Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Июнь коогасынын сабактары


Оштогу кара түтүн каптаган күндөр, 2010-жылдын 12-июну.
Оштогу кара түтүн каптаган күндөр, 2010-жылдын 12-июну.

Бир жыл толгон былтыркы улут аралык жаңжалдын кайталанбашы Кыргызстандын бийлиги, ириде түштүктө ирегелеш жашаган эки эл ал трагедиялык окуядан туура жыйынтык чыгарар-чыгарбашына көз каранды. Акыркы жыйырма жылда эки ирет кайталанган калабанын Кыргызстан үчүн башкы сабактары кайсылар?

Былтыркы жаңжал боюнча баяндамалары жарыяланган улуттук, парламенттик жана эл аралык комиссиялардын тыянактары бири-биринен айрымаланганы менен алар бир маселеде мунаса табышты. Ал - Кыргызстандын түштүгүндө акыркы жыйырма жылда улут аралык кагылыштын эки ирет кайталанышынын бир эмес, бир нече себептери, атүгүл тарыхый тамыры да бардыгы.

1990 жана 2010-жылкы жаңжалдардын тутанып кетишине түрткү берген окуялар, конкреттүү каармандары эки башка, бирок алардын тарыхый тамыры жана түпкү себептери, айрым фактылары окшош. Эки жаңжал тең Кыргызстанда борбордук бийлик алсырап, саясий элита ич ара бийлик талашып турган учурда болду. Улуттук комиссия жаңжалдын түпкү себептеринин бири катары туура улуттук саясат жүргүзүлбөгөнү, саясат жүрсө да ал декларация форматында гана болуп, практикалык иш чаралар менен коштолбогондугун атаган. Мамлекет иш жүзүндө этникалык саясаттан четтеп кеткенин жана өткөн жылдары этносаясий интеграциянын эффективдүү моделдерин же үлгүрлөрүн сунуш кыла албагандыгын баяндамасы кыргыз коомчулугунда карама-каршылык менен кабыл алынган эл аралык комиссия да белгиледи.

Саясаттын ролун туура түшүнүү жана улут аралык мамиле менен ойнобоо

Өткөн жылдардын тажрыйбасы көргөзгөндөй, Жогорку Кеңешке өзбек жамаатынан шайланган, айрымдары буга расмий Бишкектин колдоосу балким соодалашуу менен жетишкен, депутаттары коомдук аң сезимде бул улуттук азчылыктын саясий жана башка кызыкчылыктарынын негизги коргоочусу катары каралып келди. Ошол эле учурда Бишкектеги борбордук бийликтин, асыресесе мурдагы эки президенттин дарегине алар өзбек жамаатынын азыр “жикчил катары” күнөөлөнүп жаткан мурдагы депутат лидерлерин саясий кызыкчылыкта, анын ичинде шайлоо өнөктүктөрү учурунда жамааттын добуштарын алуу үчүн пайдаланган деген да айыптоолор жок эмес.
Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 11-июну.


Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Социалдык изилдөөлөр борборунун директору, 1990-жылкы Ош окуяларын иликтеген жана улут аралык мамилелер боюнча адис Нурбек Өмүралиев былтыркы окуялардан Кыргызстан саясатта чыгаруу керек болгон сабак катары төмөнкү учурду белгилейт:

- Башкы сабак катары мен биз баарыбыз саясаттын коомдогу жана ар бир элдин турмушундагы ролу жөнүндө ойлонуубуз керектигин атайт элем. Маселе эмнеде? Кыргыз этносунун турмушу саясатка жык толгондуктан, кыргыздар ар кандай экендигине баары көнүп бүткөн. Бири социал-демократ, экинчиси - "арнамысчы", үчүнчүсү - "атамекенчи". Бирок тилекке каршы Кыргызстандагы башка этностор арасында да түрдүү көз-караштар бар деген ойго эч ким көнгөн эмес. Андыктан тигил же бул этнос саясий күрөштүн жолуна түшкөндө биздин коомдук аң сезимде ал бирдиктүү монолит катары кабыл алынат. Мындан улам тигил же бул этнос саясий көз караштарын жактабастан, топтолуп алып өзүнүн этникалык жана улуттук кызыкчылыктарын көздөп кетет деген кооптонуу бар.

Жогорудагы ой-пикирден улам өзүң өкүлү болгон улуттун кызыкчылыгын коргоонун эмнеси жаман деген суроо жаралбай койбойт. Бирок укук коргоочу Азиза Абдырасулова Кыргызстанда калктын уюткусун түзгөн кыргыздар же азчылыкты түзгөн өзбектер болобу, алардын арасынан чыккан саясий лидерлердин улут маселеси менен ойнообосу былтыркы окуядан алуучу башкы сабак экендигин белгилейт:

- Ош окуясы өтө чоң трагедия болгондуктан, андан бир нече сабактарды алышыбыз керек. Анын эң башкысы саясий сабак. Саясатчылар, мамлекеттик жооптуу кызматта тургандар эч убакта улут аралык мамиле менен ойнобошу керек. Мен буга мисал катары 14-15-майда Жалал-Абадда болгон окуяны айтып кетким келет. Ошондо облустук акимчиликтин имаратын бошотууга (бакиевчилерден) Кадыржан Батыров баштаган өзбек улутундагылардын “Родина” партиясын жана өзбек улутундагыларды катыштуруунун канчалык кажети бар эле?


Саясий плюрализмди башка этностор арасына жайылтуу

Кыргызстан азыркы жаңы саясий системанын шарттарында жашап жатат. Көпчүлүктөн болобу, улуттук азчылыктан болобу саясий майданга чыгууну каалагандарга алдыда ошол жаңы системанын эрежелерин карманууга туура келет. Башкача айтканда бир улутка негизденген саясий партия курууга болбойт, парламентке киргиси келген саясий партиянын талапкерлери арасында азчылыктын өкүлдөрү болушу абзел.

Улуттук илимдер академиянын Социалдык изилдөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, былтыркы окуянын дагы бир сабагы саясатка келгенде, плюрализмдин маселен өзбек жамааты арасына сиңишине да шарт түзүү. Бул өз кезегинде саясий сереге ал чөйрөдөн конструктивдүү лидерлердин чыгышын шарттайт:

- Түрдүү этностордун турмушуна сиңүүчү саясий плюрализм биздин сактоочубуз болот. Ошондо баары кыргыздар эле ар кандай эместигин, жакшы-жаман адамдар кыргыздардын арасында эле эмес, өзбек, орус этносу арасында да бардыгын түшүнө баштайт. Качан биз өзбек жамаатынын өкүлдөрү да өз ичинде бири-бирин сындоосуна жетишкенибизде, биз да алардын арасында жакшы да , жаман да адамдар бардыгын биле баштайбыз. Ал эми азыр кырдаал мындай болуп жатбайбы? Кыргыздар өз этносу ичиндеги саясий элитанын дурус-буруш жактарын анализдөөдө. Өзбектер менен орустар болсо анализдей албай жатышат. Андыктан саясий жараян тигил же бул этникалык лидер ким экендигин өздөрү аңдап-биле алгыдай багытта кетүүсү керек. Муну ички саясий дискуссия аркылуу гана көргөзүү мүмкүн. Андыктан орус же өзбек этносунун өкүлдөрү бири-бирин сындаганда, алар жакшы же жаман адам экендиги билине баштайт. Ошондо аларга адамдар кандайдыр бир бирдиктүү этнос эмес, инсан катары мамиле жасоого өтүшөт.


Борбор Азияда ар ким өз арбайын согуп калганы

Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү көп улуттуу жана көпчүлүк менен азчылыктардын ортосунда бири - экинчисине нааразы болгон жагдайлар жок эмес. Борбор Азиянын чен-өлчөмүнөн алганда, талдоочулар аймактык интеграция чөлкөмдү көп көйгөйлөрдөн, анын ичинде улут аралык мамиледеги чыңалуудан сактоочу фактор деп эсептешет.

Казакстандык окумуштуу, илим доктору, постсоветтик өлкөлөрдөгү улут аралык мамилелер боюнча эксперт Гүльнар Мендыкулова “Азаттыкка” буларды айтты:

- Эгер бир нече жыл мурда Борбор Азия союзун түзүшкөндө, менимче, биз июндагы былтыркы көйгөйлөргө балким кабылмак эмеспиз. Албетте улут аралык жаңжал аймактын дезинтеграциясына жардам берет. Кимдир бирөөгө биз өзүбүздүн аймакта бири-бирибизден ажырап турганыбыз пайдалуу. Мен муну чоң саясий ката деп эсептеймин. Биз интеграциялык жараяндарды тезинен калыбына келтирүүбүз абзел. Акыр аягында тарыхый, маданий тамырыбыз бир экендигин эстешибиз керек. Бул баарыбыз үчүн сабак. Анткени июнь окуялары тарыхый тамыры бар чоң проблеманы ачыкка чыгарды. Ондогон жылдардан бери келе жаткан бул проблемалар тилекке каршы бүгүнкү кырдаалга, аймактык жана эл аралык коопсуздукка да таасир берүүдө.

Кыргызстандагы былтыркы трагедиядан Борбор Азия өлкөлөрү алуучу сабак аймактык интеграцияны алга жылдыруу экендигин өзбекстандык саяат тануучу Фархат Толибов да айтат:

- Бул Борбор Азияда аймактык биригүү, аймактык интеграция жараяны жайлап калгандыгы. Интеграция жайлап, атүгүл токтоп калгандыктан Борбор Азиянын ар бир республикасы иш жүзүндө өзүнүн мамлекеттүүлүгүн, мамлекеттик институттарын куруу менен алек. Аймактык долбоорлор, аймактык биригүү, аймактык интеграция жок. Менимче, бул дагы баарыбыз үчүн сабак жана көйгөй.

Фархад Толибов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде былтыркы окуялар кыргыз-өзбек калктарынын эле эмес, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесин да сыноодон өткөргөнүн белгиледи.

Ички интеграциянын зарылдыгы

Ташкенттик саясат таануучу Фархат Толибов белгилеген аймактык интеграциянын алга жылыш-жылбасы бир эмес, бир нече өлкөгө көз каранды. Ал эми ички саясат улуттуку болобу, же башкасы болобу ар бир өлкөнүн өзүнө байланыштуу.

Улуттук илимдер академиясынын Социалдык изилдөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев былтыркы окуялардан кийин кыргыз бийлиги ички саясатта ойлонуп көрүүсү керек болгон дагы бир маселе катары төмөнкүнү атайт:

- Маселен, Акаев учурунда, Бакиев учурунда да административдик жана каржылык ресурстар борбордо жыйналган бийлик вертикалы түзүлгөн. Андыктан борбордон ошол ресурстарды буруу үчүн, мисалы өзбек мектебинин курулушуна, тигил же бул этностун өкүлү керек болгон. Эгер Жалал-Абадагы өзбек улуттук маданий борборунун 2005-2006 –жылдагы жакшы белгилүү талаптарын алсак, ал жерде 15тей талап бар эле. Ошолордун ичинен экөөсү өзбек тилине макам берүү жана кадрдык өкүлчүлүктү кеңейтүү талабы кыргыз коомчулугунда катуу кыжырданууну жараткан. Эгер биз эки деңгээлдүү бюджетке өтсөк, бийликтин жергиликтүү органдарында акча болот. Ошондо алар өзбек улуттук маданий борборунун биз эскерген кайрылуусунда айтылгандардын көпчүлүгүн жергиликтүү деңгээлде өздөрү жашап жаткан адамдар менен чогуу чече алмак. Ошондо биз улут аралык мамиленин деңгээлине чыгып кетип жаткан талаштарды социалдык проблемаларды чечүүнүн алкагындагы талаштарга бурмакпыз. Анда бизге мына өзбек тилдүү мектеп куруп бергиле деп айтышпайт. Калк мектеп кийинки жылы болот, быйыл башка маселени чечели деген демилге көтөрүлүп чыгышы мүмкүн. Жергиликтүү бийлик органдарынын өз алдынчалыгын көтөрүү аркылуу жер-жерлердеги улут аралык көйгөлөрдү чечүүнү жергиликтүү коомдоштуктардын өзүнө берүү менен чыңалууну төмөндөтүп, ага катар биздин элдердин интеграциясына, эмгек интеграциясына көмөктөшүүгө болот.
Июнь коогасынын бир жылдыгына карата ачылган "Эненин көз жашы" эстелиги. Ош, 2011-жылдын 10-июну.

Улуттук илимдер акдемиянын социалдык изилдөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде ички интеграцияны алга жылдыруу үчүн ар кандай деңгээлдеги бийликке өзбек азчылыгын өкүлдөрүн да көбүрөөк тартуу зарылдыгын кошумчалады.

Ош шаарынын тургуну, укук коргоочу жана адвокат Идирисбек Кубатбековдун пикиринде, бир жылдан кийин былтыркы жаңжалдан жаатташкан эки эл алуучу эң башкы сабак - алар баары бир эриш-аркак жашоого аргасыз экендиги:

- Окуя болду, болуп өттү. Андыктан эң чоң сабак окуя болгондон кийин деле чатакташууга барган кыргыз жана өзбек улуту бирге жашоону улантып жатканы. Демек мен ойлойм, кыргызы болобу же өзбеги болобу чогуу жашоо улантылып жатканынан чоң сабак алышыбыз керек.

Улут аралык жаңжалдын бир жылдыгын утурлай жергиликтүү жана эл аралык комиссиялардын, адам укугун коргоочу уюмдардыкын кошкондо онго жакын баяндама жарыяланды. Ал иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, былтыркыдай жаңжал кайталанбашы үчүн кыргыз бийлиги менен өкмөтүнүн дарегине ондогон сунуштар берилди. Алардын канчасын бийлик жана коомчулук кабыл алат муну убакыт көргөзмөкчү. Бирок калаба кайталанбасын десе жаңжалдын башкы сабактары менен коомчулук же бийлик ага макул же макул эместигине карабай, эсептешүүгө туура келет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG