Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Июнь окуясынан чет элдик атайын кызматтын изи чыкты


Оштогу коогалуу күндөр. 2010-жылдын 13-июну.
Оштогу коогалуу күндөр. 2010-жылдын 13-июну.

УКМК төрагасы Шамил Атаханов парламентте июнь окуясына чет элдик атайын кызматтын катышы болгонун тастыктаган далилдер бар экенин билдирди.

Бирок ал кайсы мамлекеттин атайын кызматы экенин жана ага кандай далилдер бардыгын сыр катары жашырып койду. Анткен менен мына ошол кездеги айрым жергиликтүү бийликтин башчылары аларга чет элдик өкүлчүлүк тарабынан референдумду үзгүлтүккө учуратуу жана президенттик башкарууну калыбына келтирүү сыяктуу талаптар менен кошо Кыргызстанды бөлүп-жарууга жасалган аракеттер болгонун айтып чыгышкан болчу.

Аты аталбаган атайын кызмат

Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Эристина Кочкарова жакында парламентке 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү этникалык кагылышка чет элдик атайын кызматтын тиешеси бар экени боюнча президентттин атынан кошумча маалымат келип түшкөнүн белгиледи. Мындан улам, ал ага негиз бере бере турган кандай далилдер бар экенине кызыкты.

УКМК башчысы Шамил Атаханов ал маалыматты кыскача тастыктоо менен гана чектелди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат борборунун жетекчиси Нурлан Токталиев июнь коогасын кайсыл чет элдик атайын кызмат уюштурганын ачык айтууга убакыт бар экенин белгиледи:

- Атайын кызматтын өзгөчө ыкмалары бар. Ошондуктан көп нерселерди кандайдыр бир далилдер болгон учурда да ачыкка чыгара албайбыз. Мунун бардыгы жанагы ыкчам маалыматтардын негизинде табылган далилдер. Мындай-андай экен деп ал далилдер туурасында азыр коомчулукка ачык айтууга болбойт.

Кыргызстанды бөлүп-жаруу планы беле?

Мага алар Убактылуу өкмөттү колдоодон баш тарт деген маселени койушкан. Алар конституциялык реформаны башка нукка бурабыз, референдумду үзгүлтүккө учуратып, президенттик башкарууну калыбына келтиребиз дешкен...
Бектур Асанов

Июнь окуясын уюштурууга чет элдик атайын кызматтын катышы болгонун буга чейин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов да өзүнүн “Мен билген чындык” деген китебинде баяндаган болчу. Анда ага өлкөнү бөлүп-жарууга барып, Түштүк Кыргызстан Демократиялык Республикасын жарыялоо маселеси сунушталгандыгын мисал келтирген эле. Мына ушундай эле мазмундагы сунуш ошол кездеги Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асановго да болгон. Бирок ал өзүнүн коопсуздугу үчүн ал тууралуу ачык айтууга даабай келген.

Бектур Асанов июнь окуясынын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссияга бул боюнча ачык айтканы менен анын берген маалыматтары корутундуга киргизилген эмес:

- Мага алар Убактылуу өкмөттү колдоодон баш тарт деген маселени койушкан. Алар конституциялык реформаны башка нукка бурабыз, референдумду үзгүлтүккө учуратып, президенттик башкарууну калыбына келтиребиз дешкен. “Биздин мамлекет 120 депутаттан турган парламент менен иштеше албайт. Президенттик башкаруу аркылуу биз ишенген адам бийликке келет” дешкен болчу. Бирок мен бул биздин тандообуз, ага силер кийлигишкенге акыңар жок деп каршы болгом. Эгерде мен ошондо макул болсом алар Ош, Баткен, анан Жалал-Абадды колго алып, анан жаңы бийликке мамлекетиңер бөлүнөт, болбосо айтканга көңгүлө деп талап коймок экен. Бул боюнча ким кантип келип, мага ушундай сунуштарды айтканын, алар кайсыл мамлекеттин өкүлдөрү экенин депутаттык комиссияга ачык айткамын. Бирок депутаттык комиссия менин айткандарымды корутундуга киргизбей коюшуптур. Мен Токон Мамытовго ошол адамдардын аты-жөндөрүнө чейин айткамын.

2010-жылы 7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт өлкө парламенттик башкарууга өтөөрүн жарыялаган. Орусиянын ошол кездеги президенти Дмитрий Медведев парламенттик башкаруу Кыргызстан үчүн катастрофа экендигин айтып, андай жолго барбоого үндөгөн болчу. Анан президент Медведев Кыргызстан боюнча атайын өкүл катары Владимир Рушайлону дайындаган. Бектур Асановго мына ошол атайын өкүлдүн атынан сунуштар болгону ачыкка чыгып отурат.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов Бектур Асанов айткан маалыматта конкреттүү фактылар жок болгондуктан аны документке киргизе албагандыгын белгиледи:

- Бектур Асанов мага Орусиядан келгендердин бири депутат экенин айтты. Экинчи адам - Рушайлонун жардамчысы, РФнын коргоо министрлигинин генералы деди. Бирок мына ошолор июнь окуясына түздөн-түз катышы болгон фактыларды айтып бериңиз десем Асанов андан баш тартты. Бул боюнча ал парламенттик угууда да эч кандай фактыларды мисал катары келтире алган жок. Анан азыр ал эмнени айткысы келип жатканына түшүнбөй калдым.

Генералдардын кызматтан четтешинин себеби эмнде?

Шамил Атаханов ошол маалыматты ачык эле жарыялап, кайсыл мамлекеттин атайын кызматы мына ошол канабайрамды уюштурганынын бетин ачыш керек болчу. Эмне себептен мына ошол маалыматтарды эки жылдан бери катып отурушкандыгына түшүнбөйм...
Азиза Абдрасулова

Орусиянын Владимир Рушайло жетектеген Кыргызстан боюнча атайын өкүлчүлүк кызматы кандай максатта түзүлгөнү азыркыга чейин белгисиз. Рушайло 2012-жылы гана аталган кызматтан четтетилди. Федералдык коопсуздук кызматынын төрага орун басары, айрым булактарда Кыргызстан боюнча куратор катары аталып жүргөн Вячеслав Ушаков да 2011-жылы кызматынан гана четтетилбестен, аскер кызматы менен түбөлүккө кош айтышты. Аталган аскер адамдары 2010-жылдагы
“июнь операциясын” аягына чейин жүзөгө ашыра албай калганы үчүн кетирилдиби, же башка дагы себептери барбы азырынча белгисиз.

Бирок укук коргоочу Азиза Абдрасулова Кыргызстандын саясий жетекчилиги июнь окуясынын артында ким турганын өз учурунда ачык эле жарыяласа болмок деген пикирде:

- Шамил Атаханов ошол маалыматты ачык эле жарыялап, кайсыл мамлекеттин атайын кызматы мына ошол канабайрамды уюштурганынын бетин ачыш керек болчу. Эмне себептен мына ошол маалыматтарды эки жылдан бери катып отурушкандыгына түшүнбөйм. Эгерде мына ошондой чыккынчылык сунуштар болгону чын болсо эмнеге аларды биздин атайын кызматтар учурунда кармап, камакка алышкан эмес деген суроо туулат. Анан от чыгып, эки эл кызыл жаян болгондон кийин эми гана ошондой болду эле дегендин азыр кимге кереги бар.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев “Эхо Москвы” радиосуна берген маегинде айрым бир орусиялык генералдар Кыргызстандагы туруксуздукка кызыкдар болуп жаткандыгын айткан болчу. Ал гана эмес Кыргызстандагы өткөн эки шайлоодо тең кайсы бир күчтөрдү каржылап, өлкөнүн ички иштерине кийлигишкендигин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG