Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Батыровдун жаңы "барактары" ачылууда


Башкы прокуратура июнь калабасын уюштурган деп шектелип, чет өлкөдө бозгунда жүргөн Кадыржан Батыровго таандык мүлктөрдү териштирип, соттун чечими менен мамлекетке өткөрүү иш-чаралары башталганын жарыялады.

Ошол кезде жергиликтүү басылмалар Батыров Орусияда да ири мекеме-ишканаларга ээ экендиги жана анын орус жарандыгы тууралуу маалыматтарды жарыялады.

Кадыржан Батыров өзү чет өлкөлөрдө жеке менчик бизнеси бар экендигин тастыктап, бирок анын орус жарандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Батыровдун мүлкү

Бишкекте чыгуучу “Жаңы Агым” гезити "Кадыржан Батыров Москвадагы “Аллстрой-Текс”, “Холор”, “Арк-Транс” жана “Савин” сыяктуу ири ишканалардын кожоюну" деген маалыматты жарыялады. Ошондой эле ал Москвадагы “ДГЛ-Групп” компаниясына жана Курск шаарындагы “Новость” деген аталыштагы тамеки фабрикасына ээлик кылат. Москвадагы “Экрос” акционердик коомунун, Ферганадагы мунай заводдун жана Өзбекстандагы темир жол тетиктерин сатуучу мекеменин теңшерик кожоюндарынын бири экендиги аныкталган.

Мындан сырткары “Жаңы Агым” Батыровго Орусия жарандыгы берилип, башынан эле атайын “долбоор” катары даярдалган деген маалыматты да ачыкка чыгарды.

Учурда Швецияда бозгунда жүргөн Кадыржан Батыров “Азаттыкка” чет жерде бизнеси бар экендигин тастыктап, бирок анын орус жарандыгы боюнча маселеге мындайча жооп берди:

- Жок, менде эч кандай Орусиянын жарандыгы болгон эмес. Бакиев бийлигинин тушунда мына ошонун бардыгы атайын ойдон чыгарылган болчу. Ошонун негизинде мени депутат болбой калсын деген ниетте жасалган иш. Мен башка бир мамлекеттин жарандыгын алган эмесмин.

Бирок бир эле Орусияда эмес, менин башка өлкөлөрдө бизнесим бар экендиги чын. Мен башкаларга окшоп кылмыштуу жол менен же кызматта отуруп, коррупциялык схемалар аркылуу акча тапкан эмесмин. Мен сырттан маңдай терим менен бизнес кылганымды бардыгы эле билет. Бирок ага карабастан мени ушинтип каралай беришет
.

Орус жарандыгы ойдон чыгарылганбы?

Кадыржан Батыровдун Орусия жараны экендиги боюнча маалымат биринчи жолу чыгып жаткан жок. Батыров жаңыдан саясатка аралашып, парламент депутаттыгына талапкер катары аттанганда анын Орусиянын жараны экендиги боюнча маалымат гезиттерге чыккан. Далил катары анын паспортунун көчүрмөсү жана паспорт номуру кошо чыккан. Бирок Батыров депутат болуп шайланып, бул шектүү жагдайды иликтөө иштери белгисиз себептер менен кийин токтоп калган.

Орусиядагы Борбор Азия коопсуздугун изилдөө академиясынын президенти Рустан Рахманалиев Батыровдун орус жарандыгы боюнча мындай маалыматы менен бөлүштү:

- Бул эми БШКнын иши болчу. Ал жактан текшеришти да. Бирок ал кезде Акаевдин үй-бүлөсү маселени чечип, анын шайлоого барышына жол ачып берген. Менин эсимде ал Орусиядагы “Зил” заводуна караштуу квартирадагы каттоосу да берилген болчу. Негизинен ал ошол учурда анда орус жарандыгы бар экендиги боюнча маалыматты расмий четке каккан эмес.

Кадыржан Батыровдун соту, 31-январь, 2012-жыл
Кадыржан Батыровдун соту, 31-январь, 2012-жыл
Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясын уюштургандардын бири катары айыпталып, Сузак райондук жана Жалал-Абад облустук соттору аны өмүр бою эркинен ажыратууга сыртынан өкүм чыгарган. Учурда анын мүлктөрүн мамлекетке өткөрүү боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев Батыровдун Кыргызстандагы мүлктөрүн мамлекетке алуу боюнча өзүнчө сот болоорун белгиледи:

- Сот аткаруучулар бардыгын текшерип чыгышып, мына ошол Батыровдун мүлкү боюнча материалдар сотко берилди. Соттун чечими чыкса, анын мына ошол жыйырмага чукул мүлкү мамлекеттин карамагына өтөт. Анын эмнеси бар, кимге жазылгандыгына чейин тактап, иликтеп бүтүштү.

Бирок Кадыржан Батыров мүлктөрүн башка бирөөлөрдүн атына каттаткандыктан укуктук жактан чыныгы кожоюнду аныктоо маселесин сот гана чече алат.

Батыров менен Шариповду байланыштырган эмне?

Кадыржан Батыров мүлкүн талатып жибербеш үчүн анын жарымын космонавт Салижан Шариповго өткөргөнүн өзү ачыкка чыгарган болчу. Бирок Шарипов Батыровдун аялына жазылган мүлктөрдү биржа аркылуу сатып алганын айтып жүрөт. Документтерге караганда алды-сатты 2010-жылы 15-июнунда Ош менен Жалал-Абаддагы каргашалуу окуядан кийин Батыровго иш козголоордон бир күн мурун ишке ашкан.
Ал кезде Акаевдин үй-бүлөсү маселени чечип, анын шайлоого барышына жол ачып берген.

Кыргызстандык чекист Талант Раззаков Шарипов менен Батыровду байланыштырган башка да жагдайлар бар экендигине токтолду:

- Булардын мурдатан эле сүйлөшүп алышканы көрүнүп турат. Мына ошол окуядан кийин чет өлкөдөн чагымчыл мүнөздөгү “Чөөлөрдүн мөртү” деген аталыштагы эки бөлүктөн турган китепти чыгаруу иштерине Салижан Шариповдун көмөктөшкөндүгү боюнча да маалыматтар бар.

Ошол эле кезде талдоочулар июнь калабасын уюштурууга катышы бар деп шектелген Кадыржан Батыров баштаган топ кайсы бир чет өлкөлүк атайын кызматка иштеген деген жүйөнү келтиришти.

Ошто улут аралык жаңжал чыгарып, чагым уюштурууда сырткы күчтөрдүн таасири болгондугун Өзбекстандын президенти Ислам Каримов да белгилеген болчу.
XS
SM
MD
LG