Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Миңкушта кайрадан жер көчүшү мүмкүн


ӨКМ маалымат кызматынын сүрөтү
ӨКМ маалымат кызматынын сүрөтү

30-мартта Нарын облусунун Жумгал районундагы жер көчкүдөн азыр 4 айыл электр жарыксыз, дагы 3 айыл убактылуу берилген жарык менен отурат.

Адистер 875 миң метр куб көлөмдөгү көчкүнүн жака белинде 4-4,5 миллион метр куб жер дагы жылышы мүмкүн деген чечимге келишти. Көчкөн жер уран калдыктары көмүлгөн жерден 2 чакырымдай алыс болгондуктан азырынча коркунуч жок.

Нарындын Миңкуш шаарчасына жакын аймактагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

30-март күнү түнкү саат экилер чамасында бул жерде көлөмү 875 миң метр куб болгон жер көчкөн. Тилекке жараша ал жерде калктуу конуштар жок. Көчкү электр зымдарын басып калып, андан бери Жумгал районунун 7 айылы электр жарыгы жок отурган. Кечээтен тарта 3 айылга башка зымдан убактылуу жарык берилди.

Миңкуш шаарчасынын тургуну Касымалы Жусупбеков эл суукта жарыксыз кыйналып жатканын айтты:

- Эки заводдун имараты тосуп калбаганда көчкү жолду торомок. Айрым айылдарга кеткен жол ошол жерден өтөт. Кечээ кар жааган. Азыр суук. Элдин негизги көйгөйү – электр жарыгы. 4 миңдей калкка бир электр зымы тартылды.

Жогорку чыңалуудагы 110 киловольттук зымдын 3 чакырымы үзүлүп, 3 чоң мамы кулап калган. 10 киловольттук зымдын 4,5 чакырымы жабыркап, 15 мамы жыгылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алардын чыгымы 2 миллион сомдон ашат.

Улуттук электр станциялар тармагынын башкы директору Медетбек Айткуловдун айтымында, жогорку чыңалуудагы зым жараксыз болуп калган.

- Азыр үч айылга берилген электр жарыгы деле туруктуу система эмес. Башка 6 киловольттук зымдан тартып келдик. Ал эми жогорку чыңалуудагы зымды кайра колдонууга болбойт. Эки күндөн бери аны кайра ким тартат, ишке ким катышат, мамыларды кайдан алабыз деген суроолорго жооп издеп жаттык. Бүгүндөн тарта жаңы зымды тартуу иши башталат.

Электр зымдары жана мамыларды калыбына келтирүү иштери дээрлик бир айга созулушу мүмкүн. Ал арада кырсык болгон жерде радиация жокпу деген негизги суроо туулду. Тоонун жарымы көчүп, жар болуп ачылып калган. Көчкөн жердин айланасында дагы 4-4,5 миллион метр куб жер жылышы мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкарма башчысынын милдетин аткаруучу Токтобек Шонкоев радиация тууралуу буларды айтты:

- Көчкү болгон жерде калдык көмүлгөн эмес. Урандын калдыгы көмүлгөн Туюк-Суу менен көчкөн жердин аралыгы 2 чакырым. Көчкүнүн айланасы дагы көчөт деген бүтүм чыгардык. Бирок ал жерде адам жашабайт. Эгер көчсө, азыркы көчкү такалып калган кароосуз эки имаратты басып калат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн элге электр жарыгын иштеп чыккан генераторлорду, күйүүчү май, кабаттуу үйлөргө отун жана башка каражаттарды бөлүштүрүп жатат.

Электр жарыгысыз калган айылдарда азырынча ооруканалар иштеп жатат, бала бакчалар жабылды. Миңкуш шаарчасынын тегерегинде жер көчкү коркунучу бар деп эсептелген 17 тилке бар. Азыркы окуя болгон жердин алдынан шахта өткөндүктөн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Миңкуштун тегерегинде Советтер союзу маалында уран кени казылып, кийин анын калдыктары көмүлгөн. Эгер уран калдыктары көчүп сууга кошулса, анда бүтүндөй регионду ууландыруу коркунучу болоорун эл аралык адистер айтып келишет.

Сүрөттөр ӨКМ маалымат кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG