азыр президент өзү таанышып атат. Жакын арада маселе чечилип, президенттин жарлыгы менен бекийт. Андан ары ушул концепцияны ишке ашыруу үчүн атайын план түзүлүп, ошол пландын негизинде бир топ мыйзам долбоорлору иштелип чыгат, өкмөт тарабынан бир топ чечимдер кабыл алынат. Менимче сот системасына жардам бере турган концепция болот.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Рита айым, жаңы концепция жарандык коомду, сиздерди канааттандырабы?

Рита Карасартова: Концепциянын жазылышы, ичиндеги мазмуну биз эле эмес, эл аралык эксперттер менен жакшы жазылган документ деди. Бирок тилекке каршы ушул концепция мыйзамдуу статуска ээ боло электе, талкууга алына электе эле президент мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен бийлик менен жарандык коомдун ортосунда болгон сүйлөшүүнүн ортосунда чыккан документке президенттин, президенттин аппаратынын диалогго болгон мамилеси ушундан билинип калды.

Биз концепцияны эмнеге иштеп чыгалы деп сүйлөштүк эле? Анткени ар кайсы мыйзамдарга кичинеден өздөрү кызыкдар болуп, кайсы жакка кетип баратканыбызды билбейбиз, келгиле концепция жазалы дегенбиз.

Кийин президенттин жарлыгы менен комиссия түзүлгөн. Анын 3-пунктунда жазылган, бүт мыйзам чыгара турган булактардын баардыгы ушул комиссия менен сүйлөшкүлө, мындан кийин сүйлөшүүлөрдүн баары комиссиянын тегерегинде болсун дешкен. Бирок тилекке каршы мурунурак сүйлөшүп алган нерсени баш бийлигибиз биринчи бузуп атканына байланыштуу жарандык коом макул эмеспиз.

“Азаттык”: Сот системасындагы негизги кемчиликтердин бири - анын аткаруу бийлигинен көз карандылыгы болуп келген. Жаңы концепцияда бул маселе чечилдиби?

Мукар Чолпонбаев: Көз карандысыздыкты мындай чечүүгө болбойт. Анткени сот бийлигинин башка бийликтерге караганда өзгөчөлүгү бар. Бул жерде соттун эки тараптуу көз карандылыгы бар. Биринчиси, уюштуруучулук көз карандылык, ким кызматка коюп, ким алат.

Экинчиси, процессуалдык, соттун чечимдерине ким кийлигише алат, кимдин кийлигишкенге укугу жок? Уюштуруу ишине кийлигишпей турган Жогорку Сот гана караш керек, ал ылдый жакта турган соттордун уюштуруу ишине кийлигишпеш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG